Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:11

Кыргызстан менен Венгрия ортосунда кандай байланыш бар?


Кечки Будапешттен бир көрүнүш.

Кечки Будапешттен бир көрүнүш.

Президент Отунбаеванын Венгриядагы расмий сапары уланууда. Кыргыз-венгр мамилелери тууралуу тарыхчы Турат Сырдыбаевди кепке тарттык.

-Ушул тапта Кыргызстанда да аз сандагы венгрлер жашайт экен, айтсаңыз алар качан, кандай шартта келип калган?

- Кыргызстанда венгрлер аз эле. Акыркы маалыматтар боюнча, бул жакта отузга чукул эле венгр жашайт. Ал эми тарыхка карасак, алар Кыргызстан аймагына 19-кылымдын башында биринчи дүйнөлүк согушта, кийин Интергелпонун курамында келишкен. Азыр жашап аткандар ошолордун укум-тукумдары.

- Алардын да өзгөчө бир салттары болсо керек, кандай өзгөчөлүгү бар. Эмне менен алектенет?

- Салттарды так сактап калган венгрлер жок. Себеби Совет учурунда алар эмес, кыргыздар деле орусташып кетпедиби. Бирок тарыхый маалыматтарга караганда булар, көчмөн эл деп дагы айтылат, мажарлар деп. Мисалы түрктөр муну Мажарстан деп коёт. Европа өлкөлөрүндө буларды хунлардын мамлекети, Хунлария дешет. Бизге тектеш, түбү бир калктардан.

- Кыргызстанда негизинен венгрлердин түрк тилдүүлөрү жашап калса керек?

- Булар этнос болуп калыптанып калгандан кийин келишкен. Тарыхка караганда булар дагы топурагын, ата-тегин издеп келгендери көп. 19-кылымдын аягы, 20-кылымдын башында чоң-чоң окумуштуулары, саякатчы, тарыхчылары келип, Кыргызстанды изилдеп кеткендери бар. Алар “Манас” эпосуна көз жүгүртүп, жазып кетишкен. Ысык-Көлдөгү кыргыздардын башка кошуна өлкөлөр менен карым-катнашын жазып кеткен.

- Кыргызстандагы 30 чакты венгрлер каяктарда жашайт?

- Булара чогуу эмес, ар кимиси ар кайсы жерде жашайт. Кыргызстандагы чех, словактар сыяктуу эле орусташып, сиңип кеткен. Айрымдары так тилин да жоготуп койгон. Бирок биз венгрбиз деген аң-сезим калган.

- Президент учурда Венгрияда жүрөт. Эки өлкөнүн тарыхый кызматташтыгы кандай болуп келген жана мындан ары кайсы багытта кызматташуулар жанданышы керек деп ойлойсуз?

- Көп тармактуу кызматташса болот. Венгрия деле Кыргызстан сыяктуу аз калктуу. Бирок азыр Чыгыш Европадагы өнүккөн өлкөлөрдүн бири. Совет мезгилинде эле экономикалык жактан байланыш болчу эмес беле. Ошолорду жандандырса болот. Венгриядан кызыгып Кыргызстанга келебиз дегендери көп, ошону пайдаланып саякат уюштурса болот. Казакстанды, түпкү ата-тегин изилдейбиз дегендер бар. Андан сырткары алардын окумуштууларын, тарыхчыларын чакырып, бизден ал жакка барып илимий жактан кызматташса болот. Булар хундардын тукумдары да. Хундар кыргыздар менен тектеш учурда жашап келген байыркы улуттардан десек болот.
XS
SM
MD
LG