Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:09

ТИМ жаңы виза эрежеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө


Элчилик кызматкерлери менен жолугушуу
Элчилик кызматкерлери менен жолугушуу

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлүк жарандарга виза берүүнүн жаңы тартиби боюнча өлкөдөгү башка мамлекеттердин элчиликтеринин кызматкерлерине жана чет өлкөлүк уюмдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Жолугушуу ТИМ имаратында өтүп жатат.

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанда миграциялык кырдаалдын өзгөрүүсү жаңы талаптарды жаратканын белгилеп, виза берүү эрежелерин өзгөрткөн. Жаңы нускама боюнча ишкерлик кылам деп келген адамдын визасы узартылбайт. Окуу визасы менен келген адамга иш визасы берилбейт. Бул өңдүү дагы бир катар жаңы эрежелер ушул жылдын 5-апрелинен тарта күчүнө кирмекчи. (SDz)

XS
SM
MD
LG