Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:40

УКМКны реформалоо талабы кайрадан жаңырууда


Мурдагы баш прокурордун милдетин аткаруучу Кубатбек Байболов парламенттин комитеттеринде жогорку бийликтеги коррупция жана тыңшоолор боюнча жаңы маалымат берүү алдында турат. Жашыруун тыңшоолор жаңжалына байланыштуу жарандык коомдун өкүлдөрү УКМК реформага муктаж деген пикирди айтууда.

Башкы прокурордун милдетин аткаруучу кызматынан бошотулгандан кийин Кубатбек Байболов "Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат СОРМ же Оперативдик-издөө чараларын камсыздоо боюнча техникалык каражаттардын системасы аркылуу тыңшоолорду жүргүзүп жатат" деп айыптаган. Ал боюнча Байболов буларды айткан эле:
УКМКда реформа жасалмайын биздин система өзгөрбөйт.
Динара Ошурахунова


- Президент жана Дүйшөбаевдин жетекчилиги менен УКМК коркунучтуу уюмга айланды. СОРМ деген система бар. Менин маалыматым боюнча, мындай система Өзбекстанда жана бизде гана бар. Ал боюнча ар бир жаранды тыңшоого болот. Ички иштер министри телефону тыңшалып жатканы тууралуу айтканда дал ушул нерсени эске алган эле.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев жашыруун тыңшоолорду четке кагып келатат.

Бирок коомчулукта жашыруун тыңшоолор болуп жатат деген шектенүү күчтүү болгонун, парламент бул шектенүүлөрдүн негиздүү же негизсиз экендигин аныктап чыгууга тийиштигин жарандык коомдун өкүлдөрү белгилеп жатат.

Реформа зарылдыгы

“Атуулдук коом коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова жашыруун тыңшоолору боюнча комиссия түзүлө турган болсо, ага катышып иштөөгө даярдыгын билдирди. Ал ошондой эле УКМК мурдагы бийлик тарабынан кандай пайдаланылса, азыр ошол бойдон калганын белгиледи:

- Эгерде Максим Бакиев жана Марат Бакиев УКМКны саясий куралга айлантып, атасына жардам берип, элдин баарын тыңшап, тинтип келсе, азыркыга чейин УКМК ошондой эле абалда калып жатат.

Президент аппаратынын стратегиялык талдоо жана байкоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Орозбек Молдалиев УКМКны реформалоо маселеси алда качан эле бышып жетилгенин, бирок маселе аны мамлекет кызыкчылыгына зыян келтирбей жүргүзүүдө экенин кошумчалады.

“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалициянын жетекчиси Динара Ошурахунова УКМК тез арада реформаланыш керек дейт:

- Эң негизгиси УКМКда реформа жасалмайын биздин система өзгөрбөйт. УКМК бийликти колдоп, бийликтин буйругун аткарып жүргөнүн токтотмоюн, биз эч качан системабыз өзгөрдү, парламенттик система орноду дей албайбыз. Ошондуктан УКМКнын маселеси Байболов айта электе эле козголуш керек эле. Эми Байболов айткандан кийин сөзсүз каралыш керек. Парламент комиссия түзүп, ошол маселелер кайра жабылып калбай, аягына чейин изилдеп чыгышыбыз керек.

Депутаттар чакырды

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мыктыбек Абдылдаев жашыруун тыңшоолор боюнча айыптоолор парламентте айтылгандан кийин ага карата парламент чара көрүш керек деген пикирде:

- Ал маселе боюнча эртең кеңешебиз. 5-апрелде координациялык кеңеш болот. Ошол эле жерде ар бирибиз оюбузду айтабыз. Бул эми оор кылмыш боюнча айтылып калды. Муну үн чыкпай калтырып койсоң, анда коомчулук эки анжы болуп калат.

Атайын кызматтардын генералы, Жогорку Кеңештин депутаты Токон Мамытов Кубатбек Байболов башкы прокурордун милдетин аткарып турган убакта жашыруун тыңшоолор боюнча тийиштүү чараларды көрүп, эгерде күчү жетпей баратса парламентке келиш керек эле деп, бирок буга карабай айтылган айыптоолор парламент тарабынан текшерүүгө алыныш керектигин белгиледи:

- Албетте бул маселе сөзсүз парламентте каралыш керек. Ушундай мыйзам бузулуп атса. СОРМ деген терроризмге, уюшкан кылмышка, наркобизнеске каршы күрөшкө жакшы жардам берет. Бирок Байболов айтып айткандай, мунун экинчи жагы да бар. Бул - адам укугун бузуп жатат.

Кубатбек Байболовдун “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, ал парламенттин жакынкы күндөрү боло турган эки комитетинин кошмо жыйынына чакырылды. Мына ошол жерде коррупциялык жаңжалдар, тыңшоолор боюнча кошумча маалыматтар берилет.

“Ак шумкар” партиясы жогорку бийлик башчыларынын коррупцияга тийешеси бардыгы боюнча айыптоолор парламент тарабынан текшерилүүгө муктаж экендигин билдирип чыкты.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG