Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

"Эл үнү": Коомдук каналды колго алуу аракети башталгандай...


“Эл үнү” берүүсүнө кайрылган угармандар Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын жана Акыйкатчы Турсунбек Акундун айланасында болуп жаткан маселелерге пикирлерин билдиришти.

Кочкор району, Рахат Калыкбердиев: - Мен «Ар-намыс» фракциясынын он депутаты коалицияга кошулабыз дегенине түшүнбөй турам. Алар оппозицияда болгондугу үчүн Экономика жана бюджет боюнча комитетин ээлеп турушат. Эгерде алар коалицияга кошула турган болсо жогорудагы комитетти «Ата Мекен» фракциясына өткөрүп бериши керек. Жарымы бийликте, жарымы оппозициядагы фракцияны кандай түшүнсө болот?

Аксы району, Алдашев: - Парламентте Акыйкатчы Турсунбек Акунга туура эмес айтылып жаткан пикирлерге каршыбыз. Анткени Турсунбек Акун 2002-жылдан бери Аксы районунда адамдардын укугун коргоо боюнча чоң иштерди аткарган. Акыйкатчы болгондон кийин дагы канчалаган адамдардын укуктарын коргоп, сооп иш жасап жатат. Ага кысым жасоо токтотулсун деп талап кылам.

Бишкек шаары, Турганбай: - Парламент радиосун угуп отуруп жаман кейидим. Жогорку Кеңештин отурумунда КТРКнын жетекчиси Кубат Оторбаевди депутаттар «сагыз чайнап отурганыбызды, терс жактарыбызды кайра-кайра көрсөтөсүңөр», - деп кине коюп, таарынганы туура эмес. Тескерисинче телевизордон ошондой жаман жактарын көргөзүшү керек. Себеби, эл ошолорду көрүп туруп, анан өзүнүн баасын бериши керек. Азыр жаңы бийлик криминал менен байланышып баратат окшойт. Азыр жакпагандарын четинен сабай баштады.

Бишкек, Тилебаев Ташболот: - Биздин парламенттеги «кой терсин жамынган» "Ак жол" партиясы менен «Алга Кыргызстан» партиясынын мурдагы депутаттары жана мүчөлөрү эркин массалык маалымат каражаттарын, анын ичинде Коомдук телеканалды, биринчи радиону өздөрнүн колуна алуу аракетин көптөн бери жасап жаткандай. Алар Коомдук теле каналдын Байкоочу кеңешин таратып, өздөрүнүн кишилерин Байкоочу кеңешке шайласакбы деп аракет кылып жатышат. Булардын болгон шылтоосу «Коомдук теле каналдын Байкоочу кеңеши Убактылуу өкмөттүн Декрети менен шайланып калган, ошондуктан Убактылуу өкмөттүн Декрети жараксыз», - дешет. Ал эми ошол эле Убактылуу өкмөттүн 19-май 2010-жылдагы №40 Декретинин негизинде Конституцияны кабыл алуу боюнча референдум 2010-жылдын 27-июнунда өттү. Ошонун негизинде Конституция кабыл алынды. Жогорку Кеңешке депутаттар шайланды. Бул жерде мындай суроо туулат: Эмне үчүн Убактылуу өкмөттүн Декрети менен шайланган Коомдук каналдын Байкоочу кеңеши мыйзамсыз болот дагы, ошондой эле декрет менен шайланган Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзамдуу болуп чыга келишет?

Ноокен району, Мамажан Абдыназаров: - Мен мал уурулук боюнча айтайын дедим эле. Жалал-Абад облусунда Өзбекстандын бир жараны мал уурулук кылып кармалып, 18 жылга эркинен ажыратылыптыр. Аны укук коргоо органдары үч жылдан кийин чыгарып, кайра уурулук кылып кармалып, экинчи жолу кесилип кеткен. Эмне үчүн ушундай маселени териштирип, күнөөлүү адамдарды кармап, мыйзамдын чегинде жоопко тартпайт? Ушул маселеге кайдыгер карагандыктан мал уурулук күчөп жатат.

Эгерде «Эл үнү» берүүсүнө пикириңизди билдирем десеңиз 31-61-65 номурлуу телефонуна чалып аты-жөнүңүздү айтып, авто жоопко жаздырып коюңуз. Бирөөнүн аброюна шек келтирген пикирлер жана жалган маалыматтар эфирге чыгарылбайт.
XS
SM
MD
LG