Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:27

Саясий күчтөр куугунтукту токтотууга чакырат


17-май, 2010-жыл.
17-май, 2010-жыл.

Кыргызстандагы саясий күчтөр “Ата Мекен” партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаевдин камакка алынышын айыптап чыгышты.

Бул тууралуу кайрылууда бирөөнүн айтканы боюнча гана кылмыш ишин козгоп, аны иш сапардан кайтып келе жатканда күч менен кармаган жагдайга одоно мыйзам бузуу катары баа берилди. Ошондуктан муну саясий куугунтук деп мүнөздөгөн айрым саясатчылар мамлекет башчысынан мыйзамдуулукту сактоо талап кылынды.

Кармоону айыптаган кайрылуу

Бишкекте өткөн саясий күчтөрдүн жарандык форумунда Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаевди жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновду күч менен камакка алган жагдай талкууланды. Жыйында бул окуя боюнча саясатчылар башында түрдүү пикирде болуп, аягында Текебаевдин мыйзамсыз кармалышын айыптаган кайрылуу кабыл алынды.

"Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиев бул тууралуу мындай дейт:

- Өмүрбек Чиркешовичти өтө кооптуу кылмышкер катары кармап кетишкени бул өтө одоно мыйзам бузуу. Эгерде чындыкты айтып чыккан саясий ишмердин бардыгын эле ушинтип кармай беришсе, анда өлкөдө акыйкаттуулук болбойт. Ага козголгон ишти биз саясий өч алуунун жана куугунтуктун негизинде козголду деп эсептейбиз.

Келдибековдун капачылыгы

Анткен менен “Ата-Журт” партиясынын башка теңтөрагасы Ахматбек Келдибеков “Ата Мекен” партиясы кезинде аларга карата саясий куугунтукту колдогон деп айыптады. “Ошонун кесепетин өздөрү тартып жатышат” деди ал. Ахматбек Келдибеков депутаттык кол тийбестикке карабастан, саясий куугунтук менен камакка алган өнөкөт мурдагы баш прокурор Аида Салянованын учурунда башталганын төмөндөгүчө мисал келтирди:

- Мына ушунун бардыгы Салянова баш прокурор болуп турганда башталган. Өздөрү баштап, мыйзамдуулукту тебелеген нерсе азыр өздөрүнүн башына келип жатат. Бизди камаганда дагы мына ошол эле саясатчылар ак экенин соттон далилдесин деп айтып чыгышкан. Бардыгына бирдей мамиле болушу кажет. Эми алар дагы сотко барып, күнөөсүз экенин далилдешсин. “Ата-Журттун” он депутатын кезинде эч нерсесине карбай туруп, парламенттин макулдугусуз эле алып барып камашкан. Мына ошонун бардыгы азыр демократ болуп жаткан Салянованын кылыгы.

22-январь, 2015-жыл
22-январь, 2015-жыл

Ошол эле учурда мурдагы баш прокурор, азыр парламенттин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Аида Салянованын учурунда бир катар депутаттарга козголгон кылмыш иштерин саясий куугунтук деп эсептебейт.

Аида Салянова ал учурда кылмышка шектүү депутаттарга жасалган тиешелүү иштин алкагында гана айып коюлуп, алар мыйзамдын чегинде камакка алынганын мындайча белгиледи:

- Менин учурумда иш козголгондордун кимиси бийликтин былыгын ачып, ошонун негизинде саясий куугунтукка кабылды эле? Анткени мына ошолордун бири дагы чындыктын бетин ачып, саясий куугунтукка кабылган эмес. Алардын ар бирине конкреттүү иштер боюнча олуттуу айыптар коюлган. Ал жерде эч кандай саясат жок болчу. Алар кайсы конкреттүү иштер боюнча жоопко тартылганын так мисалдар менен айта алабыз. Анан алар кайсы саясий куугунтук тууралуу айтып жатышат?

Атамбаевдин жоопкерчилиги

Убактылуу өкмөттүн төрайымы, мурдагы президент Роза Отунбаева бийликти оппозициялык саясатчыларга каршы саясий репрессияны токтотууга чакырды. Кайрылууда Өмүрбек Текебаев күмөндүү ишкердин айтканы менен гана кармалып, мамлекеттик телеканалдардан бир жактуу караланып жатканы көрсөтүлгөн.

Укук коргоочу Качкын Булатов эгерде Кыргызстанда бирөөнүн сөзү боюнча гана кылмыш ишин козгоп, камакка алуу өнөкөтү башталса, анда президент Атамбаевдин дарегине мурдагы мамлекет башчысы Аскар Акаев айткан каржылык доо боюнча дагы анын жоопкерчилиги каралышы керектигин айтты:

- УКМК Текебаевге “Белизгейтти” тастыктай албай калды. Анан Орусиядан Маевский дегенди таап чыгышып, аны “жети жыл мурун Текебаевге 1 миллион доллар пара бергем” деп айттырып, анан иш козгоп жатышат. Эгерде мына ушундай жол менен кылмыш ишин козгоо өнөкөтү баштала турган болсо, анда президент Атамбаевдин үстүнөн дагы кылмыш ишин козгоого туура келет. Анткени жөнөкөй киши эмес, мурдагы президент Аскар Акаев аны 50 миллион рубль акчаны өзүнө ыйгарып алып, ошол акчага кийин заводдорду сатып алганын билдирген. Анда ошол билдирүүнүн негизинде да УКМК кылмыш ишин козгошу керек. Себеби мыйзам баарыбызга бирдей болууга тийиш.

“Ар-намыс” партиясынын лидери Феликс Кулов өлкө эки ирет элдик толкундоону баштан кечирсе дагы, бийлик андан сабак албай жатканын сынга алды. Анын айтымында Текебаевди күч менен кармоо башкаларга да басым жасоо максатын көздөшү мүмкүн:

- Текебаевдин тергөөдөн жашырынып, качуу ниети болгон эмес. Ошол үчүн ал кылмыш иши козголгонун билип туруп учуп келди да. Бирок аны кармоону уюшкан кылмыш тобунун башчысы кармагандай уюштурушуптур. Бул жерде чектен чыгуу болгону көрүнүп турат. Мындан башка чет өлкөнүн күмөндүү жараны келип, оппозиция лидерине каршы көрсөтмө берип жатат. Эмне үчүн? Ал эмне үчүн жети жылдан бери унчукпай келип, анан эми азыр пара бергени тууралуу айтып жатат? Ошол 1 миллион доллар акчаны бажыдан кантип алып өткөн деген суроо жоопсуз турат.

Өмүрбек Текебаев 26-февралга караган түнү Стамбулдан Бишкекке келген маалда "Манас" аэропортунан кармалган. Башкы прокуратура ага "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, УКМКга өткөрүп берген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG