Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:54

Төрөттөн ар бир алтынчы мигрант аял жан берет


Казак-кыргыз чек арасында ары-бери жүк ташып өткөргөн аялдар.

Казак-кыргыз чек арасында ары-бери жүк ташып өткөргөн аялдар.

Бишкекте ар бир 6-7- өспүрүм кыз 14 жаштан баштап жыныстык катнашка барат. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулук боюнча жалпы арыздардын 3% гана сотко өтөт. Тартип коргоо органдарында аялдар кызматтык тепкичке өтө кыйынчылык менен көтөрүлөт. Булардын бардыгы Бишкекте өткөн аялдардын алгачкы Улуттук форумунда сөз болду.

2-3-мартта Бишкекте өткөн аялдардын улуттук форумунда аялдар маселеси талкууланды.

Эки күнгө созулган ири иш-чарада кыз-келиндердин укуктарынан баштап, саясий процесстердеги ролу, экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, миграциянын таасири, билим алуусу жана саламаттыгы талкууланып, сунуштар иштелип чыкты.

Айына жетип, көз жарчу күндү күтүп отурган Умсунай Жолболсунова мындан эки жыл мурда Баткенден көчүп келген. Учурда Бишкектин Калыс жаңы конушунда жашайт. Үч баланын энеси Умсунай бул жолу да дарыгерге көп каттабай, дары-дармек ичпей төрөөнү тандады. Тагырагы бир-эки жолу догдурга барып, бирок ал жазып берген витаминдерди ичүүдөн баш тарткан.

- Азыр эң эле коркконум - кантип төрөйм, кантип ооруканага барам? Жакынырак жерде төрөт үйү жок болсо да, бейтапкана курулса жакшы болмок. Балдарды алып барып турганга жакшы болот эле. Буга чейин балдарым да башка жакка катталган. Маршрутка менен барып келебиз. Бул жакка тез жардам чакырсаң деле эки-үч саатта келет. Толгоо башталып калса эмне кыларымды билбейм, такси менен барсак керек. Түнү ооруп калсам эмне болот деп отурам. Азыр дарыгерге барсаң эле каның аз, бала андай, бала мындай деп акча эле алышат. Бир-эки дары жазып берген, аны ичиштен деле коркосуң. Көбүнүн мөөнөтү өтүп кеткен. Көп учурда өздөрүнүн дарыканасына жөнөтөт. Мен дары ичпей эле төрөгөм, ичпейм.

Адистердин баамында, энелерди өлүмгө дуушар кылган жагдайлардын бири миграция. Жакында эле Саламаттыкты сактоо министрлиги энелердин жана балдардын өлүмү боюнча анализ жүргүзүп, төрөттөн каза тапкан ар бир бешинчи аял мигрант экенин айтып чыккан. Маалыматка ылайык, былтыр төрөттөн 95 эне өмүр менен кош айтышкан.

Бишкектеги эне жана баланы коргоо борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев төрөттөн ажал тапкан аялдардын 40 пайызга жакыны медициналык каттоодо турбаганын белгилеген.

Аял саламаттыгы – улут саламаттыгы

Аялдардын ден соолугунан баштап, алардын саясий жана социалдык укуктары, экономикалык, билим алуу мүмкүнчүлүктөрү, саясий процесстердеги ролу, ички-тышкы миграциянын үй-бүлөгө, балага тийгизген таасири тууралуу Бишкекте өткөн эки күндүк аялдардын алгачкы Улуттук форумунда кеңири сөз болду. Кыргызстан аялдар кыймылынын 90 жылдыгына карата “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фонду жана Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан уюштурулган ири иш-чарага өлкөнүн туш-тарабынан 1200дөй активист айымдар катышты.

БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр Аванесов форумда сөз сүйлөп, кыз-келиндердин түркүн көйгөйлөрүн көтөргөн иш-чараны кубаттап, Кыргызстан эне өлүмүн кыскартуу жана өспүрүм курактагы кыздардын билим деңгээлин жогорулатуу багытында иштерди алып баруу зарылдыгын белгиледи. Мунун алдында Кыргызстандын биринчи айымы, президенттин жубайы Раиса Атамбаева Бишкекте ар бир 6-7- өспүрүм кыз 14 жаштан баштап жыныстык катнашка барары изилдөөлөрдө аныкталганын айткан болчу. Анын билдиришинче, шаардагы 12 мектепте эки миңден ашуун кыздардан анонимдүү сурамжылоо уюштурулган. 10-11-класстагы кыздар бойдон алдыруунун кесепети, зыяндары туурасында билбестигин айтышкан.

Роза Отунбаева

Роза Отунбаева

Экс-президент Роза Отунбаева форумда сүйлөгөн сөзүндө аймактагы аялдарды шерине убактысын куру өткөрбөй, натыйжалуу пайдаланууга чакырды.

- Ар айдагы шеринеңерде даамдуу тамак менен убакыт өткөрүүнү өзгөрткүлө. Ар бир жолу өзүңөргө кызыктуу спикерлерди чакыргыла. Лидерлик өнөрүн, финансылык сабаттуулукту өздөштүргүлө. Өзүңдүн, күйөөңдүн, балдарыңдын ден соолугун кантип чыңдоо керек экенин билгиле, тарбиялоонун, ынтымактуу үй-бүлөнүн сырларын тапкыла, кайрымдуулук долбоорлорун түзүп, аны ишке ашыргыла.

Кыргызстандын бир бөлүгү, тагыраагы миллионго чукул жараны чет өлкөдө миграцияда жүрөт. Алардын басымдуу бөлүгү төрөй турган куракта. Анткен менен жашоо-шарттын айынан көчүп-конууга мажбур болгон кыз-келиндер убагында дарыгерге барбай калышат. Алардын бири Бишкектеги жаңы конуштардын биринде жашаган Гүлзат:

- Өзүбүздүн машина бар болгон үчүн төрөт үйүнө жетиштик. Машинасы жокторго кыйын эле да. Бул жакта жеңем кош бойлуу, Ак-Бата жаңы конушундагы бейтапканага барып-келип турат. Ал жакта УЗИ жок, башка жакка жөнөтөт, анализ тапшырганга дагы башка жакка барат. Кээде жол азабы деп барбай коет. Сууну болсо былтыр эле киргиздик, болбосо өзүбүз эле ташып келчүбүз. Өзгөчө талгак болгондо кыйналасың. Ысыкта маршрутка түшүү кыйын, киши көп, чаң буруксуп, тер сасыйт. "Дордой" базарына чейин тыгылып, түртүшүп барасың. Бош орун кээде болбой калат.

Айчүрөк Жумалиева, Талас

Айчүрөк Жумалиева, Талас

Айчүрөк Жумалиева форумга катышуу үчүн Таластан келген. Бул аймакта да миграция, кош бойлуулардын өз ден соолугуна кайдыгер карашы көйгөй жаратып жатканын кошумчалады.

- Бизде да бул маселе курч болуп жатат. Көп жаштар Бишкекке, Казакстанга иштегени кетип атышат. Ал жакта жумуштун азабынан насыяны жаап алайын деп жүрө беришет. Ошентип анализ тапшырбай, догдурга көрүнбөй кеч келген аялдар көп. Жокчулуктун азабынан тоодо жалданып мал баккан жаш үй-бүлөлөр бар. Алардын ылдый түшкөнгө шарты жок. Дарыгерге көрүнмөк турсун, боюнда бар экенин билбей жүрө берген учурлар кездешет. Күйөөсү ат менен бир суткада бизге жетип кабар берет, ат мине алган дарыгерлер кайра ошончо убакта жетип сактап калган күндөрүбүз да болгон. Боюна бүткөндөн кийин төрт-беш айдан кийин келсе биз сүйүнөбүз. Өзү ашып барса, 12 жумага чейин келип катталышы керек. Ошондуктан кыздарды кичинесинен өз ден соолугуна кам көрүүгө тарбияласак жакшы болот эле.

Аялдардын саясатка келүүсү оңой эмес

Кыргызстанда шайлоолордо аялдардын келиши квотанын негизинде ишке ашат.

Кыргызстанда шайлоолордо аялдардын келиши квотанын негизинде ишке ашат.

Аялдардын саясий процесстердеги ролуна токтолгон экс-президент Роза Отунбаева парламентте партиянын тизмеси аркылуу келген аялдардын ордуна аял киши гана келиши керектигин баса белгиледи.

- Жетекчи аялдар зарылчылыкка жараша гана айылдардагы мектептерде, ФАПтарда, райондук ооруканаларда, китепканаларда калды. Бюджеттин эсебинен иштеген мектеп директорлору, саламаттыкты сактоо, муниципалдык мекеменин жетекчилери жергиликтүү кеңештерге шайлоого киргизилбейт деген эки жыл мурдагы мыйзам айылдык аял кадрларды өсүш жагынан таптакыр сызга отургузду.

Отунбаева белгилегендей, Кыргызстанда өзгөчө тартип коргоо органдарда кызматтан көтөрүлүү аялдар үчүн чоң кыйынчылык менен ишке ашат. Учурда, ар кандай тоскоолдуктар, стереотиптерден улам жергиликтүү кеңештин депутаттарынын 13 гана пайызын аялдар түзөт.

Өмүрбек Текебаев

Өмүрбек Текебаев

Ал эми “Ата Мекен” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев Кыргызстандагы жаңы саясий система жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берет деп эсептейт.

- Мен ишенем, кийинки шайлоодон соң да аялдар биздин коомдук турмушубузда, саясатыбазда активдүү роль ойнойт. Аялдарды аткаруу бийликтерине тартуу керек. Биз эркектердин монополиясына дагы чек коюшубуз керек. Өкмөттө болобу, жергиликтүү бийликте болобу эркектер эч убакта 70% ашык бийликте болбошу керек деген монополияны киргизүү кадимки мыйзамдар менен жасала турган иш. Ал күндөр да алыс эмес.

Каликан Даданова алыскы Ак-Талаадан форумга катышууга келген. Ал аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө арналган талкууга катышты. Иш-чарада көтөрүлгөн маселелерди жогору баалап, көп учурда кыз-келиндер жасаган ишинин үзүрүн көрбөй калууда деген пикирин билдирди:

- Биз бул жактан иштерди, сунуштарды жер-жерлерде да аткарганга аракет кылабыз. Эркектер менен тең укукта болуп... Ансыз деле бүт түйшүк аялдардын моюнунда болуп жатпайбы. Ошол жасаган эмгектин үзүрүн көрүш керек дегендей.

Эки күнгө созулган форум жыйынтыгында сунуштар иштелип чыгып, өкмөткө, Жогорку Кеңешке, жарандык коом өкүлдөрүнө жана донор уюмдарга берилди. Анын аткарылышына форумдун активдүү мүчөлөрү байкоо жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG