Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:26

Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев Акмат Бакиевдин качышы тууралуу суроолорго жооп берди.

“Азаттык”: Мурунку президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Акмат Бакиевдин качып кеткени коомчулукка жарыяланып кеткенден кийин Жаза аткаруу кызматы анын 3-марттан бери дайынсыз болуп жатканын тастыктады. Сиздерге Акмат Бакиевдин качып кеткени тууралуу маалымат качан келди? Анын качып кетишин эмне менен түшүндүрсө болот? Анткени айрымдар качып кетүү ага пайдалуу эмес болчу, ансыз деле жакында акталмак деп атышат.

Мелис Турганбаев: Мен бир жумадан бери Ошто иш сапар менен жүрүп, кечинде эле келдим. Бул боюнча так деле маалыматым жок. Бирок кечээ кечинде ИИМдин уюшма кылмыштуулукка каршы күрөш башкы башкармалыгынын жетекчиси алгачкы маалымат берди.

Бул жерден эми өзүңүздөр билесиздер, биз кармай беребиз, кээ бирлер качырып коё берет. Балким соттордонбу, же болбосо тергөө маалындабы, анча-мынча жакшы каралбай калган жерлерине байланыштуу кылмыш жазасын азыраак алганы, ооруканага жатканы да мен үчүн таң калычтуу болуп жатат.

“Азаттык”: Сиз буга чейин берген маектериңизде "Бакиевдерди кармап жоопко тартабыз, аз эле калды", деп убада берип келгенсиз. Азыр бул иштер кандай жүрүп жатат?

Мелис Турганбаев: Жогоруда айткандай, аракет кылып күнү-түнү жүрүп кармаганга аракет кылып жатабыз. Ошол эле учурда коё берилип, же ар кандай себептер менен чыгарып жиберген учурлар болуп жатат. Акмат Бакиевдин качып кеткенин бүгүн териштирип, аныктайбыз, толук маалымат алабыз.

“Азаттык”: Бакиевдерди кармоо үчүн чоң күч, каражат керек деген элеңиз. Сиздерде азыр каражат, күч барбы?

Мелис Турганбаев: Бүгүнкү күндө каражат анча деле көп эмес. Күч болсо бар. Бирок эл аралык келишимдер бар. Ошонун негизинде бул процесстердин баары көпкө созулуп кетип жатат. Мына Белоруска биз канча жолу Башкы прокуратура аркылуу жолдомо жөнөттүк. УКМК, ИИМ жана Интерпол аркылуу Жаныш Бакиевдин издөөдө жүргөндүгү тууралуу документтерди жөнөткөнбүз. Тилекке каршы бүгүнкү күндө эч жактан бир да анык жооп алалган жокпуз.

“Азаттык”: “Бакиевдерди коргоп-колдогондор Ак үйдө деле отурат. Аларга маалымат ташыгандар атайын кызматта, тартип коргоо органдарында бар”, деп айтылып келет. Ушундай маалыматтарды тастыктай алдыңыздарбы?

Мелис Турганбаев: Эми колунан кармап албагандан кийин мойнуна коё албайсың. Биздин арабызда да, дагы башка түзүмдөрдө да андайлар бар. Алар дагы эле Бакиевдер менен байланышып, ар кандай маалыматтарды берип турат.

“Азаттык”: Президент Алмазбек Атамбаев бир канча жолу “акаевчи, бакиевчи деп бөлүнбөй, кечиримдүү болуш керек”, деп айтып келет. Азыркы бийликтегилер үчүн Бакиевдерди кармоо дагы эле приоритеттүү болуп турабы?

Мелис Турганбаев: Бакиевдердин кылмыштуу тобу деп айтсам болот, мына ошолорду эч качан саясатка араштырбаш керек. Бирок кээде көп эле кылмыштарды саясатташтырып жиберип жатышат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG