Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Курал сатуунун кубулма жүзү


Атышуудан кийин калган ок. Славянск, Украина. 2014-жыл.
Атышуудан кийин калган ок. Славянск, Украина. 2014-жыл.

Сирия менен Чыгыш Украинадагы каршылашкан тараптарга курал саткандардын арасында Кыргызстанда катталган Dastan Engineering компаниясынын аты аталууда.

"Азаттыкта" жарыяланган курал ишкердиги боюнча иликтөөдөн кийин Бишкектеги "Дело№..." гезити бул ишке парламенттин мурдагы иш башкармалыгынын башчысы Мавлян Амиракуловдун катышы бар деген божомолун жарыялады. Кезинде Dastan Engineering компаниясын түзгөн тараптардын бири Кыргызстандагы “Дастан” корпорациясынын жетекчилиги ага эч кандай тиешеси жоктугун айтып, ишкана үч жыл мурун жоюлганын билдирди. Бирок Юстиция министрлиги муну төгүндөп, Dastan Engineering компаниясынын учурда иштеп жатканын белгиледи.

“Дастан” ишканасынын “далалаты”

Бишкектеги "Дело№..." басылмасы, Dastan Engineering компаниясы Кыргызстандан Украинага курал-жарак жеткирүү шарттарын аныктайт деген маалымат таратты. Аталган басылма өзүнүн булактарына таянып, “Украина мындай иш-чараларды ачык жүргүзө албагандыктан Кыргызстанда катталган Dastan Engineering аны ишке ашыра турганы белгилеген. Анда Украина аскердик күчүн толуктоо үчүн Кыргызстандын “Машина куруу заводунун” кампаларында сакталган ок-дарыны сатып алууну көздөйт" деп жазылган. Dastan Engineering мекемесинин өздүк сайтында ал Кыргызстандагы “Дастан” ишканасынын атайлаштырылган компаниясы экени көрсөтүлгөн. Бирок “Дастан” корпорациясынын башкы директорунун орун басары Александр Ковтун бул маалыматты жалган ушак катары баалады:

- Качандыр бир учурда ошондой компания болгон. “Дастан” корпорациясы анын уюштуруучуларынын бири болгон. Бирок үч жыл мурун ал жоюлуп кеткен. Ошондон бери анын биздин завод менен эч кандай байланышы жок. Биздин ал компаниянын кожоюну Сергей Шумов менен кандайдыр бир бирдиктүү долбоорлор боюнча эч кандай келишимибиз жок. Болгон да эмес. Азыр ал Украинада болушу мүмкүн. Биз аны көргөн эмеспиз. Ал адамдын бизге эч кандай байланышы жок. Анан калса согушкан тараптарга сата тургандай биздин өндүрүштөн ок-дары чыкпайт. Мунун бардыгы жалган ушак.

Ашкереленген маалымат же оффшорго айланган Кыргызстан

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Dastan Engineering ишканасы 2006-жылы 19-январда Кыргызстанда катталган. Аны “Дастан” корпорациясы, Орусиядагы электрондук технологиялар илимий-өндүрүштүк бирикмеси, Кипрден ABC Investment компаниясы жана Сергей Шумов деген Орусиянын жараны уюштурган. Расмий маалыматта ал орус жараны экенине карабастан, "Дело№..." гезити аны бурмалап, Шумовду украин жараны катары сүрөттөгөн. Юстиция министрлигинин Мамлекеттик каттоо башкармалыгынын башчысы Кубан Казаков ал ишкана үч жыл мурун жоюлган деген маалыматты төгүндөдү:

- Бул ишкана жоопкерчилиги чектелген коом катары катталган. Анын ишмердигинин түрү катары курал-жарак жана ок-дары өндүрүшү деп көрсөтүлгөн. Каттоосунда эч кандай өзгөрүү болгон эмес. Ал ишкана жоюлбаган. Учурда кадимкидей эле иштеп жатат. Анын түзүүчүлөрү катары белгиленген мурдагы эле төрт юридикалык тарап ошол бойдон турат. Юридикалык дареги Бишкек шаары деп турат.

Кыргызстандык Буттун образы ойлонуп табылдыбы?

Мында эгерде компания учурда иштеп жатса, укуктук абалы өзгөрбөгөн болсо, анда эмнеге “Дастан” корпорациясы анын ишмердигин жашырды деген суроо кабыргасынан коюлууда. Мындай табышмактуу жагдай ага байланыштуу ар кандай күдүк ойго жетелейт. Dastan Engineering компаниясын Бишкектин Токтоналиев көчөсү деп көрсөтүлгөн дареги боюнча издеп барганда, ал жакта такыр башка фирма жайгашкан болуп чыкты. Ошол эле кезде “Дело№...” гезити украин тараптан ок-дары сатып алууга буюртма берген Мавлян Амиракулов деген адамды атап, ал парламенттин иш башкармалыгынын мурдагы башчысы Мавлян Амиракулов болушу мүмкүн деп болжолдогон. Бул ролго Мавлян Амиракулов жөн жеринен тандалган эмес. Анткени басылма анын 2006-жылы “Дастандын” директорлор кеңешинин мүчөсү болгонун эске салган.

Бирок Мавлян Амиракулов аны басылманын курал-жарак соодагери катары мүнөздөгөнүн акылга сыйбаган айыптоо катары кабыл алды:

- Менин атымды “Дело№...” гезитинин журналисти Вадим Ночевкин жалган маалымат менен жайлаптыр. Мен ал киши менен жолуга турган болдум, сотко да берем. Ал маалыматтын жалган экенин моюнуна алуусу керек же мына ошол курал саткан адамды жана анын мени менен байланышын аныктап, таап берүүгө тийиш. Менин атымды жоопкерчиликсиз шартта пайдаланып, карандай каралаганына жаным кашайды. Курал-жарак, маңзат сыяктуу зыяндуу ишкердиктен кудай сактасын алысмын.

Dastan Engineering компаниясы буга чейин Сириядагы каршылашкан тараптарга курал-жарак жана ок-дары сатканы боюнча маалыматтар чыккан. Би-би-си телекомпаниясы Аллеподо согушчандардын базасында ок-дары салынган кутунун сыртында аталган компаниянын аты жазылганын көрсөткөн. Dastan Engineering компаниясынын уюштуруучуларынын бири Сергей Шумов мурдагы президент Бакиевдин уулу менен байланышта болгону белгиленген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов курал сатуу менен шугулданган эл аралык синдикаттар үчүн Кыргызстан ыңгайлуу өлкө экенин белгиледи:

- Көпчүлүк мамлекеттерде мыйзамсыз курал-жарак сатууга катуу көзөмөл бар. Мына ошондуктан аталган тыюуну айланып өтүү үчүн бизге окшош мыйзамдары анча иштебеген, көзөмөл начар жана коррупция гүлдөгөн мамлекеттер аркылуу оффшор уюштуруу өнөкөтү күч. Менимче Кыргызстанды дагы мына ошондой максатта пайдаланууну көздөгөн эл аралык курал-жарак синдикаттары болушу мүмкүн. Негизи документтерин Кыргызстан аркылуу даярдап, бирок курал-жарак такыр башка жактан алынышы мүмкүн. Бирок мында Кыргызстандын аты булганат. Анткени мына ошол компанияларды атайылап Кыргызстанда катташат.

Буга чейин чехиялык жана польшалык журналисттер тобу иликтөө жүргүзүп, Анджей Издебски аттуу ишкер аркылуу алынган маалыматтардын негизинде Украинанын түштүк-чыгышына курал-жарак жеткирүүнүн шарттарын изилдешкен болчу. Анда курал-жаракты жеткирүүнүн шарттарын мыйзамдаштырууга мүмкүн болуучу өлкө катары Кыргызстандын да аты аталган. Бул иликтөөнүн айрым жыйынтыктары өткөндө чех радиосунда жарыяланган болчу.

XS
SM
MD
LG