Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:10

Жогорку Кеңештин жыйынында айрым адамдар кандайдыр бир айла-амал менен мурдагы кылмыш ишин жаап, "соттолгон эмес" деген маалымдама алганы айтылды.

Жогорку Кеңеште 14-мартта коалициялык көпчүлүктүн жыйынында айрым аткаминерлер коррупциялык айла-амал менен мурдагы кылмыш ишин жазгырып, "соттолгон эмес" деген маалымдама алган, жооптуу кызматтарга дайындалган учурлар бар экени айтылды.

Ал арада депутат Дастан Бекешев соттолгону тууралуу маалымат талап кылууну жоюу боюнча мыйзам долбоор даярдады.

Коалициялык көпчүлүктүн жыйынында парламенттеги “Кыргызстан” фракциясынын төрагасы Канат Исаев соттолгону тууралуу маалыматты Ички иштер министрлигиндеги электрондук каттоодон оңой эле өчүртүп койсо болорун айтып чыкты:

- Ички иштер министрлигинен соттолгон адамдар соттолгон эмес деген маалымдамаларды алып жатат. Бул мамлекеттин коопсуздугуна түздөн-түз тиешелүү маселе. Анткени соттолгон, кылмыштуу топко тиешелүү адамдар мамлекеттик башкаруу органдарына, жетекчилик кызматтарга барган учурлар бар. Жакында эле акимдерге байланыштуу маселе чыкты. Бирок жалган маалымдама бергени үчүн бир дагы адам жоопко тартылган жок. Ачык айтканда, бул 300-400 доллар менен эле чечиле турган маселе болуп калган. Анча-мынча акча берип соттолгону тууралуу маалыматты компьютерден өчүртүп коёт экен.

Cоттолгон, кылмыштуу топко тиешелүү адамдар мамлекеттик башкаруу органдарына, жетекчилик кызматтарга барган учурлар бар.

Буга чейин Жогорку Кеңеште Ысык-Көлдүн Тоң районун эки жолу соттолгон адам башкарып жатканы тууралуу маселе көтөрүлгөн. Өткөн айда Кочкор районунун акими ага чейин эки жолу соттолгонуна байланыштуу Башкы прокуратуранын сунушу менен иштен алынган.

Парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн жыйынында өкмөт башчы Темир Сариев кайсы бир аткаминердин соттолгонун жаап-жашырган учурлар аныкталса, чара көрүлөрүн эскертти:

- Сизде конкреттүү факт болсо берип койсоңуз, биз териштирип, чара көрүп туруп сизге жообун берели. Мындай болбошу керек. Анткени коопсуздук эң негизги маселелердин бири.

Ички иштер министри Мелис Турганбаев мындай фактылар болгонун моюнуна алды жана жыл этегине чейин жөнгө салууну убада кылды:

- Ошондой иштерге жол бергендердин баары пенсияга чыгып кетишиптир. Мурда ошондой экен. Биз баарын компьютерге киргизип, баарын ордуна коюп койдук. Эгер азыр кимдир бирөөнү текшерсек, ал мурда соттолгон болсо анда ошентип эле чыгат. Баары архивде турат. Мындай маалымат жоголбойт. Ошонун баарын биз компьютерге киргизип, жыл аягына чейин бүтүрөбүз. Соттолгону жок деген жалган маалымдама менен иштеп жүргөн милициянын кызматкерлерин да аныктап жатабыз. Биз ошонун баарын орду-ордуна коюп жатабыз.

Ал арада депутат Дастан Бекешев соттолуп-соттолбогону тууралуу маалымдама талап кылууну токтотуу тууралуу мыйзам долбоорун даярдады. Документте мындай маалыматты чогултуу ошондой маалымат керек болгон тарапка жүктөлгөн. Андан сырткары депутат мурда-кийин кылмыш жообуна тартылгандар тууралуу маалымат жарыяланган сайт болушу керек деп эсептейт:

- Бир эле маалымдаманы алыш үчүн көп убакыт, акча коротулат. Мисалы, Баткенде жашаган жаранга ошондой маалымдама керек болсо ал Бишкекке келип, кезекке туруп алып кетиш керек. Биз болсо ошондой маалымдама талап кылган тарап, иш берүүчү, мамлекеттик органдар ИИМден өздөрү сурап алсын деп, ошолорду милдеттендирип жатабыз. Ар бир жарандын бир кагаз үчүн чуркап жүргөнү туура эмес. Андан сырткары биз интернетте ачык база түзүлсүн, ал жерде буга чейин соттолгондор тууралуу маалымат болсун, каалагандар өздөрүн ошол жерден текшерип алсын деп жатабыз.

Соттолуп-соттолбогону тууралуу маалымдаманы Ички иштер министрлиги жаран кайрылгандан кийин 10 күндүн ичинде бекер даярдап берет. Эгер чукул керек болсо акча алат, мисалы документ бир күндүн ичинде даярдалса 220 сом, ал эми үч күн кетсе 170 сом алат. Былтыр Ички иштер министрлиги ушундай кызмат көрсөтүүдөн 10 миллион сом тапкан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG