Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:53

Кырсыкты табалаган ташбоордук


Иллюстрация
Иллюстрация

Атайын кызмат Таттыгүл Дооталиеванын учак апааты тууралуу Фейсбукта жазгандарын териштире баштады.

Таттыгүл Дооталиева тууралуу 17-январда Жогорку Кеңеште Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин учак кырсыгы боюнча жыйынында сөз болду.

“Бир бол” фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов ондогон адамдын өмүрү кыйылган кырсыкты табалап, мазактагандарга күч органдары чукул арада чара көрүшү керектигин айтты:

- Мисалы, Таттыгүл Дооталиева деген колдонуучу элди бөлүп-жарган комментарий жазып жатат. Ушул кыз тууралуу эртеңки сессияга чейин маалымат берсеңиздер. Ушундай чоң кырсык болуп жатса элди бөлүп-жарып, жөн эле комментарий жазбастан башка сөздөрдү кошуп жазгандарды таап, кылмыш ишин козгоп, андан ары эмне болору эртеңки сессияда айтылсын. Мен билгенден ошол жерде жашагандардын баары кыргызстандыктар. Эгер ушундай кайгыны пайдаланып, элди бөлүп-жаргандарга көңүл бурбай койсок анын арты жакшы бүтпөйт.

Мындан улам Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Таттыгүл Дооталиеванын Фейсбукта жазгандары боюнча териштирүү баштаганы маалым болду. Атайын кызматтын басма сөз өкүлү Рахат Сулайманов аймак аралык кастыкты козутуу чакырыгы боюнча экспертиза жүргүзүлөрүн “Азаттыкка” билдирди:

- УКМК бул маалыматты иликтеп жатат. Анын жыйынтыгында Таттыгүл Дооталиеванын Фейсбукта жазган пикирлерине укуктук баа берилет.

Таттыгүл Дооталиева жазгандары боюнча комментарий бере элек. Ал Бишкектеги Иса Ахунбаев атындагы медициналык академияда иштери аныкталды.

Бул окуу жайдын маалымат катчысы Абибилла Пазылов Дооталиева Фармацияны башкаруу жана анын экономикасы, дары каражаттарынын технологиясы кафедрасынын окутуучусу экенин айтты. Ага байланыштуу жагдайды ректор билерин, катуу чара көрүү жагы каралып жатканын маалымдады:

- Ректор, жетекчилердин баары ага абдан нааразы. Азыр анын документтеринин баарын алдырып, өзүн чакырып, айтор иш жүрүп жатат. Ал көзүнө жаш алып ыйлап турат. Кыскасы, жазган сөздөрү үчүн тийиштүү жазасын алат. Азыр академияда ал кызга тиешеси бар адамдардын баары чакырылды.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы, “Республика-Ата-Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев аймак аралык козутуу оор кылмыштардын түрүнө кирерин айтып берди:

- Элди аймакка, өңүнүн түсүнө карап бөлгөндөргө карата Кылмыш-жаза кодесинде жаза каралган. Өкүм чыгарарда ар бир кылмыштын кесепети каралат. Эгер ошол кылмыштын кесепети кандайдыр бир жаңжалдарга алып келсе анда анын жоопкерчилиги башкача болот. Бул негизи оор эле кылмыштардын катарына кирет. Сөзсүз филологиялык экспертиза жүргүзүлүшү керек. Айткандары чакырык болгонбу, натыйжасы эмнеге алып келери аныкталып, ар бир сөзүнүн мааниси талданышы керек.

Социалдык тармактарда Дооталиевага окшоп, кырсык тууралуу терс пикирин жазгандар болду.

Өткөн жылдары Кыргызстан Кылмыш-жаза кодесинин 299-беренеси, тактап айтканда улуттук, расалык, диний жана аймак аралык кастыкты козутуу аракети үчүн жазаны катаалдаштырган. Ага ылайык, кылмыштын мындай түрлөрү боюнча айып пул салуу алынып салынган жана жети жылга чейин эркинен ажыратуу өңдүү жаза каралган.

Дооталиеванын жазгандары териштирилүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:11 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG