Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:58

Жакында эле ондогон жаш активисттер парламент депутаттарын жердешчилик өнөкөттүгүн күчөтүүдө деп айыптады. Кечээ эле жаңы коалициянын атынан өкмөт башчы жана спикерди шайлоодо да "жердешим утту" деп трибунадан ачык куттуктаган депутаттар да азыр коомчулуктун кызуу талкуусунда.

Талкууга журналист Бакыт Орунбеков, эл аралык мамилелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул жана коомдук активист Сүйүнбай Бөрүбаев катышты.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





"Азаттык": Биринчи "жердешимди куттуктайм" деген "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Равшан Жээнбеков Өмүрбек Бабановду куттуктады, кийинкиси спикерликтен утулуп калган Курманбек Осмонов өзүнүн жердеши Асылбек Жээнбековду спикер болушу менен куттуктады. Бул азыр коомчулукта кызуу талкууда. Бакыт мырза, сиз парламент трибунасынан болгон куттуктоолорду кандай кабыл алдыңыз?

Бакыт Орунбеков: Бул бизде Кыргызстанда саясий элитанын калыптана электигинин белгиси, Кыргызстанда саясий маданияттын, мамлекеттик деңгээлде мамлекеттик аң-сезимдин жоктугу.
Жалпы кыргыз элинде "бөлүнсөң бөрү жеп кетет" деген түпкүрдөгү сөз айтылып жүрөт. Бирок шартка байланыштуу саясатчылардын айрым туура эмес үгүт иштерине байланыштуу бөлүнүп-жарылуу азыркы күндө күч алып кетти.

Бизде депутаттарды, Жогорку Кеңешти, өкмөттү, президентти жалпы мамлекеттик деңгээлдеги адамдар деп сезебиз. Элди бөлүп-жарып аткандар ушул деңгээлде чыгып атат. Саясий элита деп эсептеген адамдар менен аралашып жүрөбүз, алар расмий деңгээлге, сыналгыга чыкканда "кыргыз биримдиги, түндүк-түштүктүн ынтымагы, жалпы кыргыз мамлекети" деп айтышат.

Ал эми өзүнүн туулуп-өскөн айылына барганда, кол топтоп, добуш алуу үчүн электораттын негизги көзүрү катары тууганчылдык ураанды биринчи планга коюп келатканы жашыруун эмес. Ошондуктан муну кыргыз элитасынын жалпы деңгээлинин начар көрүнүшү деп эсептейм.

"Азаттык": Сүйүнбай мырза, Акматбек Келдибеков кызматтан кеткенден кийин алайлыктар "Алай коому" деп спикерди колдогон иш-чараларды уюштурдуңуздар. Эл коңгуроо чалгандан эле билсе болот, жердешчилик оорусу аябай күчөп атат. Сиздерге ошол тараптан атайын сүйлөшүүлөр болобу, же жердешчиликтин пайда жактары да бар деп ойлойсузбу?

Сүйүнбай Бөрүбаев: Бул кыргыздын канында бар, "туулган жердин топурагы алтын, туугандын турпаты алтын" деген накыл кеп бар. Элдин кызыкчылыгына, өсүп-өнүшүнө өбөлгө түзө турган талаш-тартыш болсо жакшы жагы деп ойлойм. Бирок алакандай кыргыз эли 6-7ге бөлүнүп кеткени туура эмес. Анткени жалпы кыргыз элинде "бөлүнсөң бөрү жеп кетет" деген түпкүрдөгү сөз айтылып жүрөт. Бирок шартка байланыштуу саясатчылардын айрым туура эмес үгүт иштерине байланыштуу бөлүнүп-жарылуу азыркы күндө күч алып кетти.
Өзүнүн туулуп-өскөн айылына барганда, кол топтоп, добуш алуу үчүн электораттын негизги көзүрү катары тууганчылдык ураанды биринчи планга коюп келатканы жашыруун эмес.

"Азаттык": Чынара айым, "кайдан болосуң" деп сураган учурлар көп болобу? Таанышуу эмнеден башталат?

Чынара Эсенгул: Мындай суроолор деле болгон эмес, жаштардын арасында бул суроо көтөрүлбөйт.

"Азаттык": Жердешчилик, бөлүнүүчүлүк, ошого карап партияга чакыруу, кызматка дайындоо жаштар арасында да барбы, же өзгөчө саясатта, министрликтерди бөлүштүрүүдө гана негизги ролду ойноп атабы?

Чынара Эсенгул: Бар, же жок деп бир тараптуу айтуу оор. Бирок бир трендди, тенденцияны алсак жаштардын арасында жок деп ойлойм. Анткени жаштар улуу муундун каталарын, туура эмес натыйжа алып келип атканын көрүп туруп, мындан алыс болгонго аракет кылып атышат.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG