Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:04

Апта: Бакиевдер кесилди, “Ата Мекен” акталды


Бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев кичи мекени - Тейит айылында. Жалал-Абад, 12-апрель, 2010.

Бийликтен кулатылган Курманбек Бакиев кичи мекени - Тейит айылында. Жалал-Абад, 12-апрель, 2010.

Апта ичиндеги эң урунттуу окуялардын бири - ага-ини Бакиевдерге байланыштуу сот өкүмү болду.

Жогорку Кеңеште апрель ыңкылабы учурундагы талап-тоноочулукка байланыштуу комиссия маалыматы угулушу да аптанын орчун окуяларынан болду.

Сот өкүмү Бакиевдерди кайтарууга жардам береби?

Бишкек гарнизондук соту 11-февралда чыгарган өкүмү менен Курманбек Бакиевди 24 жылга, иниси Жаныш Бакиевди өмүр бою эркинен ажыратты. Сот мурунку президент кызмат абалынан кыянат пайдаланган, кылмыштуу уюмдун мүчөсү катары мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирген деп тапты. Ал эми Жаныш Бакиевге коюлган айыптар андан да оор болду. Бакиевдерге карата соттун мындай өкүмү Медет Садыркуловдун өлтүрүлүшүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында чыгарылды.

Бакиевдерге карата камактын мөөнөтү мындан да көбөйүшү шексиз. Анткени апрель окуясы боюнча сот уланууда. Анын жыйынтыгы боюнча да аларга жаза берилери күтүлүүдө.

Бакиевдер сотко катышкан жок. Курманбек Бакиев Минскиде. Ага Беларус президенти Александр Лукашенко саясий башпаанек эле эмес, бул өлкөнүн жарандыгын бергени да маалым. Ошондуктан кийинки башкы маселе Курманбек Бакиевди кайтарып алууда турат. Буга чейин кыргыз тарап жөнөткөн талаптарды Беларус аткаруудан баш тартып келген.

Мурдагы юстиция министри Мукар Чолпонбаев Бишкек гарнизондук соттун өкүмү Курманбек Бакиевди кайтарып келүүгө жардам берет дейт:

- Бул өкүм сөзсүз жардам берет. Анткени эл аралык катнаштар, мамилелер боюнча бир мамлекетте күнөөлүү деп табылган адамды башка мамлекетке өткөрүп берүү үчүн сөзсүз соттун өкүмү керек болот. Бизди кыйнай турган бир нерсе бар: Бакиев Курманбек Беларустун жарандыгын алган. Кыргызстандын да, Беларустун да Конституциясында өзүнүн жарандарын башка мамлекетте жоопко тартууга бербейт деп жазылган.

Чолпонбаевдин айтымында, буга карабай өкүм күчүнө киргенден кийин сүйлөшүүлөр аркылуу Бакиевди кайтарууга болот.

Дагы бир юрист Марат Кайыпов соттун өкүмү Бакиевдерди кайтарууга жардам берери күмөндүү экенин, анткени эл аралык келишимдер бир стандарт менен иштебей жатканын айтты.

Кандай болгон күндө да соттун өкүмү күчүнө киргенден кийин Кыргызстан Беларуска кайрадан кайрылуу жолдоп, Курманбек Бакиевди кайтаруу талабын коёору бышык.

Орусия Бажы биримдигине чакырат

14-февралда Кыргызстанга Орусиянын бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов келип кетти. Бельянинов - кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын орус тарабынын жетекчиси. Ошондуктан аны Орусиянын Кыргызстан боюнча жооптуу өкүлү же куратору катары бааласа да болот.

Андрей Бельянинов Бишкекте өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушуп, энергетикалык келишимдерди аткаруу жана Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланыштуу маселелерди талкуулады.

Энергетикалык келишимдерди аткаруу, тагыраак айтканда ага байланыштуу келишимдерди Жогорку Кеңеште ратификациядан өткөрүү создугуп баратат. Кыргыз өкмөтү Орусия менен өткөн жылы сентябрда жетишилген ал келишимдерди алда качан эле парламентке жөнөткөн.

Бирок парламентте адегенде “Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Жылдыз Жолдошева Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча келишим Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына туура келбесин айтып келсе, соңку мезгилде “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев да күмөнүн ачыкка чыгара баштады. Бул тенденция жалпы депутаттарга, коомчулукка да өтүп, натыйжада келишимдин ратификациядан өтүшү күмөн жаратып турат. Ал күмөндү жоюу үчүн Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети 19-февралда парламенттик угуу өткөрүүнү чечти.

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдырахманов Камбар-Ата-1 боюнча келишим азыркы абалында ратификациядан өтүшүү күмөндүү дейт:

- Азыр өткөрүш кыйын. Анткени Текебаев да каршы чыкпадыбы. Ошон үчүн коалиция өткөрө албайт го. “Ата-Журт” менен “Республика” каршы болот. Биз, эркин депутаттар да каршыбыз.

Абдырахмановдун айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна каршылык жок, бирок ГЭСти жана сууну башкаруу Москвага берилиши туура эмес.

Жогорку Кеңеште келишимди жактаган депутаттар да жок эмес. Парламенттеги отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин мүчөсү Азамат Арапбаев Камбар-Ата-1 боюнча келишим Кыргызстан үчүн пайдалуу деп эсептейт. Анын айтымында, көпчүлүк депутаттардын пикири да ушундай:

- Менимче, парламенттин басымдуу көпчүлүгү бул маселени колдойт. Кээ бир кесиптештерибиздин жеке ой-пикири болушу мүмкүн. Жалпысынан бул маселе парламентте колдоо табат.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы да келишимди ратификациялай элек. Аны тездетүүгө аракеттер жасаларын Андрей Бельянинов Бишкекте билдирди:

- Биздин кыргыз кесиптештерибиз сентябрда жетишкен келишимдерди ратификациялоону тездетүүнү суранышкан. Биз өкмөттүн алдына аны тездетүү боюнча маселени койобуз. Бул - Жогорку Нарын жана Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча келишимдер.

Бажы биримдиги тууралуу карикатура

Бажы биримдиги тууралуу карикатура

Андрей Бельянинов Бишкекте Жантөрө Сатыбалдиев менен энергетикалык эле эмес, Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланыштуу маселелерди да талкуулаган. Кыргызстанга Бажы биримдигинин артыкчылыгын көрсөтүү үчүн март айынан тарта кыргыз товарлары үчүн Орусия “жашыл коридор” ачмакчы.

Март айында Жантөрө Сатыбалдиев Москвага жумуш сапар менен барат. Мына ошондо кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны да болот.

Сапар учурунда “Кыргызгазды” менчиктештирүү боюнча келишимге кол коюуга үмүтүн бар болгонун Жантөрө Сатыбалдиев Бельянинов менен жолугушуу учурунда билдирди:

- Биздин Москвага сапарыбыз учурунда “Кыргызгазды” менчиктештирүү боюнча келишимге кол коёобуз деп үмүттөнөм.

Кыргыз өкмөтү “Кыргызгазды” “Газпромго” өткөрүп берүүгө катуу аракеттенүүдө.

"Ата Мекен" азырынча акталды

Узап бараткан аптада Жогорку Кеңеш апрель ыңкылабы учурундагы талап-тоноочулук боюнча жаңжалга чекит эмес, үтүр койду. Анткени бул маселе боюнча депутаттык комиссиянын маалыматын угуп, топтолгон бардык материалдарды тергөө органдарына өткөрүп берүү чечимин кабыл алды. Үч айдан кийин Жогорку Кеңеш бул маселеге кайрадан кайрылып, тергөө ишинин жүрүшү боюнча маалымат ала алат.

Курманбек Осмонов башында турган депутаттык комиссиянын ишинин мына ушундай жыйынтыкталышы “Ата Мекендин” ийгилиги катары бааласа болот. Анткени аларды талап-тоноочулук боюнча айыптоолор расмий түрдө ишке ашпай калды.

Депутаттык комиссиянын он мүчөсү да беш-бештен бөлүнүп, бирдиктүү корутунду кабыл алууга мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Комиссиянын төрагасы Курманбек Осмонов жарыялаган корутундуда апрель ыңкылабы учурундагы талап-тоноочулукка “Ата Мекендин” бир катар депутаттарынын тиешеси бар болгону далилденди деп белгилеген. Аны мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиев да парламентте тастыктоого аракет жасады. Бирок Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги аны төгүндөдү. “Ата Мекендин” башкаруучу коалициядагы өнөктөштөрү “Ар-намыс” жана КСДП да аларды коргоп чыкты.

Жогорку Кеңеште талап-тоноочулук талкууланган күнү “Ата Мекен” партиясы өзүнүн тарапкерлерин Ак үйдүн алдына митингге алып чыкты. Бул митингдин максаты талап-тоноочулук боюнча чечим кабыл алаарда депутаттарга эле басым көрсөтпөстөн, жаздын келиши менен нааразылык акциясына чыгабыз деген күчтөргө да каршы багытталды.

Муну “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевдин сөзүнөн байкоого болот:

- Ар үч ай сайын эски режимди калыбына келтиребиз, Ак үйдү басып алабыз деп элди коркутат. Мына жаз келсе, басып алабыз деп турушат. Алар кимдер? Алардын аты-жөнүн айтып кетсек болот. Биз, урматтуу патриоттор, ыңкылапты коргойбуз деп жарыялашыбыз керек. Биз ыңкылапты реставрация кылып, эски заманды алып келебиз дегендерге сокку урушубуз керек. Эгерде алар ушул жазда келе турган болсо, башка арам ойлорун аткара турган болсо, биз аларга сокку беребиз.

“Ата Мекендин” митинги Чүй көчөсүн тосуу менен коштолду. Ошондуктан тартип коргоо органдары мыйзам бузулганын айтып, административдик иш козгошту.

Президент да жол тосууну кескин айыптап, ушул окуяга удаалаш жол тосуу үчүн айып акчаны көбөйткөн мыйзамга кол койду.

Бийлик “Ата Мекендин” мыйзам бузуусуна карата чара көрүү менен жазында көчөгө чыгабыз деп турган оппозицияга да эскертүү жасагандай болду.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG