Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Кыргызстанда кыш катуу болору күтүлүүдө


Токтогул ГЭСи.
Токтогул ГЭСи.

Бул тууралуу Социал-демократтар фракциясынын жыйынында өнөр-жай, энергетика жана кен пайдалануу комитетинин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев билдирди. Бирок ал бул маалыматын негиздеген жок. Зилалиев учурда кышка даярдык жакшы жүрүп жатат, “эгер даярдык төмөн деңгээлде болуп калса, жоопкерчиликти өзүмө алам” деди.

Айрым депутаттар кышында электр энергиясынын абалы кандай болоруна кызыгышты. Зилалиевдин жообуна караганда, электр энергиясын сатып алууну токтотууга аракет жасалууда, бирок азырынча токтотуп коюуга эрте. Анын айтуусунда, электр энергиясынын өздүк баасы жогору боюнча калууда, ошол эле учурда энергокомпаниялардын таңкыстыгы 8 млрд сомго жеткен, ошондуктан, азырынча бааны арзандатуу да белгисиз,- деди Зилалиев.

"Токтогул" суу сактагычындагы суунун аздыгынан улам, Кыргызстан акыркы эки жылда Казакстандан электр энергиясын импорттоого аргасыз болгон.

Учурда "Токтогул" суу сактагычындагы суунун көлөмү 17 млрд куб метрден ашканын "Электр станциялары" ишканасы маалымдоодо.(ZKo)

XS
SM
MD
LG