Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:10

Депутат Дастан Бекешов Мамлекетик гимндин экинчи куплетин ырдоодон алып салган Жогорку Кеңештин токтомун артка кайтарууну сунуштап жатат.

Анын жүйөсү боюнча, парламент мындай олуттуу маселени шашылыш кабыл алган.

Ал эми улуттук символикаларды өзгөртүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын айтымында, алар гимндин экинчи куплетиндеги “бейкуттук” жана “досторуна даяр дилин берүүгө” деген мааниси талаштуу сөздөрдөн улам аны алып салуу чечимине келишкен.

"Токтом шашылыш кабыл алынды"

“Байыртадан бүткөн мүнөз элиме,
Досторуна даяр дилин берүүгө.
Бул ынтымак эл бирдигин ширетип,
Бейкуттукту берет кыргыз жерине”.

Мындан ары өлкө гимнинин бул саптары ырдалбайт. Андай чечимди Жогорку Кеңеш 27-декабрдагы токтому менен кабыл алды. Бирок “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Дастан Бекешов парламенттин токтому чийки болуп калды деп, артка кайтарууга аракет кылууда. Ал спикерге жолдогон катында белгилүү публицист Эсенбай Нурушевдин гимндин текстине байланыштуу макаласынан улам көз карашы өзгөргөнүн жазган.

- Шашылыш жыйынтык болгондой болбосун, кайра карап чыксын деп сунуштадым. Анткени биз шашып эле кабыл алып койбодукпу. Комиссия дагы бир карасын, Эсенбай Нурушевди чакырып, айткандарын карап көрсүн деп сунуш кылып жатам.

Дастан Бекешов

Дастан Бекешов

Мамлекеттик символикаларды өзгөртүү боюнча 2011-жылдын мартында түзүлгөн депутаттык комиссия былтыр жыл тогошкон маалда - 27-декабрда корутундусун жарыялаган. Натыйжада 70тен ашык депутаттын колдоосу менен Мамлекеттик гимндин экинчи куплети толугу менен алынып салынган болчу. Ага негизинен ”бейкуттук” деген сөздүн карама-каршы мааниге ээ экендиги себеп болгон. Комиссия мүчөлөрү “кут” деген сөздүн алдына “бей” деген жалгама келгенде “кут” сөзү тескери маанини берип калат деген жыйынтыкка келишкен эле.

Бирок белгилүү публицист Эсенбай Нурушев мындай корутундуга макул эмес. Ал депутаттык комиссиянын чечими илимге негизделбеген тыянак болуп калды деген ойдо. “Бейкут” сөзүнүн этимологиясын изилдеп чыккан Эсенбай Нурушевдин айтышынча, “бейкут” фарсы тилинен келген сөз жана ал азыркы кыргыз тилиндеги “кут” сөзү менен эч бир байланышы жок.

- Андай-мындай деп айтыштан мурда сөздүктөрдү ачып, карап көрүш керек. “Иран сөздөрүнүн этимологиясы” деп 2000-жылдан бери Москвадан чыгып келаткан сөздүк бар. Ошолорду да карап көрүш керек болчу. Анан “бейкут” деген сөздү кыргыздын “кут” деген сөзүнө байланыштырып жатышпайбы. Анын буга такыр тиешеси жок. Тереңирээк изилдеп көрбөстөн, булар дүңүнөн, үстүртөдөн эле карап, “бейкут” деген сөз “кутсуз” деген маанини билдирет деп, "уруп" салыптыр.

Бул пикирине бир катар илимий мисалдарды келтирген публицист “бейкут” сөзү түпкү маанисинде тынчтыкты, жымжыртыкты билдирерин далилдөөдө. Ошону менен катар анын “тынч”, “тынчтык”, “бейпил”, “мемиреген”, “сак-саламат” деген маанилерде колдонулуп келатканы туура экендигин кошумчалады.

Кезек тууга жетти

Ал эми мамлекеттик символикаларды өзгөртүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагасы, “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Абдрахман Маматалиев бир катар тилчи-окумуштуулар менен бирге иштегенин белгилейт.

- Комиссия жеткире иштеп, "бышырып", чечим чыгарды деп ойлойм. Экинчи куплеттеги “бейкуттук”, “досторуна даяр дилин берүүгө” деген сөздөр боюнча дайыма талаш-тартыш болуп келген. Бул талкууланып, жыйырма жолу жыйынга чогулуп отуруп, анан кабыл алынган чечим. “Бейди” алып салсак, “кут” өзү маани берип жатпайбы. “Жакшы” дегенди, “куттуу” дегенди билдирип жатат. Муну талкуулаганда көптөгөн окумуштуулар, түркологдор, илимдин докторлору, кандидаттары жана академиктер катышкан.

Ошол эле кезде депутаттык комиссиянын мүчөсү, кадамжайлык акын жана жергиликтүү кеңештин депутаты Абдинаби Назарбаев бир куплетти толугу менен алып салууга каршы чыккан. Ал гимндеги талкуу жараткан сөздөрдү башка сөздөр менен алмаштырып коюу керек болчу дейт.

- Комиссия бир куплетин алып салды. Мындай болгондон кийин анын тарбиялык мааниси жоголот. Терс маанидеги сөздөрдү гана алмаштырып, оңдоп коюш керек болчу.

Кыргызстандын гимни мындан жыйырма жыл мурда, 1992-жылдын 18-декабрында легендарлуу парламент тарабынан кабыл алынган. Анын авторлору - Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев.

Шабданбек Кулуев Жогорку Кеңештеги талкуу учурунда комиссиянын гимндин бир куплетин алып салуу чечимине макул экенин билдирген.

Айтмакчы, гимнден кийинки кезек Кыргызстандын туусуна келет. Депутаттык комиссия тууну өзгөртүү маселесине коомдук талкуудан кийин кайрылып келмей болду. Бирок ошол эле кезде мамлекеттик ыйык белгилерди өзгөртө берүү өлкөнүн туруксуздугун билдирет дегендер да жок эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG