Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:12

Кыргыз-өзбек мамилеси кыйчалыш кырдаалда


Кыргыз-өзбек президенттеринин ШКУ саммитинин алкагындагы жолугушуусу. Бишкек, 12-сентябрь, 2013.

Кыргыз-өзбек президенттеринин ШКУ саммитинин алкагындагы жолугушуусу. Бишкек, 12-сентябрь, 2013.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы ансыз деле өтө жылуу эмес мамиле акыркы күндөрдө газ, суу, энергетика маселелерине байланыштуу ого бетер салкындап кеткени айтылууда.

Оштогу газ кризиси чечилбей турган маалда Өзбекстан аймактагы энергетикалык бирдиктүү шакекчеден чыгаары тууралуу кабар тарап, Ташкен бирок андай ниети жок экенин ырастады.


Эки өлкөгө ортомчу керекпи?


17-июнда айрым маалымат агенттиктери кыргыз өкмөтүндөгү ишенимдүү булакка таянып, Өзбекстан Борбор Азиядагы бирдиктүү энергетика системасынан чыгаары тууралуу эскерткенин жазып чыгышкан эле. Бул кадам Кыргызстандын Чоң Наманган каналын убактылуу жабуу чечимине жооп иретинде болушу мүмкүн экени болжолдонгон.

"Улуттук электр тармактары" ишканасынын жетекчисинин орун басары Абдылда Исраилов бул маалыматты четке кагып, Өзбекстан тараптан эч кандай расмий билдирүү болбогонун, коңшу өлкө шакекчеден чыгып кеткен күндө дагы андан Кыргызстандын түштүк аймагы олуттуу зыян тартпай турганын билдирди:

- Кошуналардан мындай эч бир расмий маалымат жок. Тескерисинче алар дагы өздөрү таң калып жатышат. Андай болгон күндө дагы өлкө түштүгүнө таасири болбойт. Биз ал жакка электр энергияны өзүбүздүн энергобулактардан берүүгө үлгүрдүк.

Буга чейин кыргыз өкмөтү Өзбекстандын 4 районун суу менен камсыз кылган Чоң Наманган каналы оңдоо иштерине байланыштуу жабылышы мүмкүн экенин эскерткен. Кыргыз өкмөтүнүн бул эскертүүсү Өзбекстандын Ошко газ бербей коюшуна кыргыз тараптын жообу катары бааланган эле.

Саясат таануучу Алишер Хамидовдун айтымында, Өзбекстан соңку жылдары дамбаларды куруп, суу сактагычтарын толтуруп алган. Мындан улам суунун буулушу аларга таасир деле этпейт. Бирок ошол эле учурда эки тараптын мындай кадамдары ортодогу мамилени биротоло муздатып, конфликттик кырдаалды жаратышы мүмкүн:

- Ооба, Өзбекстан өз талаптарын коюп жатат, бирок бул Өзбекстан сүйлөшүүлөргө барбайт деген сөз эмес да. Азыркы кырдаал баарыбызды кооптондуруп жатат. Анткени кыргыз-өзбек мамилесинде бир тарап экинчи тараптын суроо-талабына жооп берүүдөн баш тарткан учур болгон эмес. Демек мамиле муздап баратат. Эгер эки өлкө талаптагыдай сүйлөшө албай турган болсо, бул эл аралык чатакка алып келиши ыктымал. Мындай кырдаалда ортомчу тартуу керек. Регион аралык органдарга, мисалы Борбор Азиялык кызматташуу уюму же Шанхай кызматташтык уюмуна кайрылуу керек. Керек болсо казак президенти Нурсултан Назарбаевге да кайрылуу керек. Сүйлөшүүнүн дипломаттык каналы жок болгондо мамиле чыңалып, регион аралык кагылышууларга алып келет деп кооптонобуз.


Аткарылгыс талаптар


Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Өзбекстан жеке кызыкчылыгын көздөп кыр көрсөткөнү менен кыргыз өкмөтү жоопкерчиликти алып, сүйлөшө ала турган кишини аныктай албай жатат деп эсептейт. Анын пикиринде, президент бул кырдаалга жеткирбей эле өзбек президенти менен алдын-ала тил табышууга аракет жасаса натыйжалуу болмок.

- Өзбекстан менен тил табышууга болот деп эсептейм. Эң негизгиси - бул жерде саясатчылардын арасында, жетекчилердин арасында ишеним барбы-жокпу, ошону ойлонуш керек. Жөн эле бир нота жиберип, кат жазып, формалдуу нерселерди гана жасап коюп, анан аларды сүйлөшпөй жатат дегендин өзү кыска ой. Бирок ошол эле Атамбаев буга чейин эл аралык жолугушууларда кандайдыр бир кадамдарды жасаш керек эле. Бул жерде азиялык менталитет деген бар да. Ислам Каримов улуу киши, тажрыйбалуу киши. Мен биздин президентти ШКУ, КМШ жыйындарында ушундай кадамдарды жасайт деп ойлогом, бирок андай болгон жок.

Бирок кыргыз коомчулугунда президент Атамбаев Ташкен менен сүйлөшүүгө барган күндө деле Өзбекстан ийге келип, талаптарынан баш тартып жиберээрине күмөн санагандар көп. Маселен, Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков газ маселесинде Орусия дагы Өзбекстанды ийге келтире албай жатканын эске салат:

- Мейли, президент барсын дейли. Анан барып “мейли ГЭСтерди курбай эле коёлу, макул тигини жасабай эле коёлу” деп алардын талабын аткарыш керекпи? Президент барып эле сүйлөшө калганда Өзбекстандын президенти өз талаптарынан баш тарта калат дегенге ишенбейм. Бирок президент өзүнүн тийиштүү каналдары менен иштеп жатат деп ишенем. Кырдаал көрсөтүп турат, азыр алар кыргыздын президентин эмес, орустун президентин дагы укпачыдай түр көрсөтүп жатышат. Албетте колдон келген бардык аракеттерди жасаш керек. Бирок кырдаалдан чыга турган бир гана жол бар. Кыргызда бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып дегендей, баарыбыз кырдаалды туура түшүнүп, анча-мынча кыйынчылыктарга чыдайбыз. Аларга бизди көз каранды кылып жаткан абалдардын баарынан чыгууга аракет кылабыз. Мунун баары биринчи кезекте Кыргызстандын келечегине байланыштуу нерсе экенин эл түшүнүшү керек.

Өзбекстан апрель айынан тарта Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү токтотуп, андан бери Кыргызстандын кайрылууларына жооп бербей келет. Аз күн мурда өзбек тарап газ берүүнү калыбына келтирүү үчүн Баткендеги Сох эксклавына коридор ачуу жана Нарын дарыясында курулуп жаткан ГЭСтер боюнча эл аралык экспертиза жүргүзүүнү талап кылганы тууралуу маалыматтар чыгып кетти. Бирок кыргыз өкмөтү дароо андай талап кабыл албасын жана эч качан андай кадамга барбасын айтып чыкты.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG