Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:54

“Ата Журт” партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Убактылуу өкмөттүн финансы министри Темир Сариевдин банк кутучаларынан алынып, колго таратылган акчалардын таржымалы коом ичинде уу-дуу болууда. Сиз бул иштин бир гана чети дегендей айттыңыз, калганын качан айтасыз?

Ташиев: 2010-жыл биздин мамлекетибиз, эл-журтубуз үчүн өтө оор жылдардан болду. Ошол эле мезгилде катуу өзгөрүү болду. Биз ошол саясий өзгөрүүнү жактайбыз, ага эч кандай каршылыгыбыз жок. 7-апрелден кийин мамлекеттин жоопкерчилигин мойнума алам, мындан ары бардыгын азыркыдан жакшыраак жашатам деген адамдар бийликке келди. Бирок алардын жасаган жумуштары такыр башкача болду. Мына бир эле мисалды айтайын: ошол мезгилде мыйзамсыз түрдө банктарда кутучалар ачылганда атайын комиссия түзүлүп, коомдук жана мамлекеттик уюмдардан, граждандык коомдон өкүлдөр кирбестен, бир гана укук коргоо органдарынын адамдары кирген.

Канча кутуча ачылды, ичинен канча акча чыкты жана ал акчалар кандай сарпталды - бардыгы азыр бүдөмүк. Парламентке берген маалыматында Темир Сариев 1 млн. 300 миң долларды бөлгөнбүз деп айтты. Кайсы мыйзамдын, кайсы документтин негизинде бөлүнгөн дегенде, кыргызча жөн эле болгон экен. Актай кагазга кол койдуруп эле 5-10-30 миң долларларды алып кете беришкен. Тартипти сактоо үчүн укук коргоо органдарына, же башка мамлекеттик органдарга тыйын жетпегендин негизинде акчаларды бергенбиз дейт. Макул, биз аны түшүнөбүз. Бирок эч кандай укук коргоо органдарына тиешеси жок, айталы, токой чарбасы, мамлекеттик каттоо, министрлердин жардамчылары алып кете беришкен. Бул финансылык жоопкерсиздик. Бизде өтө көп маалымат, документтер бар. Бирок ошол эле мезгилде биз мамлекеттин тынчтыгын, бүтүндүгүн сактап калуу үчүн документтерибизди парламентте каралган маалда гана, өңүтү келгенде гана чыгаралы деп кармап турабыз.

“Азаттык”: Сиздер качан чыгарышыңыздар мүмкүн, дегеле бул иштин аягына ким чыгат, прокуратурабы же парламентпи, ким териштирет?

Ташиев: Банктан канча акча алынганы да бүдөмүк. Бүгүн биз банктагы кутучаларды ачканда комиссиянын курамында кайсы адамдар болгонун толук алабай жатабыз. Себеби, баары жашыруун жүргүзүлгөн. Туура, банктарда мурдагы президенттин тууган-уругунун, же бала-чакасынын, жакындарынын кутучалары болушу мүмкүн. Ошол эле мезгилде өз акчаларын сактаган башка граждандар болушу мүмкүн да, биздин Кыргызстандын эле эмес, башка чет өлкөлөрдүн дагы. Демек, бул жерде түздөн-түз атуулдардын укуктары бузулган. Бул маселеге сөзсүз түрдө парламент чекит коюшу керек.

Курал тараткан эмесмин

“Азаттык”: Өзүңүздүн жеке ишмердигиңизге байланышкан суроолорду бере кетейин. Түштүктө Ташиевди элдик баатыр аташат экен, кээ бир үйлөрдө портретиңиз илинип турат дешет. Ошол эле кезде сизди ашынган улутчул, керек болсо июнь кагылышы учурунда бир тарапка курал да тараткан болуш керек деген имиштер Интернет аркылуу тарап кетти. Мына ушуну ачыктап берсеңиз?

Ташиев: Эми бүгүн ар түрдүү сөздөр айтылып жүрөт. Эгерде мени кыргыз журтунун, кыргыздардын улутчул жигиттеринин бири деп айтышса, мен капа болбойм, буга сыймыктанам. Себеби, кыргыз мамлекетинде кыргызды сактап калмайынча, кыргызды өнүктүрмөйүнчө башка улуттарыбыз өнүкпөйт. Кыргызстанда кыргыздар башка улуттардын алдында жоопкерчиликти сезишибиз керек. Былтыркы июнь окуяларында биринчи оор күндөрдө оболу биз кыргыздарды өзбектерден коргодук. Андан кийин өзбектерди кыргыздардан коргодук. Улуттук комиссиянын отчетунда да согуштун башталышы бул өзбек улутундагы граждандарыбыздын кыргыз элине койгон чабуулу деп айтылып турат. Өзбек улутундагы сепаратисттердин, мамлекетти бөлүп-жарабыз деген адамдардын тилегин таш каптырыш үчүн биз кыргыздарды өзбектерден коргодук. Кыргыздар эки күндөн кийин кайра өзүнө келип, мурда өлүп кеткен балдарыбыздын, кыздарыбыздын намысы үчүн чыгабыз деген маалда өзбектерди кыргыздардан коргодук.

Биз ошол маалда өмүрүбүздү тобокелге салдык. Бир эле мисалды айтып кетейин, Жалал-Абадда 20 миңден ашык кыргыз Сузактагы өзбектер менен чабышабыз деп турган маалда, Жалал-Абад борборунда бир дагы мамлекеттик орган, бир дагы мамлекеттик ишмер жогунда мен эл алдына чыгып токтотууга мажбур болдум жана ошол колумдан келди. Кылган ишимдин негизинде миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калдык.

“Азаттык”: Бул ушак да болуп калышы мүмкүн, бирок Камчы Ташиев июнь окуяларынын маалында курал тараткан деген да сөздөр чыгып кеткен эле...

Ташиев: Улуттук комиссия толук бойдон изилдеп чыкты. Бир дагы курал менин колумдан тарап, же болбосо мен кайсы бир аскер же милиция бөлүкчөлөрүн басып алып, курал алгандыгым боюнча бир дагы факты катталган эмес жана жок.

“Азаттык”: Сайтка чыккан бир кабарда өч алуучу күчтөр бар, ошолор кара тизме түзгөн экен, ошол тизмеде Ташиев баш сапта жүрөт деген маалымат тарады эле. Бул сизге белгилүүбү?

Ташиев: Мен кыргыз элимди коргогондугум үчүн, кыргыз элимдин тагдырына күйгөндүгүм үчүн курман болууга даяр бол десе, мен даярмын. Кыргызстандын кайсы бир бурчунда кайсы бир кыргызга оорчулук келсе, ал кыргыздын ар-намысы тебеленсе, мен ал үчүн тикемен тике турам.

Акыретте улутуңду сурабайт

“Азаттык”: Кыргыздар жана өзбектер деп басым жасап жатасыз. Түштүктө көп сандагы өзбек тектүү кыргызстандык жарандар жашайт эмеспи. Экөөнүн ортосундагы жара, кетип калган жик ордуна келиш үчүн, эки эл бир өлкөнүн жараны катары жанаша жашаш үчүн эмне кылуу керек?

Ташиев: Тарых үчүн айтышыбыз керек, 1963-жылы, 1990-жылы кыргыз менен өзбек кагылышкан, 2010-жылы да кагылышты. Эгерде ушуну ачык айтып, ак сүйлөп, ушул чабышуулардын себептерин алып чыкпасак, бул дагы кайталанышы мүмкүн. Азыркы биздин неберелерибиз дагы 20 жылдан кийин мен кыргызды коргойм, кыргыз мамлекетинин бүтүндүгүн сактайм деп өз өмүрлөрүн кыйып, же көптөгөн жаманчылыкка дуушар болушу мүмкүн.

