Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:45

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары ортодогу орчундуу маселелерди чечүүдө өз ара тил табышууга макулдашты.

Бул боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын Ташкенде өткөн жыйналышынын алкагындагы эки тараптын өкмөт башчыларынын жолугушуусунда талкууланды.

Анда чек араны тактоодо, чек ара өткөрмөлөрүнүн толук кандуу иштешин камсыздоодо жана суу-энергетика маселелеринде келип чыккан кыйчалыштыктарды өз ара түшүнүшүү жолу менен жөнгө салуу жагы колдоо тапты. Бирок эксперттер бул маселелерде кыргыз бийлиги менен расмий Ташкендин бир пикирге келиши өтө эле татаал экенинен кеп салышууда.

Ташкендин сунушунда кандай "таклип" бар?

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчыларынын жолугушуусунда эки ортодо топтолгон көйгөйлүү маселелерди чечүүнүн жолдору талкууга алынды. Буга чейин коңшулаш эки мамлекеттин ортосундагы 1200 чакырымга чукул чек ара сызыгы макулдашылган.

Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзияев буга чейин өкмөттөр аралык комиссиянын деңгээлинде такталган чек ара сызыгын бекитүү боюнча документке кол коюуга кызыкдар экенин билдирди. Кыргызстандын өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев болсо 2009-жылдан бери токтоп калган өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандандырууну көздөдү.

Ошол эле кезде кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча паритеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси Саламат Аламанов расмий Ташкендин аталган сунушун калчап туруп анан чечим кабыл алууга чакырды:

- Чек араны такташууда мына ошол чечилген тилкелер менен чечиле элек тилкелердин бири-бири менен байланышы бар. 2006-жылы да мына ушундай сунуш чыкканда биздин кызыкчылыкты караган талаптар эске алынбаса, кол коюуга барбайбыз деп койгон элек. Бул жолу Ташкен мына ошол биз койгон талаптарды аткарууга бара турган болсо, анда албетте макулдашылган чек ара сызыгын бекитүүгө макул болуу керек. Бирок мына ошол мезгилден бери чек араны тактоо боюнча жагдайлар өзгөргөн жок. Ошондуктан кыргыз тараптын талаптары аткарыла турган шартта гана маселени терең талдап, келишимге кол коюуга баруу зарыл.

Премьер-министр Сатыбалдиев чек ара көйгөйлөрүн жөнгө салууда танапташ жайгашкан аймактардагы эки тараптын жергиликтүү бийликтеринин байланышын чыңдоого басым жасады. Анан эки тараптуу соода жүгүртүүнү кеңейтүү жана чек ара өткөрмө бекеттеринин толук иштешин камсыздоо маселеси көтөрүлдү.

Жолугушуудан жыйынтык болобу?

Кыргызстандын өкмөтүнүн маалымат кызматы жолугушуу өтө жакшы маанайда өткөнү боюнча маалымат таратты. Бирок мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов эки тараптын өкмөт башчыларынын бул жолугушуусун жөн гана дипломатиялык сыпайыгерчилик катары сыпаттады:

- Буга чейин деле жогорку деңгээлдеги мамлекет башчыларынын жана өкмөт жетекчилеринин кандай гана жолугушуулары болгон эмес. Кеп мына ошол жолугушуулар кандай жыйынтык бергенинде болуп жатпайбы. Күлүп, жадырап- жайнап тосуп алган менен эч нерсе чечилбейт. Буга карап туруп, эки тараптын өкмөттөрүнүн бул жолку жолугушуусу деле протоколдук мүнөздө болгонун байкоого болот. Ошондуктан мен бул жолугушуудан эч нерсе күтпөйм.

Жолугушууда эки тарап газ, жер семирткич жана суу-энергетика маселелерин чечүүнүн жолдорун талкуулаган. Кыргыз өкмөт башчысы Сатыбалдиев өз ара кызматташтыкты күчөтүү үчүн өзбек кесиптешин Кыргызстанга иш сапары менен келип кетүүгө чакырган.

Анткен менен дипломат Аликбек Жекшенкулов эки ортодо топтолгон көйгөйлөрдү жакынкы келечекте чечүү оор экенине токтолду:

- Эки мамлекеттин ортосундагы суу-энергетикалык, соода-сатык жана чек-ара маселелери боюнча бир пикирге келүүгө эки тарап тең муктаж. Бирок тилекке каршы объективдүү жана субъективдүү себептерден улам азырынча андай болбой жатпайбы. Биринчи кезекте өз ара ишеним калыптанышы керек элек. Эки тарап бирдей чечкиндүү кадамдарга барууга тийиш. Бир гана тараптын каалоосу аздык кылат. Анткени дипломатия деген эки тараптуу жакындашуу да.

Ташкенге болгон сапардын экинчи күнүндө Сатыбалдиев ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 12-жыйналышына катышты. Анда ШКУнун алдында өнүктүрүү банкын түзүүнүн шарттары каралды. Ошондой эле Кытай өкмөтү сунуштаган кызматташуунун “Жибек жолу” долбоору талкууланды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG