Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:38

Апта: Транзиттик борбор, жабылган жолдор...


"Манас" аба майданындагы АКШ транзиттик борбору, 7-июнь, 2012.

"Манас" аба майданындагы АКШ транзиттик борбору, 7-июнь, 2012.

Бишкекте "Манастагы" транзиттик борбордун тагдыры боюнча сүйлөшүүлөр өттү. Жогорку Кеңеш чек ара маселесин жабык талкуулады.

Кошмо Штаттар Ооганстандагы миссиясын дурустап аяктоонун үстүндө иштеп жатат. Бул маселени АКШнын президенти Барак Обама өткөн жумада Вашингтондо ооган президенти Хамид Карзай менен талкуулады.

Транзиттик борбордун тагдыры кайрадан талкууда

Ага удаалаш бул аптада АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк Бишкекке келди. Ал сапарынын максаты - Ооганстандагы антитеррордук миссияны аткарууда чечүүчү ролду ойноп жаткан транзиттик борбордун тагдыры боюнча сүйлөшүү экенин алдын-ала билдирип келди.

Кыргыз бийлиги Роберт Блейк менен жолугушуу болгонго чейин эле жообун берип, 2014-жылдан кийин "Манаста" аскердик компонент болбойт деп чыкты.

16-январда президент Алмазбек Атамбаев Роберт Блейкти кабыл алган учурда бул сөздөрүн дагы бир ирет тастыктады. Бирок мына ушундай бир жактуу жоопко карабай, транзиттик борбордун келечеги боюнча үмүтүн үзө электигин Америка тарап кыйытты.

Роберт Блейктин
айтымында, транзиттик борбор боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат, ошондуктан азырынча бир жактуу айтуу кыйын:

- Азыркы мезгилде биз транзиттик борбор боюнча сүйлөшүүнүн үстүндөбүз. Ошондуктан анын жыйынтыгы боюнча чайкоочулук кылгым келбейт. Биз президент мырзанын "Манас" аба майданында коммерциялык-логистикалык борбор куруу боюнча максатын толук түшүнөбүз жана аны колдоого аларыбызды билдиргенбиз. Өзүбүздүн кеңешибизди бергенбиз.

Демек АКШ "Манас" боюнча бир канча варианттарды кармап турат. Анын бири - "Манаста" түзүлө турган коммерциялык-логистикалык борборго катышуу, экинчиси - соодалашуу же саясий кырдаалды өзгөртүү аркылуу транзиттик борборду сактап калуу болушу мүмкүн. Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов Блейктин сөзүн мына ушул варианттарды эске алуу менен ар кандай түшүнүүгө болот дейт.

Кошмо Штаттар 2014-жылдан кийин Ооганстанда тынчтык орноп, расмий бийлик баарын көзөмөлдөп каларына ишене бербейт. Ошондуктан АКШ аскерлери чыгарылгандан кийин да ооган күчтөрүнө жардам бере ала тургандай шарт сакталып калыш керек. Демек "Манас" алар үчүн 2014-жылдан кийин да керек. Андан сырткары Кытай, Орусия көзөмөлүнө алууга умтулуп жаткан региондо базаны сактап калуу Вашингтондун геосаясий кызыкчылыгы үчүн да маанилүү.

Өз кезегинде Орусия Роберт Блейктин сапарына өзгөчө көңүл бөлүп, тыкыр көз салып турду. Муну орус маалымат каражаттарынын анын сапарын кеңири чагылдырып, олуттуу маани берүүсүнөн байкасак болот.

Транзиттик борбордун чыгарылышы боюнча Кыргызстандын эксперттик чөйрөсүндө бир жактуу пикир жок. Мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов бул маселеде президенттин позициясын колдоп чыкты. Анын айтымында, Алмазбек Атамбаев шайлоо учурунда Транзиттик борборду чыгарууга убада кылган. Эми ошол убадасын аткарып жатат. Ал эми коопсуздук маселесин Кыргызстан ШКУ, ЖККУ менен чечүүгө тийиш дейт:

- Негизи бизди коопсуздукту Америка эмес, ЖККУ, ШКУга кирген өлкөлөр менен түзүлгөн келишимдер боюнча биргеликте Борбор Азияда коопсуздук маселесин камсыз кылабыз. Эгерде кимдир бирөө кол салса, ЖККУ мамлекеттери аскер менен да, аскердик жабдыктар менен да бизге түздөн-түз жардам бериш керек.

Аликбек Жекшенкулов Кошмо Штаттар Кыргызстанга өз мүмкүнчүлүгүнө жараша жардам берген жок, инвестиция салган жок деп да сынга алды.

Ал эми дагы бир мурунку тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев транзиттик борбор Кыргызстандын тышкы саясатындагы негизги пайдубалдардын бири деп атап келатат. Транзиттик борбор чыгып кетсе, Кыргызстандын АКШ өкмөтү менен байланышы үзүлөт дейт:

- Бул жердеги проблема транзиттик борбор кыргыз-америка кызматташуусунун, байланышуусунун бирден-бир каналы жана механизми экендигинде жатат. Биздин ортобузда андан башка кызматташуу жок. Бул - байланыштын жалгыз каналы.

Талдоочулардын баамында, Кыргызстандын Кошмо Штаттар менен байланышы солгундаса, анда эл аралык финансылык уюмдар менен да кызматташуулар начарлашы күтүлөт. Коопсуздук жагында да маселе чыгышы ыктымал.

Ири мамлекеттердин Борбор Азия регионунда тирешүүсү бул жердеги өлкөлөрдүн карама-каршылыгын күчөтүшү ыктымал. Маселен, чек ара сыяктуу орчун маселелерди чечүүдө Кыргызстан Орусия, ЖККУга таянып, ал эми Өзбекстан Батышка таянып, ортодо тирешүүлөр курч мүнөзгө өтүшү мүмкүн.

Анын учкундары Сохто байкалып, ал жаңжал эки тараптан эшиктерди жабууга алып келүүдө. Маалым болгондой, Кыргызстан Сохко барчу жолду жапкандан кийин Өзбекстан бир жактуу түрдө "Достук" жана башка бир катар өткөрмө бекеттерди жаап салды. Андан ары карыз үчүн деп түндүк регионго газ берүүнү азайтты. Абал азырынча ушундай болуп турат.

Жолго чыккан "Жол картасы"

Ички саясатта бул жумада президент өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн стратегиясын, же “Жол картасын” бекитип алууга жетишти. Стратегия беш жылга эсептелип, бул мөөнөт ичинде ички дүң продукцияны эки эсе көбөйтүү каралган.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев өлкөнүн өсүп-өнүгүүсү үчүн мезгил келди дейт:

- Ички дүң продукция жыл сайын жок дегенде 7% өсүш керек. Айтылгандардын баары чыныгы ишке аша турган нерселер. Эгерде Кыргызстанда тынчтык эле болсо, өлкө өсүп, алдыга кете турган мезгил келди. Мындан да көп долбоорлор жазылбай калды. Аларды стратегияга жазып салууга бир аз эртерээк болду.

“Жол картасында” каралган экономикалык маселелер өкмөткө жүктөлдү.

Стратегия финансылык жактан бекемделген эмес деген күмөндөр да жок эмес.

“Ата Журт” фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаев ал маселени ачык койду:

- Бул жерде өкмөт жоопкерчиликти кандай кылып мойнуна алат? Бул стратегияда өлкөнүн реалдуу тармагы боюнча долбоорлор өз-өзүнчө киргизилиптир. Алар кайсы мөөнөттө ишке ашырылат жана аларга кайсы булактардан каражат издейбиз? Эгер кредит болсо, кайсы банктардан, ал эми грант болсо, кайсы мамлекеттерден? Эгер бюджеттен болсо, ар бир жылга биз канча акча бөлөбүз?

Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ар бир долбоорду каржылоо булагы такталган деп ишендирүүдө. Жалпысынан “Жол картасында” 70 долбоорду аткаруу каралган.

Президент жана өкмөт “Жол картасын” кабыл алууда олуттуу кыйынчылыктарга кабылган жок. Бирок Сох, чек ара маселесинде кызуу талаш-тартыштар күтүп турду. Мына ошондуктан бул маселени караган парламенттин жыйынын жабык өткөрүү чечими кабыл алынды.

Парламент чечим кабыл алганга чейин президент өз жардыгы менен Чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленовду кызматтан алып, анын ордуна “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Токон Мамытовду дайындады.

Токон Мамытов бул кызматта буга чейин да иштеп келген. Ал эми депутат катары чек арачыларга айлык акыны көтөрүү демилгесин ырааттуу көтөрүп, ага жетишкен жайы бар. Демек чек арачылар аны дурус күтүп аларында шек жок.

Токон Мамытов өзү жаңы кызматка киришип жатып, негизги көңүлдү чек арачылардын социалдык абалын жакшыртууга жана ички тартипти бекемдөөгө бураарын билдирди:

- Ички тартип бекем болуш керек. Экинчиден, ички тартипти камсыз кылууну талап кылаардан мурда, аларга социалдык жактан шарт түзүш керек. Социалдык маселелер чечилбесе, мен кантип андан муну жасабайсың, аны жасабайсың деп сурай алам?

Парламент чек ара боюнча 19-январда токтомун кабыл алды. Анда Өзбекстан менен чек араны аныктоодо эгемендүүлүк жылдары жетишилген келишимдерге таянуу өкмөткө милдеттендирилди. Андай беш келишим бар экенин буга чейин парламент мүчөсү Исмаил Исаков билдирген:

- Бизде бир топ документтер бар. Өзбекстан боюнча айтып кетсем, биринчи документибиз 1991-жылы 14-мартта Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда түзүлгөн “Достук жана кызматташтык” жөнүндөгү келишим. Ошол келишимдин 3-беренесинде так жана ачык жазылган: тараптар Кыргызстандын жана Өзбекстандын аймактык бүтүндүгүн, СССРдин алкагында калыптанган эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасын тааныйт жана сактайт деп. Ошону менен бирге кол тийбестигин так сактаганга да милдеттенет деп айтылган.

Исаковдун айтымында, андан кийин 1991-жылы Алматы декларациясы, 1992-жылы Минск декларациясы, 1994-жылы Москва декларациясы кабыл алынган. 1996-жылы Ташкенде кыргыз-өзбек түбөлүк достук жөнүндө келишимге жетишилген. Анда тараптар чек араларды таануу, аны бузбоого милдеттенишкен. Бул келишимдердин баарына өзбек жетекчиси колун коюп, парламенти ратификациялаган.

Жогорку Кеңештин токтомунда андан сырткары Сохтун айланасындагы Кыргызстан айылдарын облус борбору жана Айдаркен шаары менен туташтыруучу жолдорду куруу, чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү активдештирүү өкмөткө тапшырылды.

Кооптондурган пайыздар

Камбар-Ата-1 ГЭСинин тагдыры кайрадан таразага түшө баштады. Белгилүү болгондой, учурда ГЭСтерди куруу боюнча кыргыз-орус келишимдер Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүүдө.

Келишим Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына туура келбесин буга чейин “Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Жылдызкан Жолдошева жалгыз көтөрүп келген болсо, эми аны колдогон депутаттар пайда боло баштады. Болгондо да Жолдошева айымдын кырчылдашкан оппоненти Өмүрбек Текебаев Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча келишимди колдой албасын, ал Кумтөр боюнча келишимди эске салып жатканын билдирип чыкты.

Эгерде Өмүрбек Текебаевдин бул позициясы бекем болсо, анда ал келишимдин тагдырына коркунуч туулушу ыктымал. Анткени Текебаев башкаруучу коалицияга кирген фракциянын лидери. “Ата-Журттун” таасирдүү депутаты Акматбек Келдибеков да Жогорку Нарындагы ГЭСтерди насыя алып эле курууну сунуштады.

ГЭСтер боюнча келишимдерге өткөн жылы сентябрда орус президенти Владимир Путиндин Бишкекке сапары учурунда кол коюлган. Ага ылайык, тараптар Жогорку Нарында төрт ГЭС, Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну макулдашкан.

Кыргыз депутаттарын ал ГЭСтердин 50% орус тараптын түбөлүк ээлик кылуусу, ал эми долбоор өзүн актаганга чейин акциялардын 75% орустардын колунда болушу чочулатып, Кумтөр боюнча келишимди эске салып жаткандай.

Кошуна Тажикстан Орусия менен мына ушундай мазмундагы келишимден баш тартып, Иран менен келишим түзгөн. Ал келишимге ылайык, ирандыктар Сангутта-2 ГЭСин курууга 180 млн. доллар, тажиктер 40 млн. доллар бөлгөн. ГЭС курулуп бүткөндөн кийин сатылган электр энергиясы үчүн акчаны 12.5 жыл бою ирандыктар алып, андан кийин ГЭСти толугу менен тажиктерге өткөрүп берет.

Мына ушундай эле формуладагы келишимге Иран менен Армения Аракс дарыясында Мегрин ГЭСин куруу боюнча жетишкени да маалым. Мына ушундай мазмундагы келишим Кыргызстан үчүн ыңгайлуу эмеспи деген суроо туулат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG