Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:50

Кыргыз өкмөтү менен Жогорку Кеңеш социалдык төлөм боюнча орток пикир таба албай жатат. 24-июнда парламентте фракциялар шашылыш жалпы жыйынга чогулуп өкмөт сунуштаган жана депутаттар тобу даярдаган эки мыйзам долбоорду талкуулады.

Өкмөт Социалдык фондго төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмүн орточо айлык акынын көлөмүнө байлап жатат. Депутаттар болсо мындай төлөм үлүш жердин аянтына жараша эсептелиши керек деп эсептейт.

Быйыл жыл башында социалдык төлөмдөрдүн көбөйгөнүнө байланыштуу жер-жерлерде нааразылык чыккан. Мындан улам президент Алмазбек Атамбаев тарифтерди кайра карап чыгууну өкмөткө тапшырган эле.

Социалдык төлөмдөрдү көбөйүшүнө каршы нааразылык Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда да өткөн. Аталган райондогу Кажар айылынын башчысы Атахан Даникулов жергиликтүү тургундар төлөмдөрдү көбөйүшүнө түпкүлүгүндө каршы эмес экенин, бирок кескин көбөйбөй, эсеп-кысап да жөнөкөй, түшүнүктүү болушу керектигин айтууда:

- Башты айлантып, эл деле түшүнбөй калды. Мисалы, менин жерим бир гектардан ашат. Гектарына 306 сом төлөп жүргөм. Азыр мейли 406 сом кылып койсун, аны төлөп берем. Жылына 50-100 сомдон кошуп, бара-бара 800 сомго чейин чыгарсын, бирок андан ашырбасын. Ушундай эле жөнөкөйлөштүрүп койсун, элге түшүнүктүү кылып. Анан эле бул мыйзам, ал мыйзам деп эле жатышат. Атүгүл эл бул мыйзамды өкмөт өзү деле, депутаттар деле түшүнбөйт деп айтып жатышат.

Өкмөт 24-июнда Жогорку Кеңештеги фракциялардын жалпы жыйынында социалдык төлөм боюнча өз мыйзамын көтөрүп келди. Анда биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өз эсеп-кысабы менен депутаттарды ынандырганга аракет кылды.

Ага ылайык, азыр Социалдык фондго 1 миллион 300дөй адам камсыздандыруу төлөмүн төлөйт. Жалпы бюджет 50 миллиард сомго чамалайт жана анын 17 миллиарды республикалык бюджеттен келет. Бирок негизги каржылык жүктү 700 миңдей адам көтөрөт жана алардын төлөгөн акчасы 25 миллиард сомдон ашат.

Пайда таппай, зыянга учурап жаткан дыйканды айлык акыга такап, жылына өсө турган төлөм төлөө тууралуу мыйзам – бул элди тоноо мыйзамы болуп эсептелет.

Абылгазиевдин маалымдашынча, мындан улам ар бир адам өз төлөмүнө жараша пенсия албай, бир иштеген адамга бир пенсионер туура келип жатат. Андан сырткары көбүрөөк айлык алгандар, кийин көбүрөөк пенсия албаганына байланыштуу социалдык төлөм төлөөдөн качып маянасынын жарымын конверт менен көмүскө алган көрүнүш көбөйдү. Эгер ушундай көрүнүш улана берсе, чара көрүлбөсө пенсиялык фонд толбой банкрот болушу мүмкүн:

- Бир миллион 300 миң кишинин ичиндеги 700 миң киши 3 сомдон баштап 200 сомго чейин гана төлөйт. Ал эми калган 700 миң киши 2,5 миң сомдон 100 миң сомго чейин төлөйт. Бул бир пенсионерге бир иштеп жаткан киши туура келет деген сөз. Аз төлөм төлөгөн 700 миң кишинин ичинен биздин статистика боюнча 570 миң киши жерди иштеткен үчүн төлөм төлөйт. Ошолордун төлөгөн акчасы жанагы 25 миллиард сомдун ичинде бир эле пайызды, тактап айтканда 200-250 миң сомду гана түзөт.

Мухаммедкалый Абылгазиев “Азаттыкка” комментарий берип жатып былтыркы эл арасында нааразылык жараткан мыйзам менен азыркы жаңы мыйзам долбоордун айырмасын айтып берди:

- Пенсиялык каражаттарды төлөп жаткан жарандарыбыз категорияга бөлүнөт. Ошолордун эң маанилүүсү айыл жеринде жашап, жер үлүшүнө ээ болуп пенсиялык каражаттарды төлөм жаткандар болуп эсептелет. Буга чейинки, күчүн жоготкон мыйзам ылайык, алар эки сом, үч сом төлөгөн шарт түзүлүп калган. Тапкан пенсиясы болсо 20-30 сом болуп, мамлекет жардам берип базалык пенсия кошулчу. Мына ушуну өзгөртүү үчүн, адамдарыбызга мыйзам менен уруксат бериш үчүн, акчаны көбүрөөк төлөп кийин көбүрөөк пенсия алышы үчүн биз мыйзамдарга өзгөртүү киргизип жатабыз. Жер үлүшү барларды 13 категорияга бөлүп жатабыз. Бир сотыхтан баштан бир гектарга чейин жери барлар бар. Ошолордун баарын бөлүп, ошого жараша акча төлөгөндөй кылып жатабыз. Бирок азыраак жер алып, азыраак акча төлөгөн, өз жанын өзү баккан адамдарга мамлекет көбүрөөк жардам бериши керек.

Өкмөт социалдык төлөм ошол региондогу орточо айлык акыга жараша эсептелиши керек жана жыл сайын көбөйүшү зарыл деп эсептейт. Альтернативдүү мыйзам жазган депутаттар тобу болсо төлөм жердин аянтына жараша саналып, баа өзгөрбөсүн деген шарт коюп жатат.

Парламенттеги “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов өкмөттүн төлөмдү орточо айлык акынын көлөмүнө байлап жатканын сынга алды:

- Бүгүн бир гектар жерге 300 сом төлөп келген болсо, он жылдан кийин үч миң сомдон ашык төлөп калышы мүмкүн. Бул дыйкандар айлык албайт, ошондуктан алар эмнеге биздин жерге айлык алган кишилердин айлыгын байлап жатасыңар деп нааразы болуп жатышат. Бүгүнкү күндө жери актабай жатса дыйкан эмнесин төлөйт? Ошол жеринен күркүрөтө пайда таап, айыл чарбабыз дүркүрөп өнүгүп жатса бир жөн. Анда жакшы болуп жатат, көп пайда таап жатасыңар, ошондуктан пайдаңарды кайсы бир бөлүгүн бул жакка которуп жакшы пенсия алганга аракет кылгыла десек анда башка сөз. Азыр болсо пайда таппай, зыянга учурап жаткан дыйканды айлык акыга такап, жылына өсө турган төлөм төлөө тууралуу мыйзам – бул элди тоноо мыйзамы болуп эсептелет.

Бирок ушул жерден маселен Нарындагы бир гектар үлүш жер менен Оштогу жылына бир эмес экиден түшүм алынган бир гектар үлүш жерди салыштырып болбойт, эгер жерди иштеткени үчүн баа бирдей болсо дагы социалдык нааразылык чыгат деген пикирлер да айтыла баштады.

Айтор парламентте фракциялардын жалпы жыйынында социалдык төлөм боюча орток пикир табылган жок. Эки башка мыйзам жазган, өздөрүнүкүн туура деген өкмөт менен депутаттар тобуна болсо макулдашылган вариантын даярдоо, Жогорку Кеңештин жалпы кароосуна чыгаруу сунушталды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG