Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Сатыбалдиев: Ак үйдөн да, сырттан да ок атылган


Мурдагы баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев. 18-ноябрь, 2009-жыл.
Мурдагы баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев. 18-ноябрь, 2009-жыл.

2010-жылдын 7-апрелине чейин мурдагы президент Курманбек Бакиевдин укук жана тартип боюнча кеңешчиси, экс-баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев “Азаттыкка” маек курду. Сатыбалдиев Апрель окуясы боюнча айыпталып жаткандардын бири.

“Азаттык”: 2010-жылдагы Апрель окуясына төрт жыл толду. Ага чыныгы бааны тарых берер. Ошентсе да сиз бүгүн ал окуяларга кандай баа берип жатасыз?

Сатыбалдиев: Чындыгында, 7-апрель окуяларына бааны чындык жана тарых гана бере алат. Мына бүгүнкү күндө төрт жыл болду. Аларды эстебей, унутуп койдум десем да туура эмес болор. Мен ушул төрт жыл ичинде алты ай тергөөдө жүрсөм, үч жарым жылдан бери сот жүрүп жатат. Азыр сотто жарыш сөзгө келип калдык. Мамлекеттик айыптоочулар өз сөзүн айтты. Эми жабырлануучулар сүйлөйт, андан кийин биздин жактоочулар жана биз акыркы сөзүбүздү сүйлөйбүз. Ошону менен сот бир чечимге келет деп ойлойм.

“Азаттык”: Бакиевдин учурунда сиз бир катар жогорку саясий кызматтарда иштегенсиз. Башкы прокурор, Апрель окуясы орун алган кезде кеңешчи болуп тургансыз. Бир канча эр-азамат каза тапкан окуя боюнча сиз жеке өзүңүздү канчалык күнөөкөрмүн деп эсептейсиз?
Мен өзүмдүн бул окуялар үчүн моралдык жоопкерчилигимди сезем. 7-апрель окуясы үчүн гана эмес, 2005-жылдан 2010-жылга чейин кандай окуялар болсо, анын баарында моралдык күнөөм бар.
Сатыбалдиев: Мени күнөөлүү деп айткандардын өздүгүнө шек келтирип, алар туура эмес ойдо деп эч качан айтпайм. Себеби, 2009-жылдын ноябрь айына чейин башкы прокурор болуп иштедим. Андан кийин мамлекеттик башкарууда реформа жүрүп, мени кеңешчи кылып дайындашты. 7-апрель күнү эртеден кечке ушул окуяларга катышуучу болуп жүрдүм. Эмне болгонун, кантип эл келгенин, Ак үйдүн ичинде эмне болуп жатканын баарын өз көзүм менен көрдүм. Мен өзүмдүн бул окуялар үчүн моралдык жоопкерчилигимди сезем. 7-апрель окуясы үчүн гана эмес, 2005-жылдан 2010-жылга чейин кандай окуялар болсо, анын баарында моралдык күнөөм бар. Бирок юридикалык, укуктук жактан мен өзүмдү күнөөлүүмүн деп сезбейм. Ошондуктан сиздин жаныңызда отурам, ошондуктан өзүмдүн туулган мамлекетимде жашап жүрөм.

“Азаттык”: Апрель соту боюнча айтсак, өткөн жумада мамлекеттик айыптоо соттолуучуларга жаза мөөнөтүн сурады. Курманбек Бакиев, Данияр Үсөнов жана башкаларды өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратууну суранса, сиз жана башка бир катар адамдарды 10-15 жылдан түрмөгө кесүүнү сурап жатат. Ошол эле кезде “альфачы” жигиттерди актоону сурады. Мамлекеттик айыптоочу жаза мөөнөтүн сураганда соттолуучулардын күнөөсүнө канчалык туура баа берди?

Сатыбалдиев: Мамлекеттик айыптоочулар тергөөдө топтолгон кылмыш материалдарынан жогору чыга албайт. Алар тергөөдө топтолгон далилдерге таянып, анан өз сунушун айтат. Бул жердеги эң чоң жаңылыштык 7-апрелдин эртеси 8-апрелде “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, анан тергөөнү тез убакытта бүтүрүп коюшкан. Тергөө эң сабатсыз жана шашылыш бүткөн. Ошонун кесепети бүгүн байкалууда. Мамлекеттик айыптоочулар “Альфа” жана Мамлекеттик күзөт кызматынын “Арстан” бөлүмүнүн кызматкерлерин аргасыздан актоону сурашууда. Анткени алар кылмыш ишинде жок далилдерди эч качан айта алышпайт. Далилдер жетиштүү болуш үчүн тергөөнү шаштырбаш керек болчу. Ал эми мени болсо “Элмурза Ракиевичтин адам өлтүрүү боюнча күнөөсү жок, бул боюнча акталсын” дешти, бирок “кызмат абалынан кыянат пайдаланды” деп, кайра 10 жыл сурашты. Мен муну айласыздан болгон нерсе деп ойлойм. Себеби, “кызмат абалынан кыянат пайдалануу” деген беренеге менин кыймыл-аракетим жатпайт.
2005-жылдын 24-мартындагы революцияны да жактырган эмесмин, 2010-жылдын 7-апрелиндегини да жактырган эмесмин. Алдыда да революция кылабыз, ушул күнү болот дегенди да жактырган жокмун.
“Азаттык”: Бирок төрт жылдан бери коомчулукта кызыктырган, эл күтүп жаткан башкы суроо бар. "7-апрелде элди ким атты" деген. Сиздин пикириңизде, элге ким ок чыгарды?

Сатыбалдиев: Бир канча адамдын өмүрү кыйылып кетти. Ошого, албетте, бирөө жооп бериш керек. Биринчиден, алар, албетте өзүн өзү атып алган жок. Демек аларды бирөөлөр аткан. Тергөөнүн шашылыштыгы жана сабатсыздыгы ушул суроолорду жаратууда. Эгер ошол каргашалуу окуя 7-апрель болбосо, ал балдар бүгүн тирүү жүрмөк. Ошон үчүн мен моралдык жоопкерчилигимди сезем. Адамга берилген эң чоң укук - бул жашоо укугу. Аны эч ким алып коё албайт. Ошол күнү мен жумушта жүрдүм, терезеден баарын карап турдум. Ок Ак үйдөн да атылды, Ак үйдүн сыртынан да, Ак үйдүн жанындагы имараттардан да атылды. Бирок азыр сиз экөөбүз ким атканын айтып бере албайбыз да. Бул үчүн тергөө органдары бар. Төрт жыл сотко гана коюп койбой, тергөөдө ошолорду таап, далилдеш керек эле. Сот болгону тергөөдө топтолгон материалдарды карайт. Ошон үчүн ок кимдин мылтыгынан кандай атылганын билбей бүгүн судьянын башы катып отурат. Бирок бир нерсе белгилүү: алар өздөрүн өздөрү аткан жок. "Ким атты?" деген суроого тергөө органдары жооп бериши керек болчу.

“Азаттык”: Азыркы мезгилде Кыргызстанда дагы бир революцияны көксөп, тилегендер да жок эмес. Айрымдар өздөрүн үчүнчү ыңкылаптын “автору” катары да санап жүрүшөт. Буга көз карашыңыз кандай? Кыргызстанга дагы бир революция керекпи?

Сатыбалдиев: Мен 2005-жылдын 24-мартындагы революцияны да жактырган эмесмин, 2010-жылдын 7-апрелиндегини да жактырган эмесмин. Алдыда да революция кылабыз, ушул күнү болот дегенди да жактырган жокмун. Мен буга каршымын, анткени мен мамлекетчил инсанмын. Бардык жашоо-турмуш качандыр бир мыйзам жолуна түшүш керек.
XS
SM
MD
LG