Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:18

Кайрат Примбердиев “Голос” долбоорунун жарым финалына өттү


Кыргызстандык аткаруучу Кайрат Примбердиев чейрек финалда түз эфирдеги таймаштан утуп чыгып, жарым финалга чыкты. Ал Орусиянын шоу-дүйнөсүнүн жылдызы жана калыстар тобунун мүчөсү Дмитрий Биландын командасында ырдады. Көрүүчүлөрдүн баасы жана устатынын чечими менен Кайрат Примбердиев таймашта жогорку баага татып, жарым долбоорго өттү.

Чейрек финалда Кайрат Примбердиев советтик белгилүү кинотасмадан алынган “Мен ясенден сурадым” деген ырды аткарды. Ырдын сөзүн Владимир Киршон, ал эми обонун Микаэл Таривердиев жазган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG