Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:51

Эгемендиктин 25 жылында Кыргызстан эмнеге жетти? Эмнелерден сабак алды? Бул суроолордун айланасында “Демократ” партиясынын төрагасы Сейтек Качкынбаев “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Сейтек мырза, бир аз артка кылчаялы, Кыргызстан эгемендүүлүк алган 1991-жылы сиз канча жашта элеңиз?

Качкынбаев: Мен мектепте сегизинчи класска көчкөн элем. Ак-караны таанып калган учурум болчу, Горбачевду бийликтен кетирүү аракети болуп, кайра ал ишке ашпай калганда чоң кишилер менен бирдей эле кубангам.

“Азаттык”: Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары оор болду. Эл ач калып, ток калып, аргасыздан базарга чыккандар көп болду. Ошол мезгилде сизде жаштыгыңызга карабай, келечекке ишеним болгон да. Ошол ишеничтер канчалык деңгээлде ишке ашты?

Аң-сезимдер өзгөрүп, элита өзгөргөнүн, жаңы саясий форманы, экономикалык башкаруу саясатында чоңураак өзгөрүүлөрдү байкай албай жатабыз. Эл, коом, саясий элита баягы баскан чогун кайра эле басып келе жатат.

Качкынбаев: Чейрек кылымда бир топ эле чоң өзгөрүүлөр болду. 90-жылдардын башында бир топ эле оор болуп, баары аңтар-теңтер алмашты. Элдин алды миграцияга кете баштады, арты базарга чыгып, күнүмдүк көр оокаттын түйшүгүнө түшүп калышканы эсимде. Мектепте бизди окуткан, биз идеал туткан мугалимдерибиз базарга чыгып, такси айдап иштей баштаганын көрдүк. Тегирмендин нанын жедик. Азыр, кудайга шүгүр, ал доор артта калды.

“Азаттык”: Көпчүлүк студенттер 1994-95-жылдары жашоонун кыйынчылыгына чыдабай, окууну таштап, базарга чыгып кеткен мезгилде, ач-ток калып, окуп жүрүп, Кытай, Жапония сыяктуу өнүгөбүз деген бир ишеним болгон да, чынбы? Ошол ишеничтер канчалык деңгээлде ишке ашты?

Качкынбаев: Ал убакта ошондой баёо экенбиз. Өткөөл мезгилде жашап атабыз, он жылдай убакыт өтсө эле баары сонун болот деп ойлочубуз. Бирок мына жыйырма беш жыл болду, өлкөдөгү өнүгүү эволюциялык жол менен гана баратат. Аң-сезимдер өзгөрүп, элита өзгөргөнүн, жаңы саясий форманы, экономикалык башкаруу саясатында чоңураак өзгөрүүлөрдү байкай албай жатабыз. Эл, коом, саясий элита баягы баскан чогун кайра эле басып келе жатат. Бир бийликти кетирип, кийинки бийлик анын кемчиликтеринен сабак алгансып, бирок бат эле аны унутуп, мурдагы системага түшүп..

Эл дагы деле болсо чөнтөгү калың кишилерге өзүн пайдаланууга жол берип коюп жатат. Элдин жашоосу толук жакшырганда гана, биз акыйкат шайлоого жетишебиз деп айта алам.

“Азаттык”: Сиз жетектеген “Демократ” партиясы эң жаш партия. Былтыр жергиликтүү шайлоого катышуу менен Кыргызстан 15 жылда саясий процессте канчалык өнүгө алганын көрдүңүз?

Качкынбаев: Жергиликтүү шайлоого катыштык. Шайлоочулардын биометрикалык маалыматтар аркылуу добуш берүүсү жаңылык болуп, мурдагыдай адамдарды топтоп, улам бир участокко барып, добуш берүүсү токтоду. Бирок адамдардын добушун акчага сатып алуу дагы деле күчүндө кала берүүдө. Бул болсо шайлоолордун акыйкат өтүшүнө кедергисин тийгизип жатканын көрдүк. Эл дагы деле болсо чөнтөгү калың кишилерге өзүн пайдаланууга жол берип коюп жатат. Элдин жашоосу толук жакшырганда гана, биз акыйкат шайлоого жетишебиз деп айта алам.

“Азаттык”: Сейтек мырза, маегиңиз үчүн чоң рахмат!

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG