Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:34

Милиция күчүн бириктирүүдө


Митинг учурунда. 2010-жыл
Митинг учурунда. 2010-жыл

Бишкек милициясынын демилгеси менен ар кандай чукул кырдаалдын алдын алуу, калайман башаламандыкта чара көрүү боюнча координациялык борбор түзүлдү.

Ага шаар башчылары, тартип коргоо кызматкерлери, ошондой эле ишкерлер, жеке күзөт кызматтарынын жана элдик кошуундун өкүлдөрү кирет. Бул тууралуу 4-мартта “Эл менен милиция бирге” аттуу жыйында айтылды.

Айрым укук коргоочулар ички иштер органдарын реформаламайынча мындай иш-чаралар майнапсыз экенин айтууда.

Жаңы түзүлгөн координациялык борбор тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Мелис Турганбаев “Азаттыкка” түшүндүрмө берди. Ага ылайык, буга чейинки эки ыңкылап массалык башаламандыкта милиция ишкерлер, элдик кошуун менен чогуу-чаран иш алып барышы керектигин көрсөттү:

- 2005 менен 2010-жылы тажрыйба көрсөтпөдүбү. Милиция да ошол кезде деморализация болуп, башчы жок, эл өзү менен өзү калды. Ошондуктан бүгүнкү жыйында ушундай учурда иш-аракеттерди координациялайлы, алдын ала чара көрөлү, координациялык кеңеш түзөлү дедик. Мэр болсо мунун башында мен өзүм турам деп колдоп жатат.

Турганбаев милиция саясий жазга даярданып жатат деген каңшаар кептерди жокко чыгарды, бирок ар кандай акциялар калайман башаламандыкка айланып кетүү коркунучу бардыгын кошумчалады:

- Жазында тынч эле болот. Азыркы иш-аракеттер керектүү эле нерсе. Муну жасап коюшубуз керек. Себеби “жазында эмне болот, Украина минтип атса, бизде кандай болот?”, деп телефон чалгандар, айткандар, сурагандар көп. Айрыкча ишкерлер тынчсызданып жатат. Ушундан улам координациялык кеңеште түшүндүрүү иштери да жүрөт. Кооптоно турган эч кандай деле нерсе жок, бирок чогуу бололу деп жатабыз. 2010-жылдан кийин “элдик милиция” деп жатпайбызбы. Ушундан улам эл менен чогуу бололу деп жатабыз.

Ушул жылдын башында массалык иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти сактоо боюнча 600 адамдан турган атайын даярдыктагы милициянын полку түзүлгөн. Айрым байкоочулар тартип коргоо органдары нааразылык акцияларды күч менен басууга камданып жатат деп айтып чыгышкан эле. Ички иштер министри Абдылда Суранчиев атайын бөлүк Генералдык штабга кошулган ички аскерлердин ордуна түзүлгөнүн "Азаттыкка" билдирди:

- Бизге биринчиден тартип керек. Ал эми тартипти атайын бөлүк сактайт. Концерт болобу, чоң-чоң майрам өтөбү, же массалык акциялар болобу ошол жерде коомдук коопсуздукту камсыздайт. Ал жерге аймактык тергөөчүлөр, же кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлерин коймок белек? Ошондуктан атайын бөлүк керек. Муну мен чыгарган жокмун. Ал буга чейин эле болгон. ОМОН деп коет, атайын даярдыктагы аскерлер деп коет. Мен кичинекей кезимден деле ошондой бөлүк бар болчу. Ошону биз ордуна койдук, ички аскерлерди алмаштырдык.

Акжол Исаев күзөт кызматтар бирлигинин төрагасы. Анын баамында, кыргыз милициясына коомчулуктан колдоо керек:

- Коомдо милицияны сыйлап, кадыр-баркын көтөрсөк, ошондо тартип орнойт. Ага убакыт келип жетти. Милиция – бул мыйзам, бийлик.

Ал арада “Бир дүйнө-Кыргызстан” укуктук кыймылынын төрайымы Төлөкан Исмаилова милициянын реформасы өңдүү маселеге көңүл бурууда. Укук коргоочунун баамында системаны өзгөртпөй туруп, иштен майнап чыгаруу мүмкүн эмес:

- Мыйзам иштеши үчүн күч органдарын реформалоо зарыл. Жаңы структуралар түзүлгөнүн көрүп жатабыз. Бирок түпкүлүгүндө реформа жакшы болмоюнча, стратегия кабыл алмайынча, ал иштерге коомчулуктун өзү катышмайынча өкүнүчтүү болуп калат. Азыр тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин маяналары аз, техникалык базасы жакыр. Андан сырткары милициянын реформасына келип жаткан эл аралык жардам коррупциялык схемалар менен кымырылып кетип жатат. Мындай учурда милиция коррупция жана мыйзамсыз форматта иштөөгө мажбур болуп, коомчулукта криминал үстөмдүк кылууда.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча былтыр баш калаада 450дөн ашык ар кандай нааразылык акциялар өткөн. Жаздын келиши менен пикет-митингдердин башталышы Кыргызстанда көнүмүш эле адатка айланып калган.

XS
SM
MD
LG