Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:20

Президент Атамбаевдин Орусиянын геосаясий оюндарынын башын ачкан ачык билдирүүлөрү ар кандай багытта талданып жатат.

Бирөөлөрү муну буга чейин айтылбай келген жагдайлар ачыкталды дешсе, айрымдары анын кесепети тийиши деп чочулашат. Ал арада оппозиция Ошто митинг уюштуруп, бийликке каршы сес көрсөтүү аракетин көрдү.

Атамбаевдин саясий жүрүшү

Атамбаев Кыргызстандагы аскер объекттери үчүн Орусия өкмөтү ижара акысын төлөбөй келгендигин айтып, орусиялык генералитет Кыргызстанды басынткан мамилесин токтотушу керектигине токтолгон эле. Орусиялык маалымат каражаттары макулдашууга ылайык, Канттагы аскер аба базасы үчүн акы талап кылууга негиз жок деп андан башка орусиялык төрт аскер объектисинин ижара акысы тууралуу сөз болуп жаткандыгын көңүл сыртында калтырышты.


Жергиликтүү телеканалдарга берген маегинде президент Атамбаев Кыргызстанга карата маалымат чабуулу жүрүп жаткандыгын айтты. Ошол эле кезде ал кошуна мамлекеттердин атайын кызматтары Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүүнү өнөкөткө айландырып алышкандыгын сынга алды:

- Президенттин башына кашык менен марш ойногон убакыт артта калыш керек. Биз көз карандысыз мамлекетпиз. Кыргызстандын ичинде атайын кызматтын өкүлдөрү өздөрүн кожоюн сезип, акча таратып жүргөнүн мен билем. Шайлоодо болобу же башкадабы... Биз буга чекит коюшубуз керек. Эгер ашыкча акчаңыздар болсо, анда бизге грант бөлгүлө, бирок кимдир бирөөлөрдүн жардамы менен кырдаалды курчутуш үчүн эмес. Айрыкча улуттук лозунгдар менен чыккандарга. Ушул жөнүндө сөз болуп атат. Биз кадимкидей эле суверендүү өлкөбүз.

“Айтылбай турган сөз эле айтылып кетти өзү эле”

Аты-жөнү жана дареги так көрсөтүлбөгөнү менен сөз кайсыл мамлекет туурасында болуп жаткандыгын кыйыткан курч мүнөздөгү билдирүүнүн жообу көп күттүргөн жок. Орусиялык “РИА - Новости” агенттиги Кремлдеги атын атабоону туура көргөн үлкөн аткаминерге шилтеме менен, “Атамбаев союздаштардын арасынан душман издебей, өз өлкөсүндөгү жакырчылык менен күрөшсө” деген жообун узатты.

Анткен менен Борбор Азия боюнча орусиялык эксперт Аркадий Дубнов Атамбаев айтылбай келген жагдайлардын бетин ачканы менен буга карата расмий Москванын жообу жоболоңдуу болушу мүмкүн экендигин да эстен чыгарбоо зарылдыгын белгиледи:

- Атамбаев – президент, ошондуктан орусиялык аткаминерлердин кээ бирин сындаса, мында чоң катачылык деле жок. Бирок бул жерде саясий авантюризм да бар болушу мүмкүн. Себеби Атамбаев ал атаган аткаминерлер орус бийлигинин маанайын өзгөртүп, “жооп кайтарышы” мүмкүн экенин эске албай коё албайт. Мисалы мартта Орусия жазгы иштерге карата “күйүүчү май өзүбүзгө жетпей атат” десе эмне болот? 2010-жылы Орусия күйүүчү майдын Кыргызстанга ташылышын токтотуп, бир нече жумадан кийин Бакиев бийликтен кеткен. Бирок бул боюнча жоопкерчилик эми президенттин мойнунда эмес. Кыргызстанда азыр экономика үчүн жоопкерчиликти өкмөт алган, бул премьер-министр Өмүрбек Бабанов. Эгерде кырдаал курчуса, бардык муштумдарды Бабанов алат, Атамбаевдин рейтинги болсо көтөрүлөт. Ошондуктан Атамбаевди күчтүү саясатчы деп атам.

Ошол эле кезде жергиликтүү талдоочулар Кыргызстан дүйнөлүк державалардын ортосундагы геосаясий оюндардын аянтчасына айланып калгандыгын кооптонуу менен кабыл алышууда. Анткени серепчилер буга чейин Кремлдин чечимдерине таасир этүүгө жөндөмдүү орусиялык аскер аткаминерлерин КМШга кирген мамлекеттердин бир дагы жетекчиси мындай курч мүнөздө сынга албагандыгын айтышууда. Бул жагдайды эске алганда Атамбаевдин ачык айткандары алдыдагы кесепеттерин ойлобогон оргу-баргы кеп болдубу же жедеп чыдоонун чегине жеткенден кийин айтылган билдирүүбү деген суроо кабыргасынан койулууда.

Атайын кызматтын ардагери, талдоочу Орозбек Молдалиев Атамбаевдин ачык билдирүүсүнө түрткү болгон жагдайлар бар экендигине токтолду:

- Мындай маселелерди президенттер аябай чегине жеткенде гана ачыкка чыгарышат. Болбосо атайын кызматтар аркылуу эле маалыматтарды алып турат. Ачыкка чыкканы - биз билебиз, эми токтоткула деген сөз. СНБдан Пацула деген полковник кармалган, Орусияга тыңчылык кылып бергенин мойнуна алган. Аны менен бирге 3-4 адам кармалган. Андан башка дагы кандай факт керек? Айтылбай жаткан канчасы бар экенин биз билбейбиз да. Бир жылы Кытайдын, Американын, Орусиянын тыңчылары кармалган. Булардын максаты – биздин аймакты дестабилдештириш керек. Андан кийин ЖККУ бул аймакка жооптуу деп, бул жакта өз ишин жасайт. Мисалы, түндүк-түштүк деген сөздү негизинен эл чыгарган жок. Аны маалымат агенттиктер, гезиттер жана атайын эксперттер баары бир схема менен жасап атат.

Этияттыкты элейткен олдоксондукпу?

Мындай жагдайда президент Атамбаевдин билдирүүлөрү тышкы саясаттагы олдоксондук катары катары бааланышы мүмкүн дегендер да жок эмес. Анткени өзүн дүйнөлүк держава катары караган мамлекеттен аскер объекттери үчүн он беш миллион доллар карызды доолап, ортого жик салууга себеп издөөнүн кереги бар беле деген суроо саясий чөйрөдө талкууга алынууда.

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын жетекчиси Адахан Мадумаров муну Атамбаевдин тышкы саясатта кетирген кемчилиги катары карайт:


- Бул жерде кеп тышкы саясат кандай жүрүп жатат, биздин өнөктөштөр канчалык ишеним артат деген сөз. Биз өзүбүздүн түндүгүбүздү өзүбүз көтөрүп, өрмөлөп жүрүп, бирөөнүн жугундусун ичпешибиз керек. 15 миллион доллар менен Кыргызстандын тагдыры чечилип кетпейт. Бирок ошол кезде Кыргызстандын Орусияга төөдөй карызы турат. Мына ошол жагын дагы эске алышы керек болчу. Атамбаев өтө чоң жаңылыштык кетирди.

Ошол эле кезде талдоочулар учурда Кыргызстанда тең салмактуу тышкы саясат жүргүзүү амалдары татаалдашып бараткандыгын айтышууда. Анткени аймакта геосаясий кызыкчылыктары кагылышкан чет элдик атайын кызматтардын ар бири Кыргызстандагы коомдук–саясий кырдаалды өзүнүн кызыкчылыгына бурууга далалат кылган учурлары байкалган.


Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов мындай жагдайда мамлекет башчысы өтө этият жана кыраакы болууга тийиш деп эсептейт:

- Бул жерде кимдердин кызыкчылыгы болсо ошонун баары иштеп атат. Эң биринчи Орусиянын, Американын, анан албетте Өзбекстандын, Казакстандын кызыкчылыктары бар. Булардын кызматкерлери бул жерде толук бойдон иштеп атат. Тереңирээк анализдеп көргөндө оркоюп эле көрүнүп калат. Мына ошондуктан бул жерде мамлекет башчысы өз сөзүндө өтө этият болуш керек эле. Анткени анын айткандарынын ар бири жалпы мамилеге таасир этип койушу мүмкүн.

Оппозициянын “Ормон опузасыбы” же?..

Жаздын биринчи күнүн оппозициялык альянстагы “Ата-Журт”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Улуттар Биримдиги” партиялары Ошто миңдеген адамдар катышкан митинг менен башташты. Ош шаардык кеңешине шайлоонун алдында бул митинг оппозициянын президенттик жарышта жеңилүү ызаасын таркаткандан кийин активдешкен алгачкы кадамы катары каралууда.

Митингде сүйлөгөн сөзүндө “Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин бири Камчыбек Ташиев өлкөдөгү эң эле көйгөйлүү жагдай катары аймактык бөлүп-жаруу өнөкөтү күч алгандыгына токтолду:

- Акыркы жылдары мамлекетибизде регионалдык, жердешчиликке бөлгөндөр көбөйдү. Сен башка облустан, сен башка региондон деген сөздөр болуп атат. Бул туура эмес. Кыргызстандын бардык аймагы бирдейбиз. Биз бир бүтүнбүз, биз бирбиз. Себеби Ысык-Көл да менин жерим, Нарын да менин жерим, Ош, Жалал-Абад да менин жерим. Бардык жер кыргызстандыктардыкы.

Анткен менен оппозициянын аталган митинги коомчулукта ар түрдүүчө кабыл алынууда. Айрымдары муну оппозциянын “Ормон опузасы ” катары карашса, кээ бирөөлөрү кадимки көрүнүш катары карап, койулган талаптардын түпкү себептерине түшүнүү менен мамиле кылуу зарылдыгын айтышат.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат Асия Сасыкбаев оппозиция өкүлдөрүнүн митингди Ошто өткөрүшүнүн өзүнөн аймактык ажырымга алып келүүчү белгилерди көрөт:

- Биринчиден, аймактык мамиле туура эмес. Алар ушул жерде деле митинг өткөрүп, талаптарын койсо болмок. Экинчиден, талаптарынын бири - 1993-жылдагы Конституцияга кайтып келүү болуп атат. Бул деген Кыргызстанды 20 жылга артка тартканы. Аларды түшүнсөк деле болот, алар бүгүнкү бийликтен ажырап, оппозицияда калып калды. Биз деле оппозицияда жүрүп иштедик. Азыр алар элди жакырчылыкка түртүп жатышат. Анткени эл өз оокаттарын жасабай, бүгүн да көчөгө чыгып калышты.

Оппозиция бийликке карата өкмөттү таркатуу жана 93-жылдагы баш мыйзамга кайтуу сыяктуу бир катар талаптарды койду. Ошондой эле алар талаптар аткарылбаса мөөнөтсүз нааразылык акциялары 15-марттан баштап кайра улантыла тургандыгын убада кылышты.

Чоң “оюндун” кичине “көшөгөсү”

Оппозициянын 1-марттагы митингин талдоочулар оппозициянын бийликке карата сес көрсөтүү аракети катары карашууда. Ошол эле кезде 4-мартка белгиленген Ош шаардык кеңешине шайлоодо мэр Мырзакматовдун партиясын сүрөп, оппозиция өзүнүн таасирин чыңдап калууга бел байлагандыгы байкалат. Мунун себептерин саясий элитанын ичиндеги тирешүү жана бийликти эсептешүүгө мажбурлоо аракеттери катары баалагандар да бар.

Саясат таанучу Марс Сариев мына ушуга окшогон саясий карама-каршылыкты сырткы күчтөрдүн пайдаланып кетүү коркунучу бар экендигине токтолду:

- Менимче, бул түндүк-түштүк саясий элиталарынын эле күрөшү. Алардын айткан дооматтары туура, бирок азыркы өкмөт аларды чечип, изилдеп жатпайбы. Бизде саясатчылар бири-бири менен эле алышып, ресурс, бийлик талашканда бир жагдайды унутуп коюп жатышат: чоң күчтөр, мамлекеттер өздөрүнүн оюн саясатчылардын үстүнө жаап, чоң оюнга айланып, кырдаал колдон чыгып кетет деген коркунуч бар. Муну бир үстөлдө отуруп, эки тарап сүйлөшпөсө, башка күчтөр мунун баарын изилдеп жатат.

Азыркы бийликтин атаандаштары өз кезегинде өкмөт менен президент алардын айткандарына көңүл буруп, өлкөдөгү көйгөйлүү маселелерге кулак какпай жаткандыгын айтып келишет. Талдоочулар экономикалык жактан жарды өлкөгө карата тыштан кандайдыр бир кысым боло турган болсо, ал социалдык жарылууга таасирин тийгизиши мүмкүн экендигин эскертишүүдө.
Тасмада: Оштогу митинг, 1-март, 2012

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG