Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:24

"Манастагы" базанын 2014-жылдан кийинки тагдыры боюнча сүйлөшүүлөр жандана баштаганы байкалууда.

Узап бараткан жумада мындан сырткары Кыргызстанда парламентти таркатууну көздөгөн дагы бир кыймыл түзүлгөнү жарыяланды. Жогорку Кеңеште мародерчулук боюнча депутаттык комиссиянын маалыматы угула баштады.

"Манастагы" база: "Эки дөөнүн" тиреши

Соңку күндөрү "Манастагы" АКШ Транзиттик борборунун 2014-жылдан кийинки тагдыры боюнча сүйлөшүүлөр жана кыймыл-аракеттер активдеше баштаганы байкалууда. Бир жагынан АКШ "Манаста" андан ары кала берүүнүн аргасын катуулап карап жатса, экинчи жагынан Орусия “өлтүрүлө элек аюунун терисин бөлүшкөндөй” болуп, бошотула элек "Манас" аба майданынын 2014-жылдан кийинки тагдырын аныктоого активдүү киришүүдө. Бул максатта Орусиянын адистери өткөн жылдын соңунан бери "Манас" аба майданына тынымсыз келип, анын мүмкүнчүлүгүн, абалын иликтөөдө.

Орусиянын транспорт министринин орун басары Дмитрий Окулов баштаган мына ошондой делегациялардын бири 6-февралда "Манаска" келип кетти.

Кыргызстан транспорт жана коммуникация миинстрлигинин жарандык авиация жана суу-транспорт боюнча департаментинин башчысы Мамат Назарбеков орус делегациясынын максаты тууралуу буларды билдирди:

- "Манас" аба майданын кантип Транзиттик борборго, кантип логистикалык борборго айлантып, өнүктүрсөк болот деп сүйлөштүк. Орусия тараптан болгон бардык суроолорго жооп бердик. Учуу тилкелерин, учак коё турган жерлерди, вокзал, жүк ташый турган, жүктөрдү которуштура турган инфраструктуралардын баарын көрүп кетишти.

Кыргызстандын жетекчилиги 2014-жылы "Манастан" Транзиттик борбор чыгарылгандан кийин, анын ордуна жарандык багыттагы логистикалык борборду курууну 2011-жылы сунуштаган. Ага катышууга Түркия, АКШ жана Орусия чакырылган. Азырынча Москва гана кызыгуусун көрсөтүп жатат.

Ал эми Кошмо Штаттар "Манаста" андан ары кандай формада калуунун аргасын издеп жаткандай. Анткени кыргыз жетекчилигинин "Манаста" 2014-жылдан кийин аскердик компонент калбашы керек деген позициясы АКШнын максаттарына каршы келет. Вашингтон 2001-жылдан бери "Манасты" аскерий багытта гана пайдаланып келатат. Жарандык багыттагы логистикалык борбордун Кошмо Штаттарга керектиги күмөндүү.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен айым Транзиттик борбордун тагдыры боюнча азырынча бир жактуу эч нерсе айта албасын билдирди :


- Азыр бул боюнча бир нерсе деп айталбайбыз. Аны тиешелүү адамдар талкуулашы керек. Бул маселе АКШ менен Кыргызстандын президенттерине, ошондой эле Ооганстандагы абалга көз каранды. Абал келечекте кандай болоорун айтыш кыйын. Биз Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин бул боюнча позициясын жакшы билебиз жана келишим качан аяктаарын да билебиз.

Памела Спратлен айымындын маалыматына караганда, Кошмо Штаттар Кыргызстан түштүгүндө антитеррордук машыгуу борбору боюнча долбоорду аткарууга киришүүгө да даяр. Ал үчүн болгону кыргыз тараптын эрки керек.

Түштүктө антитеррордук борборду куруу идеясы Курманбек Бакиевдин мезгилинде кыргыз-орус мамилеси начарлаган учурда пайда болуп, Роза Отунбаева Убактылуу өкмөттү жетектеп турган мезгилде күн тартибинде кала берген. Кошмо Штаттар бул долбоорго 5 млн. доллар бөлүүгө даярдыгын билдирген.

Бирок Вашингтондун Кыргызстанда андан ары бекемделип калуусуна Орусия караманча каршы болуп, Ошко өзүнүн жаңы аскердик базасын ачууга, "Манаста" болсо логистикалык борбор аркылуу америкалыктарды сүрүп чыгууга аракеттенүүдө. Президент Алмазбек Атамбаевдин Москвага таянган саясаты ага кеңири жол берүүдө.

Негизи Кыргызстан үчүн АКШ менен да, Орусия менен да кызматташуу пайдалуу экени маалым. Маселен, Кошмо Штаттар Транзиттик борбору аркылуу Кыргызстанга олуттуу каржылык салым кошууда. Орусияда болсо жүз миңдеген эмгек мигранттар жүрөт. Ири долбоорлорду турмушка ашыруу пландаштырылууда. Бирок эки империянын дүйнөлүк аренада, анын ичинде Кыргызстанда тирешүүсү Бишкекти бир жактуу тандоо жүргүзүүгө мажбурлоодо.

Саясий-экономикалык кризистен чыга албай, туруктуулукка жетише албай турган Кыргызстан үчүн эки дөөнүн тирешүүсү дагы бир олку-солкулукка алып келбейби деген чочулоо да жок эмес.

Жогорку Кеңешке "жортуул" күчөдү


Кыргызстанда парламентти таркатууну көздөгөн дагы бир кыймыл пайда болду. Ал кыймыл “Парламентти таркатуу үчүн” деп аталып, максатын аты айтып турат. Бул кыймыл 15-мартка чейин парламент өзүн-өзү таркатып, президент жаңы шайлоолорго чейин бардык бийликти колуна алууга тийиш дейт.

Конституциялык реформа өткөрүлүп, Кыргызстан президенттик-парламенттик башкрауу системасына өтүш керек, Жогорку Кеңешке депутаттар мажоритардык же бир мандаттуу округдардан шайланыш керек деп эсептейт.

Кыймылдын лидери Мирослав Ниязов азыркы иштеп турган система Кыргызстанды бүлгүнгө алып келет деген пикирде:

- Парламент кетсин. Өздөрүнүн демилгеси менен кетишсин. Абалды туура түшүнүшсүн. Жоопкерчиликсиз башкаруу системасы орноп калды. Парламент кеткенден кийин президент үч ай болобу, беш ай болобу, байкап көрүп, Конституциялык реформа өткөрүп, президенттик-парламенттик башкарууга өтпөсөк болбойт. Анткени Кыргызстанды башкара турган адам жок болуп жатат. Өлкөнүн тагдырын чечүүчү адам жок болууда. Эл кыйналып, жаман болуп жатат.

Ниязовдун айтымында, өлкөдө финансы-экономикалык кризис күч алууда. Эч кайдан акча келбей калды. Анын бир фактысы Казакстан 100 млн. долларды берүүдөн баш тартуусу.

Оппозициялык “Эл үнү” атуу кыймыл да парламентти таркатууну жактап келет. Бирок бул кыймыл системаны алмаштырууга ашыкпай, жаңы парламенттик шайлоо менен маселени чечүүнү жактайт.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Жоомарт Сапарбаев парламенттин начар иштеп жатканын моюндап, бирок системаны өзгөртүүгө каршылыгын билдирди:


- Туура, парламент сонун иштеп кете алган жок. Терс көрүнүштөр болуп жатат. Чоң жылыштар болбосо да, акырындап болуп жатат. Каалагандай болбой жатканын моюнга алыш керек. Бирок ушундан улам өзүнүн жана кээ бир саясий күчтөрдүн кызыкчылыгын көздөп эле, ушундай система жарабайт дегенге кошула албайм. Бул система иштеши үчүн убакыт керек. Кеминде эки шайлоо өтүшү керек.

Азыркы система өзгөрүүгө муктаж экенин мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев да белгилеген. Бирок ал Кыргызстан таза парламенттик башкарууга багыт алыш керек деп эсептейт. Атамбаевдин пикиринде, таза парламенттик системага өлкө келерки президенттик шайлоого чейин өтүп калыш керек. Ага чейин Жогорку Кеңешке шайлоону таза жана адилет, эң башкысы эл ишене тургандай кылып өткөрүү маанилүү.

Талдоочулардын баамында, Жогорку Кеңеш өзүнө берилеген ыйгарым-укуктарды натыйжалуу пайдалана албай, көпчүлүк депутаттардын дале “падышанын” көзүн карашы жалпы парламенттик-президенттик башкаруу системасынын аброюна урулган сокку болуп жатат.

"Ата Мекен" айыпка макул эмес

Кыргызстандагы парламенттик системанын атасы болгон “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары мародерчулук боюнча айыпталып жатат. Бейшемби күнү парламент апрель ыңкылабы учурундагы талоончулукту иликтеген депутаттык комиссиянын маалыматын уга баштады. Комиссияга он депутат мүчө болгон. Алардын бешөөсү корутундуну колдосо, бешөөсү өзгөчө пикир менен чыгууда.

Комиссиянын төрагасы Курманбек Осмоновдун билдирүүсүнө караганда, иликтөөнүн жүрүшүндө апрель ыңкылабы учурундагы талоончулукка “Ата Мекендин” лидерлери Өмүрбек Текебаев, Болот Шердин кыйыр, ал эми Райкан Төлөгөнов жана Туратбек Мадылбековдун түздөн-түз тиешеси болгондугу аныкталган. Албетте “атамекенчилер” айыптоолорду четке кагууда. Бирок комиссиянын маалыматы угулган күнү мурунку ички иштер министри Зарылбек Рысалиев да парламентте сүйлөп, камактагы Абдулла Юсуповдун көрсөтмөлөрү 85% туура чыкканын билдирди. Белгилүү болгондой, Юсупов апрель ыңкылабы учурунда талап-тоноочулукту “Ата Мекен” фракциясындагы депутаттар менен биргеликте жасашканын билдирген эле.

Рысалиев талап-тооночулук тергелип жаткан учурда Өмүрбек Текебаев аны коркутканын айтты:

- Абдулла Юсуповдун көрсөтмөсү менен кырдаалды жана жагдайды кайра калыбына келтирүү үчүн тергөөдө бир дагы карама-каршылык тапкан жокмун. Кайсы жерде талап-тоноочулук болгонун, качан болгонун так көрсөттү. Жеке мага ар кандай кысымдар болду. Мисалы, Өмүрбек Чиркешович бир күнү мага эртең менен чалды. “Ай, жигит, муну коркутуу дейсиңби, же андай дебейсиңби, өзүң бил. Бүгүн сенин артыңдан УКМК менен Башкы прокуратура, өкмөттүк комиссия иштеп жатат. Эгер алар жыйынтык чыгарып камабаса, анда артыңа мен отурам”, - деди. Мына, Өмүрбек Чиркешович өзү отурат. Ошол кезде мен Абдулла Юсуповдун көрсөтмөсүнүн 85 пайызы такталды деп айткам.

Өмүрбек Текебаев Рысалиевдин сөзүн төгүнгө чыгарып, аны калпты аныктагыч менен чындыкка жетүүгө чакырды.

Жогорку Кеңеш бейшемби күнкү жыйынында парламенттик комиссиянын корутундусун аягына чейин талкуулоого жетише албай калды. Ошондуктан маселени кароо келерки жумада уланышы күтүлөт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG