Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:50

Кыргызстан президенти быйылкы жылды Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыялады. Жүз миңдеген мигранттар үй-бүлөсүнөн алыста жүргөн, өткөн жылдары кандуу кагылышууларды башынан өткөргөн Кыргызстанда кечиримдүүлүк, үй-бүлө жылы кантип өткөрүлөт?

Талкууга мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, президенттик аппараттын кызматкери Алмаз Кулматов жана саясат таануучу Табылды Акеров катышты.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:







“Азаттык”: Алмаз мырза, быйылкы жыл Үй-бүлө, ынтымак, кечиримдүүлүк жана тынчтык жылы деп жарыяланды. Төртөө тең чындыгында опол тоодой маани камтыган сөздөр. Алардын ар бирине токтолуш керек.

Биз ушул үй-бүлө маселесинен баштасак. Бул үй-бүлө мамлекеттин кичинекей ячейкасы деп айтылып жүрөт. Ал канчалык бекем болсо, мамлекет да бекем болот дейт. Мына ушул үй-бүлөнү бекемдөө үчүн кандай аракеттер жасалат? Кандай иштер аткарылат?

Алмаз Кулматов: Темасы айтып тургандай, Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыялоо менен баары бүтүп калат дегенди билдирбейт.

Биринчиден, чоң темалардын бири жардыкка камтылып жазылды. Ушул багыттардын баары тең өз ара тыгыз логикалык байланышта турат. Бардык нерсе үй-бүлөдөн башталат.

Биз эңсеп, көксөп келген, мамлекеттик саясаттын эң негизги багыты болгон социалдык-экономикалык өнүгүү, жарандын коопсуздугун камсыз кылуу, биздин өлкөдө атуулдардын сыймыктанып жашагыдай, меймандарга суктангыдай өлкөгө айлантуу үй-бүлөдөн баштала тургандыгына байланыштуу болот. Бул мамлекеттик саясатка стимул бере турган жардык.

Жогорку Кеңеш бул маселени талкуулаган. Бизге көптөгөн жарандык коомдор кайрылган. Бул мыйзам чыгаруу бутагы, аткаруу бийлиги, башка бардык коомдук-саясий институттардын биргелешкен аракетин талап кыла турган багыт.

“Азаттык”: Табылды мырза, бул жооптор сизди канааттандырып атабы?

Табылды Акеров: Негизинен идея жакшы эле болгон. Бирок бул идеяны элге таратуу бир аз кыйыныраак болот. Себеби аты төрт бөлүктөн болуп, узун болуп жатпайбы. Муну дагы бышырып, башка бир нерселерге жакыныраак алыш керек деп ойлойм.

“Азаттык”: Кечиримдүүлүк. Бул кимге багытталат? Апрель, июнь коогалыңында набыт болгондордун жакындары адилет сотту жана күнөөлүүлөрдү жазалоону талап кылып жатпайбы. Ушул төрт пункттан турган жардык азыркы учурга шайкеш келеби?

Осмонакун Ибраимов: Ынтымакка эмне жетсин? Үй-бүлөдө ынтымак болуп, эл-журт менен аман-эсен жатсак ага эч нерсе жетпейт. Бул жагынан мен бул жардыкты колдойм.

Ошону менен бирге, коомчулукта белгилүү кооптонуу да бар. Анткени жакында биздин борбордук аянтта набыт болгондордун саны 100гө жетти, түштүктө эки шаарыбыз ордуна келе элек, көп жарааттар айыга элек. Ошондуктан кечиримдүүлүк өтө жакшы нерсе, өткөн-кеткендин баарын эстеп отурбай, келечекке көз таштап, жакшы нерселерди баштасак жакшы болот.

Ошону менен бирге кечирбей турган нерселер да бар. Аны эч качан унутпашыбыз керек. Канткен менен 100 кишинин каны эч кимди койо бербейт, ошого күнөөлүүлөрдү жана аларды жазалабай жаткан сотторду эч качан кечирбейт. Ошондуктан бул жерде бизде таза, ачык позиция болуш керек.

Саясий карама-каршылыктан келип чыккан нерселерге албетте айкөлдүк кылып, аны эсепке албай, “Манаста” айтылгандай, "чачылганды жыйнап, үзүлгөндү улашыбыз" керек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG