Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:16

6-апрелде Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Шейшенбек Байзаков кызматынан бошотулду. Ага Акмат Бакиевдин качып кетиши себеп болгон.

Байзаковдун бошотулушу коомчулукта ача пикирди жаратууда. Айрымдар Шейшенбек Байзаковдун кылмыш дүйнөсү менен батыл күрөшкөн эмгегин айтып, аны бошотуу туура эмес болду десе, кээ бирлер аны кызматтан алууга мурда эле мезгил жеткенин белгилешүүдө.

Тынчыбаган абактар

6-апрелде түштөн кийин премьер-министр Өмүрбек Бабанов Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Шейшенбек Байзаковду кызматынан бошоткону белгилүү болду. Өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаров:

- Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов Шейшенбек Байзаковдун өзүн чакырып, “жасаган иштериңизди биз колдоп келдик, сиз көп жумуш жасадыңыз” деп ыраазычылык билдирди. “Бирок Акмат Бакиевдин камактан эркиндикке чыгып кетиши өзүңүзгө да ыңгайсыз абалды туудуруп жатса керек. Акмат Бакиевдин качып кетиши Жаза аткаруу тутумунда түп-тамырынан реформаларды жасоо зарыл экендигин билдирет” деп жумуштан алды. Анын ордуна Аликбек Мамыркуловду койду.

Шейшенбек Байзаков Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына жетекчи болуп, апрель окуясынан кийин 2010-жылдын май айында дайындалган. Ал башкарып турган убакта Жаза аткаруу тутумунда бир нече ирет масштабдуу жана өтө узак мөөнөттүү нааразычылык акциялары өттү.

Айрыкча, ушул жылдын январь айында соттолгондор жана убактылуу кармоо жайында тургандар ооздорун тигип, наар албай, ал эми алардын жакындары Жогорку Кеңештин алдында бир нече күндөп митинг өткөрүшкөн болчу.

Абактагылар бир топ талаптар менен катар Байзаковдун кызматтан кетишин да айтып чыгышкан. Жаза аткаруу кызматы болсо, бул көрүнүштү абактардагы уюшкан кылмыштуулукка каршы жүргүзүлгөн күрөшкө криминалдык дүйнөнүн бут тосуусу катары баалаган эле.

Ким утту, ким уттурду?

Анткен менен Байзаковдун ишмердүүлүгү боюнча түзүлгөн парламенттик комиссия аны кызматтан алууну өкмөткө сунуштаганы маалым. Комиссиянын мүчөсү, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков "Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы эбак эле алмашыш керек болчу" деп эсептейт.

- Жумушунан дагы кеч алып жатышат. Былтыр эле алыш керек болчу, бир жыл кечигишти. Биз депутаттык комиссия түзүп, анын негиздүү кемчиликтеринин баарын айтып, маалымат бергенбиз. Каржылык-чарбачылык иштерде, кадрдык маселелерде жана башка иштерде кандай кемчиликтерди кетиргенин айтканбыз. Биз анын үч багытта чоң жана одоно кемчиликтерди кетиргенин көрсөткөнбүз.

Абактагы "өзгөчө" камера.

Абактагы "өзгөчө" камера.

Туратбек Мадылбеков Байзаковдун кылмыш дүйнөсүнө каршы жүргүзгөн күрөшүн өзүн-өзү актоо жана коомчулуктун көзүн будамайлоо иши катары баалады.

Анткен менен акыйкатчы Турсунбек Акун кыргыз бийлиги Шейшенбек Байзаковду кызматтан алуу менен криминалга каршы күрөштө уттурду деген ойдо.

- Мен муну Жаза аткаруу тутумундагы жана абактардагы кылмыштуу топко каршы күрөштө өкмөттүн чоң жеңилиши деп эсептейм. Байзаков буга чейин бир да жетекчи жасабаган аракеттерди баштаган. Көп жылдан бери ачык турган абактардагы камералар Байзаковдун учурунда жабылып, ал жерде соттолгондордон акча алуу токтогон. Абактагы криминалдарга катуу сокку урулган. Мындан тышкары, Байзаков Алмазбек Атамбаев менен Роза Отунбаеванын криминалга каршы саясатын колдон келишинче жүргүзгөн.

Депутаттардын таасири болдубу?

Шейшенбек Байзаков өз ишмердүүлүгүндөгү жетишкендиги катары Бишкек шаарында жайгашкан №1 СИЗОдогу 2001-жылдан бери ачык болуп келген камераларды жапкандыгын белгилеп келатат. Анын айтымында, уюшкан кылмыштуу топтордун анабашылары турган камералардын эшиктери жабылбай, алар өз билгениндей башка камераларды ачтырып, каалаган адамына салык салып турушкан. Мындай көрүнүшкө абактын мурдагы жетекчилери шарт түзүп, кылмыш дүйнөсү менен коюн-колтук алышып кеткенин белгилешкен.

Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, жыл башында №35 жатака абакка которулган Акмат Бакиевдин качып кетиши Шейшенбек Байзаковду жумуштан бошотууга негиз боло албайт. Акыйкатчы “бул чечимге депутаттар таасири этти” дейт:

- Сот Акмат Бакиевди катуу режимге соттогондо, ал жатак абакка чыга албайт болчу. Ошондуктан Байзаковду бул иште курмандыкка чалуу туура эмес. Депутаттар кийлигишип, “кетсин” деп отуруп, акыры кетиришти. Минтип отурса, бул өкмөт абактагы уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшө албайт. Андай болсо эми депутаттар айткандай, Аида Салянованы да кызматтан алсын. Ошону менен кайра мурдагы ордубузга келебиз. Криминалга, коррупцияга каршы күрөш да токтойт.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына жаңы дайындалган генерал-майор Аликбек Мамыркулов буга чейин өкмөттүк аппараттын коопсуздук жана укук бөлүмүндө жетекчинин орун басары болуп иштеп келаткан. Ал негизинен көп жылдар бою аскер тармагында эмгектенген. Өкмөт башчы анын алдына Жаза аткаруу тутумунда түп-тамырынан реформаларды жүргүзүү милдетин койду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG