Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:55

Кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу бүгүн Аксыда өткөн митингде оппозиция атайын резолюция кабыл алды.

Кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн талаш маселени чечүүгө, Өзбекстан менен сүйлөшүү жүргүзүүгө Шанхай кызматташтык уюму, Жамааттык келишим уюму сыяктуу бирикмелер да катышуусу зарыл жана буга Орусия президенти Владимир Путинди ортомчу болууга чакыруу керек. Бул тууралуу бүгүн Аксыда өткөн оппозициялык саясатчылар тобу уюштурган митингдин жыйынтыгында кабыл алынган резолюцияда айтылат.

Оппозиция ошондой эле чек арада түзүлгөн соңку абал үчүн өлкө жетекчилигин айыптап, муну "бийликтин шалаакылыгы, тышкы саясатты жүргүзө албаганы" деп атады.

Оппозиция чек арада түзүлгөн соңку абал үчүн өлкө жетекчилигин айыптап, муну "бийликтин шалаакылыгы, тышкы саясатты жүргүзө албаганы" деп атады. Бул тууралуу бүгүн Аксыда өткөн митингдин жыйынтыгында кабыл алынган резолюцияда айтылат.

Ошону менен катар анда эки өлкө байыртан ынтымакта жашап келгени, Өзбекстандын соңку кадамы бул мамилеге доо кетирип жатканы, өзбек аскерлери басып кирген жер советтик доордон бери Кыргызстанга таандык экени жана аны алдырууга жол берилбей турганы жазылган.

Бүгүн премьер-министр Темир Сариев да Аксыга барып, Кербен шаарчасында эл менен жолукту. Өкмөт башчынын маалымат катчысы Бакыт Асанов андан ары Темир Сариев Ала-Букага да барарын билдирди.

Темир Сариев Аксыда

Башкы чек арачы Раимберди Дүйшөнбиев чыңалууну жөнгө салуу үчүн эки тараптын маңдайлаш турган чек ара аскерлеринин саны кыскартылганын билдирди.

Чек араны оппозиция өз кызыкчылыгына пайдаланабы?

Кыргызстандын Аксы аймагындагы Өзбекстан менен чектешкен чек ара тилкесиндеги кырдаалга байланыштуу “Эл үнү” кыймылы оппозициянын курултайы кеңешме иретинде бүгүн, 22-мартта Кербен шаарынан башталарын жарыялады. Бул кыймылдын мүчөсү Руслан Бекназаров анда кырдаалдан чыгуунун чаралары талкууланарын айтты. Бул коомдук жыйынга саясий партиялардан жана коомдук уюмдардан алтымыштан ашуун өкүл чакырылганы айтылды.

Президенттик аппараттын маалымат саясат бөлүмү оппозициянын бул кадамын мамлекет кызыкчылыгына туура келбеген "саясий кызыл кулактык" катары мүнөздөдү.

Оппозициялык "Эл үнү" кыймылынын мүчөсү Руслан Бекназаров “Азаттыкка” билдиргендей, жыйын Кербен шаарынын борбордук аянтында бүгүн түштө баштоо пландалган. Анда кыргыз-өзбек чек арасындагы соңку кырдаалдан чыгуунун жолдору талкуулан. Жыйынга бийликтин, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрү чакырылганы айтылган.

- Бийликке көйгөйдү чечүү үчүн чогуу аракеттенүү сунушталып, ар кандай чагымдарга жол бербөө үчүн элге түшүндүрүү жүргүзүлөт,- деди Бекназаров.

Оппозиция жетекчилеринен иш-чарага Азимбек Бекназаров жана Камчыбек Ташиев катышары айтылган болчу.

Эки күн мурун райондук бийликке митинг тууралуу кабар берилген. Алар расмий уруксат бербегени менен жыйын уюштурула турганын кошумчалады Руслан Бекназаров.

Аксы. 22-март

“Ата-Журт” партиясынын төрагасы Камчыбек Ташиев бийликтин аракетсиздигин сындап, абалды жөндөө үчүн тарапташтары менен Аксыга жөнөгөнүн билдирди:

Камчыбек Ташиев

Камчыбек Ташиев

- Жалал-Абаддан, Оштон жана Бишкектен чыгышып, эртең эрте менен Таш-Көмүрдөгү чоң көпүрөнүн алдынан чогулуп, ошол жерден бүт элди баштап Аксыга барганы жатабыз. Анткени мына үч күндөн бери өкмөт башчысы же президент бул кырдаал боюнча бир жоопкерчиликтүү билдирүү менен чыгып, маалымат берип койгон жок. Ошондуктан биз маселени ордунда чечкени баратабыз. Бийлик бул көйгөйдү дипломатиялык жол менен чече албай жатса, анда биз эч кандай ызы-чуусу жок эле элдик дипломатия аркылуу чечкенге аракет кылып, өзүбүздүн талаптарыбызды койобуз.

Өкмөт башчысы Темир Сариев 21-март күнү күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жыйынында чек арадагы кырдаалды жана өлкөдөгү коомдук-саясий абалды талкуулады. Чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиев чыңалууну жумшартуу үчүн бөгөлгөн жолдун эки жагында жайгашкан эки мамлекеттин чек ара аскерлеринин саны кыскарганын белгиледи:

- Кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде турган күчтөр жетиштүү. Биздин чек ара аскерлер кыргыз-өзбек чек ара тилкесин күчөтүлгөн тартипте күзөтүп жатышат. Буга чейин блок посттордо эки тараптан жыйырмадан жоокер турса, кечээ сүйлөшүп, азыр анын санын сегизге чейин кыскарттык. Азыр эки тараптын чек ара аскерлери 5-6 метрлик аралыкта жакын эле турушат.

“Эл үнү” кыймылы Кербендеги оппозициянын курултайына кайсы саясий күчтөр барарын ачык жарыялаган жок. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров Кербендеги курултайга жакында түзүлгөн оппозициялык күчтөрдүн бирлигинин атынан атайын өкүл гана жөнөтүлөрүн билдирди. Саясатчы Мадумаров кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн кырдаалды мамлекет башчысынын туура эмес саясатынын кесепети деп атады:

Адахан Мадумаров

Адахан Мадумаров

- Кошуналардын дарегине акаарат келтирбеш керек. “Биздин өлкөдө ушундай, башкаларда андай-мындай” деп салыштыруунун эмне кажети бар эле. “Биз газ менен отурабыз, телегейибиз тегиз, бирок башка мамлекеттер ушундай болуп туруп, азыр бизден начар жашап жатышат” деп айтуу керек беле..? Биринчи биз өзүбүздү эптеп алсак жакшы болот эле. Азыр эми мамлекеттик бийликке жалаң чабалдардын бардыгы жыйналып алып, башка мамлекеттин алдында аброю кеткен.

"Кыйын абалда кычаган оппозиция"

Кыргыз-өзбек мамилеси курчуган жагдайдагы оппозициянын бул кадамы улуттук биримдиктин жоктугубу же бийликтин алсыздыгыбы деген суроону пайда кылды. Анткен менен бийлик кырдаалды жөнгө салуу максатында тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын жарыялады. Ал турсун 20-март күнү кыргыз-өзбек чек арасын бекемдөөгө кошумча аскер күчү тартылганы белгилүү болду.

Эл барып кырдаалды курчутуп ийет. Бул маселени өзбек чек ара жетекчилери чече албайт. Ал жерди өзбек чек арасынын жетекчиси эле тосуп алган жок да, жогору жактан айтылган.

Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов чек арадагы кырдаал мамлекет башчысынын көзөмөлүндө экенин билдирди. Ал бул жагдайдагы оппозициянын кадамын ички олку-солкулукка түрткөн аракет катары мүнөздөдү:

- Кыргызстандагы ачык-айкын жана эркин саясий система оппозицияга ар кыл акцияларды өткөрүүгө тоскоолдук кылбайт. Ошентсе да ушундай шартта оппозициянын Кербенде курултай өткөрөбүз дегени алардын мамлекеттин эмес, жеке кызыкчылыгын жогору койгонун ырастайт. Буга чейин ар кыл саясатчылар ушуга окшогон кырдаалдан пайдаланып, саясий упай топтогон учурлар болгон. Ошол эле саясатчылар бүгүнкү абалды өз пайдасына колдонгону жатышат. Мамлекеттин бүтүндүгүн жана өлкөнүн тынчтыгын ойлогон адамдар андай кадамга барбайт деп эсептейм.

Чек ара кызматынын мурдагы төрагасы Курманакун Матенов да оппозициянын Аксыда митинг өткөрүү демилгесин сынга алды. Анын оюнча, оппозициянын аракети кырдаалды чечпейт, тескерисинче, оорлотот:

Курманакун Матенов

Курманакун Матенов

- Мындай кыйкырык, өкүрүк менен алардын ушундай кырдаалды пайлануу максаты түшүнүктүү болуп жатпайбы. Мисалы, булар кандай чечет? Элди ошол жакка үгүттөп, баскыла, барабыз өзбек чек арачыларын кууп чыгабыз десе күч колдонуу, таш бараңга алуу деген болот да. Анан албетте кырдаал курчуп кетет. Эл барып кырдаалды курчутуп ийет. Бул маселени өзбек чек ара жетекчилери чече албайт. Ал жерди өзбек чек арасынын жетекчиси эле тосуп алган жок да, жогору жактан айтылган.

Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмү мындай учурда өлкөдөгү саясий күчтөрдү көз караштарынын ар түрдүүлүгүнө карабастан тынчтыкты биргеликте сактоого жана улуттук биримдикти көрсөтүүгө чакырды. Ошол эле кезде ички иштер органдары чек ара чатагын күч менен чечүүгө чакырган жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартыла турганын эскертти.

Чек ара чырынын таржымалы

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы бейтарап аймактын Аксы районундагы тилкесине 18-мартта эртең менен коңшу өлкөнүн чек арачылары аскер техникасын, атап айтканда эки БТР жана эки КаМАЗ унаасын киргизген. Мындай аракет жергиликтүү калк арасында тынчсыздануу жаратып, Кербен - Ала-Бука аркылуу каттоочулардын саны азайганы айтылган. ​

Кийин кыргыз тарап да жооп кылып, ал жерге аскер техникасын жана аскерлерди жайгаштырган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине Өзбекстандын элчиси Камил Рашидов чакыртылып, ага расмий Ташкенден түшүндүрмө талап кылган нааразылык нотасы тапшырылган. Өзбекстан болсо бөтөн тилкени ээлеп албаганын айтып, болгону Нооруз майрамына карата Кыргызстан менен болгон өзүнүн чек ара тилкесинде көзөмөлдү күчөткөнүн жарыялады. Ошондой эле Өзбекстан мамилени татаалдаштырбоо үчүн кыргыз тарапты такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.

Мындан сырткары Өзбекстан ремонт иштерине байланыштуу Кыргызстан менен болгон чек ара өткөрмө бекеттери убактылуу жабылганын билдирген.

​Чек ара кызматынын башчысы Дүйшөнбиевдин оюнча, өзбек чек арачыларынын аракети Нооруз майрамына байланыштуу эмес.

"Нооруз майрамы мурдатан эле майрамдалып келген. Чек араны күчөтүлгөн режимде кайтарууга негиз жок болчу. Өзбек чек арачылары эмнеге мындай аракетке барганы түшүнүксүз болуп жатат", - деди чек ара башчысы.

Чек араны бекемдөө маселеси боюнча ошол эле күнү президент Алмазбек Атамбаев жана премьер-министр Темир Сариев тиешелүү жыйындарды өткөргөн.

Абалды жөнгө салуу үчүн Чек ара кызматынын башчысынын орун басары, полковник Таалайбек Усубалиев 19-мартта талаштуу тилкеге барган.

Чек арага жөнөтүлгөн күчтөр

Чек арага жөнөтүлгөн күчтөр

20-мартта болсо бийлик Аксыдагы кыргыз-өзбек чек арасына кошумча аскердик күч жөнөткөнү кабарланды. Маалыматка ылайык, 200дөй аскер жана аскердик техника чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү үчүн 20-марттын таңында жөнөтүлгөн.

Учурда кыргыз чек арачылары Өзбекстандын аскер күчтөрү кирип келген аймакты күчөтүлгөн режимде кайтарууда. Кыргыз-өзбек чегиндеги өткөрмө бекеттер жабык бойдон турат. Бир гана Кызыл-Кыя бекети ачык, ал жерден Өзбекстандын Сох жана Шахимардан анклавдарынын жашоочулары өтүшөт.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымдашынча, мындан тышкары өзбек тарап 18-мартта эртең мененки саат сегизден тарта “Маданият-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пунктун бир тараптуу жаап салып, "Достук-автодорожный" өткөрүү пунктунан жарандардын жана транспорттун каттамына чектөө киргизген. Кошуна өлкөнүн чек арачылары кыргыз жарандарына Өзбекстандан чыгууга уруксат берип, ал эми кирүүгө тыюу салышкан. Кыргыз тарап өз кезегинде өзбек жарандарына "Баймак-автодорожный", "Кен-Сай-автодорожный", "Кадамжай-автодорожный" өткөрмө пункттары аркылуу кирип-чыгууга тыюу салган болчу.

Талашка эмне себеп болду?

Өкмөт өкүлүнүн айтымында, өзбек чек арачыларынын такталбаган тилкеге аскер техникасы менен кирип келиши Кыргызстандын менчигине өткөн бир катар объекттерге байланыштуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу өкмөт аппаратындагы чек араларды тактоо бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, эки өлкө ортосундагы 1991-жылкы келишимге ылайык, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында жайгашкан бир катар объекттер өткөн жылдан бери Кыргызстандын карамагына өткөрүлүп баштаган. Өкмөттүн токтомунун негизинде Өзбекстандан Кыргызстандын толук ээлигине өткөн объекттер төмөнкүлөр:

Жалал-Абад облусу боюнча Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычы, Чоң наманган каналы (12,9 км), Чуст каналы (14,5 км), Ноокен районундагы “Достук”, “Маданият” жана “Октябрдын 50 жылдыгы” насостук станциялары, Сол жээк Нарын каналы (43,1 км).

Баткен облусу боюнча Сох-Шахимардан каналы (12 км), Лаган каналы (11,2 км) жана №1 Фергана транспорттук техникаларды башкаруу автотранспорттук колоннасы, “Фергананефть” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу объектиси, №4 “Фергананефть” автобазасы, Кадамжай районундагы Кайтпас-Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы жер тилкелери.

Ош облусу боюнча Керкидон суу сактагычына куйган 12 чакырым канал, Савай каналы (28 км).

Жалал-Абад облусунун аймагында Өзбекстан менен талаш жараткан 24 участок бар. Алардын көпчүлүгү Аксы жана Ала-Бука райондорунда жайгашкан.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG