Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:16

Азимбек Бекназаров 3-октябрда Ак үйдүн алдындагы окуя, Кыргызстандагы коррупциялык схемалардын бетин ачкан “Унчукпай коюуга укугум жок” деп аталган жаңы китеби тууралуу ой бөлүштү.

“Азаттык”: Азимбек мырза, бүгүнкү окуялардан баштасак. Бүгүн Ак үйгө кирүүгө аракет жасалды. Бул окуяны кандай баалайсыз?

Бекназаров: Бул көңтөрүш, төңкөрүш аракеттери эмес. Мунун болушунун себеби Кумтөргө байланыштуу. Чындыгында Кумтөр Кыргызстан жарандарынын жүрөгүндөгү жарага айланып баратат. 300 тоннага жакын алтыныбыз Кыргызстанга кылдай пайдасы тийбей чет өлкөгө кетип калса, кимдин гана жүрөгү оорубайт. Ошон үчүн мен ойлоймун, жүрөк ооруй турган маселени көтөрүп, ошону эл менен чечебиз деген аракет болду окшойт. Бирок маселени мындай жол менен чечүүгө макул эмесмин. Анткени аны чечүүнүн цивилизациялуу жолу бар.

“Азаттык”:Кумтөр маселеси кандай жол менен чечилиш керек?

Бекназаров: Мисалы ошол эле депутаттар Кумтөр боюнча бардык түзүлгөн
келишимдерди жокко чыгарган, денонсация жөнүндө мыйзам жазыш керек эле. Өткөндө жазында маселени карашты. Бирок анда денонсация маселеси көтөрүлбөй, экологиялык зыян жана башка маселелер көтөрүлдү.

Азыркы кезде денонсация боюнча маселе бышып калды. Бардык келишимдерди жокко чыгарса, андан кийин Камекосу болобу, Центеррасы болобу келип, биздин жаңы өкмөт менен сүйлөшөт эле. Буга бизде бардык мүмкүнчүлүк бар болчу. Себеби жаңы Конституцияда байлыктар мамлекеттин гана менчиги, элдин гана кызыкчылыгына иштейт деген жобо бар.

Экинчи жолу - референдум аркылуу чечүү. Бул үчүн депутаттар тийиштүү мыйзам жазса болот эле. Элдин 99% Кумтөр мамлекетке өтсүн деп добуш берет эле.

“Азаттык”: Бирок Кумтөр боюнча жаңы келишим мурунку Жогорку Кеңеш тарабынан ратификациядан өтүп, Конституциялык сот тарабынан тастыкталган. Эми дагы Кумтөр боюнча жаңжал чыга турган болсо эл аралык арбитражда чечилет деп кыргыз өкмөтү мойнуна милдеттенме алган да?..

Бекназаров: Кыргыз өкмөтү мына ушул жерде биздин мамлекеттин же элдин кызыкчылыгы үчүн иштеш керек эле. Негедир эл аралык арбитраж минтип коёт, эл аралык сот тигинтип коёт деп ошол жакты карап келет. Ошол эле "Ак кеме" мейманканасы боюнча да ушинтип келет. Орто жолдон 10 миллион доллардан ашык акчаны төлөй турган болуп жатат. Эл аралык сотко дагы болгон документтерди көтөрүп барып, биздин Конституциябызда элдин гана байлыгы, мурдагы бийлик тарабынан коррупцияга аралашкан деп далилдеп берсе, эл аралык сот деле башка чечим чыгармак.

Мына "Ак кемеге" өкмөттөн бирөө бардыбы? Бир документ алып бардыбы? 2005-жылы кылмыш иши козголгон экен, ээлик кылам деген адам издөөдө жүргөн экен, мурунку бийлик менен биригип алып, көз боёмочулук менен баасын көтөрүп салганын эч ким айтпай жатат. Кумтөр боюнча да ушундай.

“Азаттык”: Айтпай жатканынын себеби жогору жаткан макулдашылган да...

Бекназаров: Айтпай жатканынын себеби - Кумтөрдүн башында турган эл аралык деңгээлдеги көз боёмочулар дейбизби, же калп эле инвестор болуп келгендер, дүйнөлүк масштабдагы коррупциялык схемаларды жакшы билишет. Кыргызстанга келип кимди колго алыш керектигин алар үч-төрт жыл мурун билишет. Жогорку Кеңешке шайлоодо же президенттик шайлоодо муну колдойлу, азыр эле илгичке илип, шайлоосуна мынча акча берели деп эчак эле ишти бүтүрүп коюшкан. Ошондуктан парламенттен өтпөй жатканын себеби ушул жакта. Мына кече Кумтөрдү карап жатканда мен бир нерсеге таң калдым, жаңы президент дагы, жаңы коалициялык өкмөт дагы бир ооз ачпай койду.

“Азаттык”: Демек алар тигилердин илинчегине илингенби?

Бекназаров: Мына ошол элдин көчөгө чыгуусуна себеп ушул жакта болуп жатат. Бүгүн эгерде президент, өкмөт ушул маселе боюнча элге так айтып койсо, эл көчөгө чыкпайт эле.

“Азаттык”: Жантөрө Сатыбалдиев айтып жатпайбы Кумтөр боюнча келишим бузулбайт, аны улутташтырганга болбойт деп.

Бекназаров:Ошон үчүн чыгып жатат да.

“Азаттык”: Азимбек мырза, анда бүгүн бет ачаары болгон китебиңизге келсек. Сиз Кыргызстандагы коррупциялык схемалардын бетин ачкан билдирүүнү бир ай мурун жасаган элеңиз. Сиздин ыңкылапчыл, пикирлеш болгон бийлик башындагылар тарабынан, башкы прокуратура тарабынан реакция болдубу?

Бекназаров: Ошол реакция болбогон үчүн унчукпай коюуга укугум жок деп жылдын башында азыркы президент коррупцияга каршы күрөш ачканда маалымат каражаттары аркылуу ачык кат жолдогонмун. Анда коррупцияга каршы күрөштү эмнеден баштоону айтканмын. Бирок бир жыл өттү. Коррупцияга каршы күрөш турмуш-тиричилик деңгээлде гана жүрүүдө. Бирөө пара алып коюптур деген деңгээлде гана болуп жатат.

Мамлекетти ушундай абалга алып келген миллиондогон, миллиарддаган насыялар бизге келбей, сыртка которулуп кеткен фактылар боюнча, жок дегенде 2 тонна алтын "Сиабекого" кеткени боюнча же Кумтөр боюнча мурда эле козголгон кылмыш иштери жандандырылган жок. Чоң масштабдагы коррупция, саясий коррупция, мыйзамдаштырылган коррупцияга, коалициялык коррупцияларга жол ачылып жатат дагы элди, коомчулукту турмуш-тиричилик деңгээлдеги коррупция менен алаксытып калды.

“Азаттык”: Сиз ошол кыска болсо да бийликте турган мезгилиңизде ушул иштердин бири боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүүлөргө издөө жарыялаган белеңиз?

Бекназаров: Эки ыңкылаптан кийин тең 100дөн ашуун кылмыш иши козголгон. Бирок тагдырдын тамашасын карагыла, 2005-жылдан кийин мен 5 ай 19 күн иштедим, 2010-жылдан кийин Байтемир Ибраев 5 ай 13 күн иштеди. Таң каласың. Ошол 2005-жыл мен кеткенден кийин бардык кылмыш иштер токтотулуп, камакка алынган пансионаттар Бакиевдердин жакындарына бөлүнүп кетти.

2010-жылы Ибраев кеткенден кийин дагы ошол 100дөн ашык кылмыш иштин дайыны чыкпай кетти. Мына камакка алынган обьекттер морадерлорго өтүп, кайра сатылып кетиптир деп Киев көчөсүндөгү объект жөнүндө айтып жатпайбы. Мен ошол объект тууралуу ушул китепке жаздым, Киев көчөсүндөгү объект 2010-жылы 12-августта камакка алынган. Кылмыш иши козголгон. Шаардык прокуратура козгогон. Анан кантип эле бул сатылып, кантип мындай болуп кетип жатат?

“Азаттык”:Сиз мүчөсү болгон Убактылуу өкмөт эмне үчүн Бакиевдердин мүлкүн улутташтырган эмес?

Бекназаров: Эми мындай да, мурда мамкеттин колунда турган объекттерди гана кайра мамлекетке ала алабыз. Ал эми жеке менчикте турган объекттерди улутташтыра албайбыз. Аны сот аркылуу гана алууга болот.

“Азаттык”: Бийлик эски оорусун карматып калган жокпу, маселен шаардык кеңешке шайлоонун алдында Нариман Түлеевди камакка алды. Оппозициялык фракциянын лидери Садыр Жапаровдун үстүнөн кылмыш ишин козгоп жатат...

Бекназаров: Себеби президенттин айланасында кимдер олтурат бүгүн?
Ыңкылапта келген адамдар отурабы? Ошол эле Акаев, Бакиевдин айланасында жүргөн адамдар отурат. Мен ошон үчүн президент Атамбаевге досум катары эскертип атам, үчүнчү ыңкылапка айланаңда жүргөн адамдар алып келет деп.

Саясий оппоненттерге иш токумай боюнча да китепте токтолдум. Мына Түлеев өзгөчө оор кылмыш иш жасады деп камады. Мен билгенден Түлеевге 2010-жылы май айында кылмыш иши козголгон. 2012-жылга чейин аны ким, неге жаап койду? Анан шаардык кеңешти шайлоонун алдында аны неге кайрадан көтөрүп чыгышты? Менимче, эртең шайлоо бүткөндөн кийин Түлеевдин кылмыш иши жеңил эле экен деп, аны бошотуп койсо, ошондо коррупция Түлеевде эмес, ошол кылмыш ишин жараткан адамдарда экени билинет.


“Азаттык”: Азимбек мырза, коррупциялык схемалар боюнча сөздү улантсак, сиз жазган схемалардын ичинен кайсы схемалар сакталып турат? Кайсы тармактарда ал гүлдөп жатат?

Бекназаров: Мыйзамдаштырылган коррупциялык схемалар катуу иштеп жатат. Мыйзамдаштырылган коррупция деген саясий иштерди сот аркылуу, кылмыш ишин козгоо, тийиштүү чечим кабыл алдыруу менен максатка жетет. Мисалы, "Мегакомдун" ишин алсак, бир жарым жылдан берип жатып, өкүм чыгарарда Башкы прокуратура алып кетип калды.

Бул иш боюнча 16 адам жоопкерчиликке тартылган. Анда эмне үчүн алып кетип калды? Мен билгенден соттор чечимин чыгарып, өкүмүн эртең окуйбуз, ошол Елисеевге тиешелүү 51% акцияны конфискация кылабыз деп турган убакта алып кетип калышты. Мыйзамдаштырылган коррупция деген мына ушул.

Андан башка азыр коалициялык коррупция пайда болот. Бул мурда жок эле. Биз парламенттик башкарууга келгенден бери пайда болду. Бул коалициялык коррупция Конституция менен иштебейт. Парламенттик көпчүлүктү түзгөн фракциялар чогула калып, биринчи бийликти бөлөт, андан кийин бүт кыбыр эткен байлыктарды бөлөт. Бүгүнкү күндө мына ушул коалициялык схема күчүндө турат. Үчүнчү ыңкылапка ушул нерсе алып келиши мүмкүн.

“Азаттык”: Биз жаңы Конституция менен ушул жолду өзүбүз тандап алдык го?

Бекназаров: Ооба, ошондой. Бирок ага жол бербештин цивилизациялык жолу бар. 6-7% добуш алган партиялар келсе, ушундай соода боло берет. Ошондуктан кайрадан жаңыдан шайлоого барышыбыз керек. Бир партия жок дегенде 40% добуш алып келгенге аракет жасашыбыз керек. Ошондо бир өкмөт болот, беш жылга, жок дегенде үч жылга жооп берет эл алдында. Соодалашуу токтойт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG