Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Шайлоо менен митинг эгиз козудай


Бишкектин борбордук аянтында соңку жылдары күн сайын жок дегенде бир митинг өтүшү көнүмүш адамка айланып калды.
Бишкектин борбордук аянтында соңку жылдары күн сайын жок дегенде бир митинг өтүшү көнүмүш адамка айланып калды.

Кыргызстанда шайлоо алдында социалдык, кадрдык маселелерди митинг-пикет аркылуу чечип алуу аракети өнөкөткө айланууда.

Бишкектеги Ак-Ордо, ТЭЦ-2 жаңы конушунун тургундары 6-сентябрда өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгып, үйлөрүн мыйзамдаштырып берүү талабын койду. Буга удаа эле Нарындын Миң-Куш шаарчасындагылар жашоо-шартын жакшыртуу талабы менен Бишкекке чабарман жөнөткөнү жатканын айтып чыкты.

Шайлоо шарапаты менен маселе чечилеби?

Ак-Ордо, ТЭЦ-2 деп аталган конуштар 2005-жылы жер басып алуулардан улам пайда болгон. Аталган конуштун 100дөй тургуну 6-сентябрда өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, премьер-министрден үйлөрүн мыйзамдаштырып, суу, жол, жарык өңдүү проблемаларды чечип берүүнү талап кылышты.

Ак-Ордо жаңы конушу, 2011-жылдын 1-сентябры.
Митингге чыккан Саламат Закирова конуш көйгөйлөрү чечилбесе чечкиндүү кадамдарга барышаарын айтты.

- 2005-жылы элдин үмүтүн үзүп эле, ошондо катуураак чара көрүп, ОМОН, аны-буларды алып келип күчтөп койсо эле элдер коркуп, качып үйлөрдү кура алмак эмес. Азыр эми эптеп, ак эмгегибиз менен тапкан акчабызды салып үй куруп алдык. Бирок киши катарында эмеспиз. Көп нерседен кур калдык. 960 түтүн жашайт конушубузда. Ар бир үйдө төрттөн-бештен, кээлерибиз жетиден-сегизденбиз. Балдарыбызды же мектепке бере албайбыз. Ооруканаларга бара албайбыз. Кыргызстанда, өзүбүздүн жерибизде жашап туруп укугубуз жок болуп жатат.

Конуштар жайгашкан жер боюнча Жылуулук электр борбору соттошуп жаткан экен. Митингчилерге келген ТЭЦтин жетекчи орун басары Жолдошбек Назаров жаңы эле арыздарын соттон кайрып алышканын, эми маселени чечүү мэрияда калганын маалымдады:

- Ушул жерлер ТЭЦке бөлүнүп берилген. Ленин районунун администрациясы аны кайра элге бөлүп берген. Ошого сот болуп жаткан. Мэрия бул боюнча чечим чыгаргыча биз сотту азырынча токтотобуз. Мэрия жерди бизге да берди, элге да берди. Эми өзү чечсин.

Чогулгандар шаар мэри Иса Өмүркулов келгенде шайлоого чейин маселелерин чечип берүүнү талап кылышты. Өмүркулов болсо бул убакытты талап кылаарын айтты:

- Силердин эле конушта эмес, бардык 47 конушта ушундай маселелер бар. Мына четинен чечип келе жатабыз. Түнү-күнү иштеп жатабыз. Анан момундай жол менен чече албайбыз. Ызы-чуудан пайда чыкпайт. Беш кишиден турган демилгечи топ түзүп, мэрияга, мага каттап тургула.

Миң-Куштун эли да карап турбайт

Бишкекте акордочулар митингге чогулуп жаткан чакта Нарындын Миң-Куш шаарчасынын тургундары да жашоо-шарттын начардыгына нааразыланып өкмөткө кайрылуу жолдогону жатканы маалым болду. Шаар тургуну Урмат Сабыралиев атайын өкүлдөрдү камдап-чомдоп Бишкекке жөнөтүшөрүн, жакынкы убакытта оң жооп келбесе жол тосулаарын “Азаттыкка” айтып берди:

Миң-Куш шаарчасы.
- Эл пикетке чыгып, жолдуу бууп, карьерди иштетпейбиз деп жатышат. Кечээ эле чогулуп, Отунбаевага, Атамбаевге, Путинге, Медведевге кат жазып, эртең балдар шаарга алып кетишет. Чоңдор шайлоо болоордо гана келишет. Бул жакта эл жөлөк пул, пенсияга гана жашап калды. Бул жактын жашоосу аябай кыйын. Оору да аябай күч болуп жатат. Карапайым эл эмне үчүн ооруп жатканын билбейт экен да. Көрсө уран калдыктары таасир берип, Миң-Кушта уулуу заттын күчү аябай чыгып жатыптыр. Эл маселелерди чечпесе мындан ары шайлоого барбайбыз деп атышат. Гумжардамга ун берилчү. Акыркы күндөрү мөөнөтү бүткөн, курттап кеткен ундарды берип калышты.

Кыргызстанда шайлоо алдында социалдык, кадрдык маселелерди чечип алууга далалат жасоо көп жылдардан бери калыптанган калган. Саясат талдоочу Уран Ботобеков коомдогу мындай өнөкөт тууралуу оюн ортого салды:

- Бүгүнкүдөй кырдаалдын түзүлүшүнө шайлоочулар дагы, бийликке умтулган саясатчылардын дагы салымы бар. Бийликке жетем деген саясатчылар утурумдук ийгилик үчүн ар кандай убадаларды ооз толтуруп беришет. Бирок ал убадалар бийликке жеткенден кийин дароо унутулуп калат. Биздин электорат да ошондой, берген акчасын алышат, бирок маселе чечилип-чечилбегенин аңдашпайт.

Серепчилер шайлоо жакындаган сайын мындай акциялар дагы көбөйүшү ыктымалдыгын эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG