Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:48

Мандат талашка чекит коюунун укуктук механизмдери тууралуу Конституциялык палатанын мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова “Азаттыкка” маек курду.

"Азаттык": 6-чакырылыштагы парламенттин келгенине 3-4 ай болуп калды. Бирок ошондон бери өлкөнү өнүктүрүү боюнча алгылыктуу эч кандай стратегиялык программалар, пландар сунуштала электигин айтып жатышат. Жаңы чакырылыш келгенден бери эле мандат талаш менен алек болуп жаткандай. Айрым эксперттер муну парламентаризмге сокку катары баалашууда. Мандат талашка чекит коюунун кандай укуктук механизмдерин, жолдорун көрүп турасыз?

Клара Сооронкулова: Укуктук механизмдердин баары Конституцияда көрсөтүлгөн. Учурда болуп жаткан көрүнүштөрдүн баары Конституцияга да, бардык мыйзамдарга да каршы келүүдө.

Баш мыйзамда “Жогорку Кеңештин депутатынын мандаты эркин” деп жазылып турат. Ал императивдик мандат эмес. Депутат жалпы элдин кызыкчылыгын ишке ашырышы керек, ал партияга байланбайт деген сөз. Бирөө өз ыктыяры менен депутатты каалагандай чакырта алалбайт.

Коомдун өзүнүн саясий маданияты өнүгүш керек. Мыйзамдардагы механизм абдан туура, бирок ойдогудай ишке ашпай жатат.

Башынан эле партиялык түзүлүштүн кемчиликтери болгон. Чынын айтканда, партиялар ойдогудай болбой жатат. Партияга бир максатты көздөп, бир программаны колдогон адамдар биригиши керек эле. Бирок шайлоодо акча чыгара ала тургандар кирип калууда. Буларда идея жок. Шайлоонун алдында “добуш чогултуп бере албасам, мандатымдан баш тартам” деп тил кат жазып койгондуктан ошол арыздарга азыр жол берилип калууда. Бирок бул туура эмес да. Анткени шайлоочу добуш берип жатканда партиянын программасына добуш бериш керек. Ошолор азыр өкмөттүн программасы, стратегиясы болуш керек эле.

Бир гана жолу бар – мыйзамдуулукту сакташ керек. БШК, соттор туура эмес чечим чыгарып жатат. Булардын баары көз каранды болуп жатат.

"Азаттык": Биз азыр сөз кылып жаткан окуялар эки жыл мурда башталганын өзүңүз да билесиз. Анткени өткөн парламенттеги фракциялардын башчылары макамды жогорулатуу, фракциялардын укуктарын кеңейтүү тууралуу чечим кабыл алышпады беле. Ошол жетекчилер азыркы чакырылышта да отурушат. Кандай деп ойлойсуз, мандат талашка чекит коюу үчүн алар ошондо кабыл алган чечимдеринен баш тарта алышабы?

Клара Сооронкулова: Булар партиясынын кийинки тагдырын, шайлоочулардын колдоосун ойлосо, чындап эле күчтүү партия түзөбүз десе, анда мындай нерседен баш тартышы керек. Мындай көрүнүш ар бир фракциянын өзүм билемдигине жана мандат чакыртып алууда субъективдүү чечимге жол берип жатат.

Депутат жалпы элдин кызыкчылыгын ишке ашырыш керек, ал партияга байланбайт деген сөз.

Депутаттын үстүнөн чектелбеген фракциялык көзөмөл орноп жатат. Ар бир депутат фракция менен макул болбой коюшу мүмкүн, өз оюн эркин айта албайт, эркин добуш бере албайт. Анткени “жазган арызым бар, мандатыман ажырап калам” деп коркот. Ошондуктан депутат көз каранды болуп, фракциянын кулу болуп калууда.

"Азаттык": Бул маселеде жарандык коомдун ролуна кандай баа берет элеңиз? Анткени парламенттин чыгашаларын санаган, кемчиликтерин баса калып көрсөткөн жарандык коом үн катпай отургансыйт. Мандат талашты токтотуу демилгесин көтөргөн юристтер барбы?

Клара Сооронкулова: Жарандык коом муну көтөрүп чыккан күндө деле майнап чыкчудай эмес. Бул партиялардын өзүнүн кемчилиги болуп жатат. Башынан эле парламентаризмге даяр эмес экенбиз. Анткени парламентаризм өнүгүп, мандат маанилүү болуш үчүн чыныгы партиялар болуш керек. Ал эми кечээ эле пайда болгон партиялар мандатты товар кылып базарда саткандай болуп жатат. Ошондон келип чыгууда. Жарандык коом бул жерден бир гана нерсени жасай алат – калкка түшүндүрүп айтыш керек. Партиялардын мааниси кандай, алар кандай принциптер менен биригиши керек дегенди түшүндүрүш керек.

"Азаттык": Шайлоону демократиянын атрибуту деп эсептейбиз. Өлкө канчалык демократия жолунда баратканын көрсөтчү белги катары кабыл алып келатабыз. БШКнын азыркы чечимдерине кандай укуктук баа бересиз?

Клара Сооронкулова: БШКнын иш-аракеттерине абдан нааразымын. Анткени элдик суверенитет шайлоо аркылуу ишке ашат да. Бул жерде шайлоону өкмөт өткөргөндөй болуп калды. Тизмени да өкмөт түздү, шайлоочуларды каттап жатканда да өкмөт аралашты. Эч ким аралашпаш керек болчу. Бирок БШК минтип иштебеш керек. Ал көз карандысыз болуп, эч кимге баш ийбеген, акыйкат, мыйзамдын негизинде иш алып барган орган болуш керек.

"Азаттык": Азыркы көрүнүштөрдү парламентаризмдин сыноосу катары кабыл ала турган болсок, мындан кандай сабактарды алсак болот? Беш жылдан кийин болчу шайлоодо мындай көрүнүштөрдү болтурбоо үчүн эмнелер зарыл?

Клара Сооронкулова: Шайлоо системасын өзгөртүүгө эч кандай мүмкүнчүлүк жок. Анткени пропорционалдык система Конституцияда бекитилген. Азыр “аралаш система киргизсек мындай болбойт, партиядан жана өз алдынча чыккан талапкерлер бири бири менен атаандашат” деп айтып жатышат. Бирок ал үчүн Конституция өзгөрүш керек.

Негизги жоопкерчилик шайлоочуда болушу керек. Шайлоочу депутат ким болгонун, анын ролун жакшы түшүнө албай жатат. Депутат ар бир шайлоочуга таандык, мамлекеттик бийликти жүзөгө ашыруучу адам. “Мандатын алат, беш жыл отурат, чуркап барсам кайсы бир иштеримди бүтүрөт” деген түшүнүк менен шайланып калууда. Коомдун өзүнүн саясий маданияты өнүгүш керек. Мыйзамдардагы механизм абдан туура, бирок ойдогудай ишке ашпай жатат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG