Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Үңкүр-Тоо: протокол талашы уланууда


Үнкүр-Тоодогу телемунара.
Үнкүр-Тоодогу телемунара.

Аксынын Үңкүр-Тоосун Өзбекстандыкы катары таанып, андан телемунараны көчүрүү тууралуу өкмөттүн документинин аныктыгы текшерилет.

Бул боюнча Башкы прокуратурага тапшырма берген парламенттин коргонуу жана коопсуздук комитети маселени жабык карап, телемунараны жылдырууну токтотуу жагын сунуштады.

Кербен шаар кеңеши өкмөттүн ал протоколуна түшүндүрмө талап кылып, өкмөт болсо аны кийин жасалма документ деп жарыялаган эле. Оппозиция муну бийликтин Үңкүр-Тоону коңшу мамлекетке өткөрүлгөнүн жашырып-жапкан аракети катары баалады.

Чыны чыга элек документтин төркүнү

Жакында өкмөт кеңешмесинин Аксыдагы Үңкүр-Тоону Өзбекстандыкы деп тааныган протоколу делген документтин көчүрмөсү интернетке тараган болчу. Өкмөттүн 2015-жылдын 11-ноябры менен белгиленген аталган протоколунда “Өзбекстандын аймагында жайгашкан “Кербен-24” телерадио мунарасын башка жакка көчүрүү үчүн жер караштыруу” жагы көрсөтүлгөн. Өкмөттүн маалымат кызматы болсо Үңкүр-Тоодон телемунараны көчүрүүнү көздөгөн документти “жасалма” деп жарыялап, аны саясий упай топтогусу келген кайсы бир күчтөрдүн чагымы деп атады.

Өкмөттүн маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Назира Ахмедова аталган документ түп орду менен бурмаланганын билдирди:

- Аны алып чыгарсак, бул жактан жөнөтүлгөн документте “Өзбекстан Республикасынын аймагында эмес, Өзбекстан менен чектешкен жердеги” деп турат. Алардын телерадио мунараны көчүрүү тууралуу дегени да туура эмес. Биз ал жерден аны көчүрбөйбүз деп жатпайбызбы. Биз ага кошумча санариптик форматка өтүп жатканыбызга байланыштуу жаңысын курабыз деп жатабыз. Өкмөттүн аппаратынан протокол жакшынакай эле жөнөтүлгөн. Ал жактан аны өздөрү бир нерсе кылышкан. Кээ бирөөлөр фото көчүрмөнү көтөрүп алып чуркап жүрүшөт. Аны ар ким эле жасай алат да.

Шаар кеңеш өкмөттүн маалыматын төгүндөдү

Анткен менен бул маселени 23-мартта караган Кербен шаардык кеңеши аталган протоколдун шарттарын аткаруудан баш тартканы белгилүү. Бул тууралуу Кербен шаардык кеңешинин токтому чыгып, ага кошумча өкмөткө кайрылуу кабыл алынган. Анда өкмөттөн Үңкүр-Тоонун Өзбекстанга караштуу экенин аныктап, ага расмий тактама берүү жагы суралган. Бирок жергиликтүү депутаттар өкмөт бул суроого бир жумадан бери жооп бербей жатканын айтышты.

Кербен шаардык кеңешинин төрага орун басары Калыбек Урустемов өкмөттүн аталган документти “жасалма” дегенин төмөндөгүчө төгүндөдү:

- Тобо кылдым. Биздин жергиликтүү кеңешке ошондой жасалма документ келчү беле? Бизге өкмөттөн ал жактагылардын колу коюлган документтин чыныгы түп нускасы келет да. Ал документти бул жактан бурмалап жасап койгудай шаардык кеңештин башы экөө эмес. Мыйзам деген бар. Бизге келген протоколдо “Өзбекстан менен чектешкен жердеги” эмес, дал ошол “Өзбекстандын аймагындагы радио релейкалык станцияны көчүрүү үчүн” деп эле турат. Биз ошондуктан аны көчүрсөк Үңкүр-Тоону Өзбекстан ээлеп алат деп каршы болдук да. Биз өкмөт башчысынан ал документтеги “Өзбекстандын аймагындагы” деген сөздү тактап, расмий тастыктама бергиле деп сурадык.

Документти жасоо боюнча иш козголобу?

Өкмөт интернетке жарыяланган документтин көчүрмөсүн жасалма деген менен укук коргоо органдары кызматтык будамайлоо боюнча кылмыш ишин козгой элек. Парламенттин коргонуу жана коопсуздук комитети бул маселени 29-мартта жабык карады. Бирок анын себеби айтылган жок. Жогорку Кеңештин депутаты Абдувахап Нурбаев аталган комитет кабыл алган чечим туурасында буларга токтолду:

- Өкмөттүн өкүлү бизге “Өзбекстандын аймагындагы эмес, Өзбекстандын чек арасына жакын жерде жайгашкан” деген мазмундагы документти жөнөткөнбүз деп түшүндүрмө берип, анын түп нускасын көргөздү. Биз ошол жасалма чыгарылган деген документ каяктан чыкканын иликтөө үчүн Башкы прокуратурага тапшырма бердик. Ким элге дүрбөлөң салгысы келсе, ал жооп бериши керектигин айттык. Бирок Үңкүр-​Тоодогу станция ошол жерде кала турган болду. Биз ошондой сунуш киргиздик. Өкмөт да ошого макул болду.

Бирок оппозиция өкүлдөрү бийликтин бул кадамдарын Үңкүр-Тоонун Өзбекстанга өтүп кеткенин жашырууга жасалган аракет катары кабыл алды. “Эл үнү” оппозициялык кыймылынын төрагасы Азимбек Бекназаров:

- Анда бийлик укук коргоо органдарына дайындап, документти жасалма даярдоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгосун. Ошону ким кылганын аныктасын, жоопко тартсын. Бул документти өздөрү жергиликтүү кеңештин депутаттарына таратып берип жатышпайбы. Бул жерде ал документ өкмөт башчысы Сариевдин кеңешмесинин протоколу эле. Ал протокол кайсы токтомду аткаруу боюнча протокол? Албетте, ары жагында токтом бар. Биздин бийлик газ алалбай жүргөн кезде ал документке кол коюп алса керек. Эми аны коомчулукка ачык алып чыга албай коркуп жатат.

Өзбекстандын чек ара аскерлери 2013-жылы Үңкүр-Тоого тик учак менен конуп, аны өзүнө караштуу аймак катары доомат койгон. Аксыда эл митингге чыгып, бийлик өзбек тарап менен сүйлөшкөн соң андагы аскерлер ал жактан чыгарылган болчу. Кербен шаарынын үстү жагындагы Үңкүр-Тоосунда жайгашкан станциядан Аксы, Ала-Бука аймактарына теле-радио жана мобилдик байланыштын сигналдары таратылат.

XS
SM
MD
LG