Эмне үчүн кыргыз менен өзбектин чабышы токтобой келет? Менимче, кыргыз менен өзбек жанаша ынтымактуу жашаганга толук шарт бар. Мусулман динин өзбек да, кыргыз да тутабыз. Акыретке барганда Алла талаанын алдында сен өзбек элең, сен кыргыз элең деп сурабайт. Ошондо биздин кылган жакшылык, соопкер иштерибизди жана күнөөлөрүбүздү сурайт. Ошондуктан, кыянатчылык жасаардын алдында сөзсүз ошол акыретти ойлоп коюшубуз керек.

Июнь айындагы чоң кагылышты болтурбай койсо болмок. Кыргыздын саясатчылары бири-бирибиз менен бийлик талашып отуруп, эки элди кагыштырып алдык. 7-апрелден кийин бийликке келген адамдар билимине, илимине, же болбосо эл-журт арасында кадыр-баркына карабастан, каалаган адамдарды каалаган жумушка коё башташты. Ошонун кесепети июнь айындагы өзбек-кыргыз кагылышына алып келди.

“Азаттык”: Кечиресиз, бийликтин кадр саясаты эки элдин ынтымагына кандай доо кетириши мүмкүн, ушул түшүнүксүз болуп атат?

Ташиев: Бир мисал: Жалал-Абад облусуна губернатор кылып менин досум Бектур Асановду алып барышты. Ал өзбектердин козголуп атканын, өзбектердин туура эмес жолго барып атканын билип туруп, облустук администрацияны каршылаш саясий күчтөр басып алган маалда органдардын күчү менен тазалаштын ордуна ал өзбек сепаратисти Кадыржан Батыровдон күч сурап барат. Батыров өзүнүн адамдары менен чогулуп келип, обладминистрацияны аткылап, 3 адам каза болот, 80ге жакын адам жарадар болот. Каза болгон үчөө тең кыргыз, жарадарлардын 90 пайызы кыргыздар болот.

“Азаттык”: Сиз Жалал-Абадда өзбектер менен аралаш чоңойдуңуз. Өзбек жамааттары өзүмдүн тилим, маданиятым өркүндөсүн, мыкты уул-кыздарым мамлекеттик бийлик органдарында, тартип коргоо органдарында иштесин деген өтүнүчтөрдү, талаптарды коюуга акылуубу Кыргызстандын жараны катары?

Ташиев: Акылуу. Түштүктө жашаган өзбек туугандарыбыздын тилин, маданиятын, билимин өркүндөткөнгө шарт түзүп берүү - мамлекеттин түздөн-түз милдети. Ошол эле мезгилде өзбек улутундагы кыргыз жараны мамлекеттик тилди билиш керек, сөзсүз түрдө кыргызча сүйлөш керек. Андан тышкары мен өзбекмин, бирок кыргыз эли үчүн, кыргыз жери үчүн жанымды берүүгө даярмын деп айтышы керек.

Өзбек улутундагы биздин кыргыз жараны билимдүү, илимдүү, маданиятуу болсо, биз андай адамдарды бийликтин бардык баскычтарына койгонго милдеттүү болобуз. Ошондо гана бизде тынччылык болот. Эгерде биздин мамлекетибизде жашап туруп, бирок Кыргызстандын мыйзамдарына баш ийбей, тилибизди өзүбүзчө өркүндөтөбүз, өзүбүзгө автономияны сурайбыз, күч менен кыргыз элин коркутуп отуруп, өз улутубузду белгилейбиз дей турган болсо, бул жаңылыштык.

Мен ачык эле айтып коёюн, түштүктөгү биздин өзбек туугандардын байлыгы, жашоо шарты, жашаган үйлөрү, минген унаалары, көп эле кыргыз андай жүрө албайт. Алла тааланын берген байлыгын, ырыскысын булар тепти. Бул карапайым элге эмес, өзбектердин арасынан чыккан байларга айтылган сөз.

“Азаттык”: Адам өзү ишкер болсо, байыгандын көзүн билсе, ал күнөөлүү эмес да?

Ташиев: Кыргызстанда кайсы улут болбосун - өзбекпи, оруспу, кыргызбы - баарына байыш үчүн, жакшы жашаш үчүн, жакшы өмүр сүрүш үчүн бирдей шарттар түзүлгөн. Бирок ошол тапкан-ташыган дүйнөнү, жакшылыкты кайрадан жакшылыкка жумшаганга үйрөнбөй калдык.

Улуттук комиссиянын отчетунда белгиленген Кадыржан Батыров, Салахуддинов, Иномжан Абдрасулов ж.б. түштүктөгү эң бай адамдардан. Булар өз байлыктарын кыргызга үстөмдүк кылууга жумшашкан. Мына, Өзбекстанды алалы. Туура, ал жакта жашаган кыргыз боордошторубуз мамлекет тарабынан корголот, бирок ошол эле мезгилде мен кыргыз улутундамын, бай жашаймын деген адамды көрбөдүк. Кыргыз улутундагы адамдардын бардыгы Өзбекстанда жакыр жашайт, экинчиден, бири да бийлик бутактарында жок.

Биз Кыргызстанда өзбек улутундагы адамдардын баарына бирдей шарт түзүп бергенбиз. Бизде өзбек улутунда депутаттар, бийлик органдарында, генералдар бар.

Ким экенине карабай, бетке айтабыз

“Азаттык”: Эми Өкмөт жөнүндө сүйлөшөлү. Эксперттердин оюна таянсак, оңой менен бир казанда башы кайнабаган СДПК, «Республика» жана "Ата Журт" партияларынан Өкмөт түзүлдү деп айтылып жатат. Бул азыркы оор акыбалдан чыгалы, регион аралык, улут аралык чатак болуп кетпесин, Кыргызстандагы бейпилдик орнотолу деген саясый өкмөт болуп калды деп айтып жатышат. Сиздин оюңуз кандай?

Ташиев: Туура, саясий өкмөт болуп калды. Бул өкмөттүн эң башкы милдети -мыйзамсыздыкты токтотуу. Мыйзамсыздык токтосо эле бардыгы ордуна келет. Ошол эле улуттар аралык мамиле, ошол эле экономикалык жана финансылык саясат да ордуна келет. Ар түрдүү карама-каршы күчтөр менен бирге мамлекетибиздин, элибиздин кызыкчылыгы үчүн саясий келишим түздүк жана бардыгыбыз элдин тынчтыгын сактап, мамлекетке кайсы бир деңгээлде мыйзамдуулукту орнотолу деген максатты көздөдүк.

“Азаттык”: Анда азыркы финансы чатагы дейли, алдыда президенттик шайлоо башталганы турат, стабилдүүлүккө, Өкмөттүн туруктуу иштешине залакасын тийгизбейби?

Ташиев: Ар бир эле өкмөт узак убакыт иштей алат деп айта албайбыз. Өкмөт тез-тез алмашып турганга бүгүнкү Конституциябыз шарт түзүп отурат. Бирок Өкмөт иштесин, бири-бирибизге жакшы гана сөздөрдү сүйлөп, бири-бирибиздин былыгыбызды жаап-жашыра берели дей турган болсок, туура эмес. Акыры бул чоң жарылууга алып келиши мүмкүн. Ошондуктан, биз мамлекеттик деңгээлдеги жетекчилердин былыктарын, туура эмес иштерин так айтып турушубуз керек.

“Азаттык”: Сиз лидерлеринин бири болгон «Ата Журт» жөнүндө айрым басылмалар улутчулдар партиясы деген мүнөздөмө берүүдө. Максатыңыздар, идеологияңыздар тууралуу угармандарга түшүндүрмө берип кетсеңиз?

Ташиев: «Ата Журт» партиясын 2006-жылы үч адам түзүп чыккан, азыркы парламент төрагасы Келдибеков, депутат Жапаров жана мен. Бир жума болду, партияны кайра каттоодон өткөрдүк. Биздин партиябыз азыр «Ата Журт» мекенчил партиясы деп аталат. “Улутчул” дегендери кайсы бир деңгээлде туура. Биз кыргыз мамлекетинде жашагандан кийин кыргыз элинин тагдыры үчүн, келечеги үчүн жоопкерчилигибизди сезебиз. Биз кайсы бир деңгээлде улутчулдукту карманабыз. Мыйзамдын чегинде улутчулдук мекенчилдикти билдирет. Ал эми мыйзамдан ашкан улутчулдук бул кылмышкерликти билдирет. Биз кылмышкер улутчул эмеспиз.

Бакиевди алып келем деген эмесмин

“Азаттык”: Сиздин Лейлектеги жолугушууңуздан тартылган видео азыр да Фейсбукта илинип турат, ошондо Бакиевдерди алып келиш керек деп, ошондой эле жердешчилик маселелерди көтөргөн экенсиз. Ушуну дагы ачыктап берсеңиз жакшы болот эле.

Ташиев: Лейлек боюнча эртеси эле айткам. Ошол маалда «Ата Журт» партиясына ар түрдүү органдар, айрыкча Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан ар түрдүү кысымдар болуп аткан. Шайлоого үч күн калганда ошол тасманы алып чыгышты. Ошентип биздин партиянын аброюн түшүрөбүз деген чоң саясий технологиялар иштеген. Бакиевди мамлекетке кайтарып келүү биздин оюбузда жок жана болушу да мүмкүн эмес. Мындан ары да айтабыз, Бакиевди алып келебиз деп аракет кылсак, биз аны сөзсүз түрдө мамлекеттин, эл-журттун алдында жооп берүүсүн талап кылып туруп алып келебиз. Бакиевдин мамлекетке келип, жөн эле жашап калуусуна шарт жок.

“Азаттык”: Мунун баары анан, сиздин оюңузча, монтажбы?

Ташиев: Баары монтаж болгон, шайлоо алдында биздин партияны түндүк тараптагы шайлоочуларыбызга жаман көрсөтүү болгон. Мен дагы бир жолу айтып коёюн, мен кыргыз үчүн, - ал түндүктүк болобу, түштүктүк болобу - жанымды бергенге даярмын. Эч качан түндүк-түштүк деп бөлгөн эмесмин. Бир эле мисал: мына карачечекей кызымды Чүйгө келин кылып бердим. Андай эле жердешчил болсом, бербей койбойт белем?

“Азаттык”: Быйылкы күрдөөлдүү окуя - бул президенттик шайлоо. Өзүңүз президенттикке жарышка чыгасызбы, же болбосо «Ата Журт» партиясы бирөөнү чыгарабы?

Ташиев: «Ата Журт» чечим кабыл алган, партиядан сөзсүз түрдө кандидат чыгат. Кудай буюрса, Алла таалам, эл-журтубуз колдосо, ошол «Ата Журт» партиясынан чыккан адам быйыл президент болот.

“Азаттык”: Ал адамдын ким экендигин жакын арада айтасызбы?

Ташиев: Жок, жакын арада айтылбайт. Бирок биз «Ата Журттан» бир адамды президенттикке даярдап турабыз. Ким экени партиянын чечимине жараша болот.



Бектур Асанов: Батыровдон жардам сураган эмесмин


Жалал-Абад облусунун губернатору Бектур Асанов "Азаттыкка" курган маегинде Камчыбек Ташиевдин айыптоолорун четке какты.


Кубат Чекиров: Бектур мырза, Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Ташиев сизди “Кадыржан Батыровдун жикчил күчтөрүн пайдаланып, июнь коогалаңындагы кырдаалды ырбатып жиберди” деп айыптап жатат. Жалал-Абадда облустук акимчиликти сиздин каршылаштарыңыз басып алганда, Ташиевдин айтымында, сиз Батыровдун кишилеринин жардамы менен имаратты бошоткон экенсиз. Ошол маалда кыргыздардан үч адамга ок жаңылып, көз жумуп, 80ден ашуун адам жарадар болгон экен. Камчыбек Ташиев сизди “ушинтип кыргыз-өзбек мамилесин курчутуп жиберди” деп күнөөлөп жатат. Буга сиздин кандай жообуңуз бар?

Бектур Асанов
Асанов: Бул таптакыр туура эмес. Өзүңүз билесиз, бүгүнкү күндө ошол убакыттагы Убактылуу өкмөттү колдогон жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүн бир беткей жамандоо жүрүп жатат, өзгөчө түштүк аймагында.

13-майда бакиевчил реваншисттер администрацияны басып алгандан кийин 14-май күнү биздин аракетибиз менен, Убактылуу өкмөттү колдоочулар тарабынан бошотуу аракеттер болгон. Сузак, Жалал-Абад шаарынын, Базар-Коргон, Ноокен райондорунун тургундары шаардын четине чогулуп, администрацияны көздөй жол тарткан.

Мен эч качан Батыровго кайрылган эмесмин. Тескерисинче, “бир да өзбек улутундагы адамдар катышпасын” деп, жалаң гана кыргыздар бошотконбуз. 14-майда да Кадыровго “эч кандай жардамдын кереги жок, 2 миңден ашуун убактылуу өкмөттүн тарапкерлери чогулду, бизге эч кандай жардамдын кереги жок” деп айтканбыз. Бирок ошол Ленин көчөсү менен өтүп баратканда, шаарга кирген көчө да, Кадыржан Батыровдун 500-600дөй кишиси кошулуп кеткен. Алар “биз да Кыргызстандын жарандарыбыз. Биз да Убактылуу өкмөттү колдойбуз. Биз да Кыргызстанда болуп жаткан саясий процесстерге аралашабыз”,-деген. Ошондуктан мени бул жерден Батыровдун жардам сурады деп айыптоо туура эмес. Мунун Жалал-Абаддын эли жакшы билет.

Кубат Чекиров: Камчыбек Ташиев өзү июнь окуяларында кыргыздар менен өзбектердин ортосунда арачылык милдетти гана аткарып чуркап жүргөнүн айтып жатат. Сиздин оюңузча Ташиев мырзанын бул окуялардагы ролу кандай болгон?

Асанов: Мен бул жөнүндө азырынча унчукпай турам. Себеби азыр Улуттук комиссиянын жыйынтыгы чыкты. Парламенттик комиссия иш жүргүзгөнү жатат. Ошону менен бирге 4-5 айдан бери өтө абройлуу, дүйнөлүк масштабдагы кадыр-барктуу эл аралык комиссия да иштеп жатат. Ушул комиссиялар жыйынтыгын чыгаргандан кийин мен өзүмдүн июнь окуялары боюнча позициямды айтам.

Улуттук комиссиянын чечими бир беткей, супсак, кургак, кээ бир күчтөрдүн кызыкчылыгын көздөп гана чыгып калган. Негизги тополоңдун келип чыгышы, кимдер күнөөлүү экендиги тууралуу сөз жок. Ошондуктан бүгүн чыгып аткан “баатырлар”, кыйынмын дегендер, “элди коргоп калган кыйындардын” жүзү ачылат, так, конкреттүү далилденет деген ишенич бар. Себеби буга жеткиликтүү далилдер, материалдар бар. Мындай материалдарды жергиликтүү бийлик, эл, коомдук, укук коргоо уюмдар тарабынан Улуттук комиссияга берилген. Менин таң калганым – эмнегедир Улуттук комиссия алардын бирин да алып чыккан жок.


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG