Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:41

“Республика” партиясынын лидери төңкөрүшкө каршы экенин, бирок парламентти таратууну талап кылган акцияларга каршы эместигин айтып чыкты.

Жапонияга сапары учурунда президент Алмазбек Атамбаев болсо парламентти таркатууга каршы экенин билдирди. Узаган аптада мындан сырткары Кумтөр келишимин түзгөндөргө каршы кылмыш иши козголду. Орусия аскердик базалар боюнча келишимди ратификациялоого киришти.

Ошко Орусия базасы ачылабы?


Кыргызстан менен Орусия 2012-жылы сентябрдагы келишимдердин алкагында бири-биринин алдында алган милдеттерди аткаруу киришти. Кыргызстан парламенти ГЭСтерди куруу боюнча келишимди толук ратификациялар замат, 25-февралда орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев президент Владимир Путинге Кыргызстандагы бирдиктүү орус аскердик базалары жөнүндөгү келишимди ратификациялоо үчүн жөнөттү. Орус президенти эми ал келишимди Мамлекеттик Думасына жолдош керек.

Кыргызстан менен Орусия Владимир Путиндин өткөн жылы Кыргызстанга сапары учурунда бир катар келишимдерге кол койгон. Алардын арасында ГЭСтерди куруу, Орусиянын Кыргызстандагы базаларын бириктирүү, Кыргызстандын карызын кечүү сыяктуу келишимдер бар.

Орусиянын Кыргызстандагы бирдиктүү базалары жөнүндөгү келишим эки мамлекеттин аскердик-техникалык кызматташуусун кеңири камтый турган келишим экени маалым. Маселен, Орусиянын “Независимая газетасынын” жазуусуна караганда, жакын арада Орусиянын дагы бир аскердик базасы Ошко жайгаштырылат. Бирок жаңы база жайгаштыруу маселеси сентябрдагы келишимде каралган эместиги маалым.

Кыргызстандын коргоо министринин орун басары Замир Сүйөркуловдун “Азаттыкка” маалымдоосуна караганда, түштүктө аскердик база ачуу маселеси сүйлөшүү деңгээлинде турат:

- Бул маселеде чынын айтканда, сүйлөшүү жараяны жүрүп жатат. Биз Орусия менен сүйлөшүп жатабыз. Азырынча база болобу-болбойбу так айта албаймын.

Орусия түштүктө база ачуу маселесин 2009-жылы көтөргөн. Жогорку Кеңештин коопсуздук жана коргонуу комитетинин мүчөсү Исмаил Исаковдун маалыматы боюнча, анда орус тарап Оштогу Тээке полигонун ээлөөгө кызыкдар болгон. Бирок ал машыгуу талаасы Кыргызстандын өзүнүн куралдуу күчтөрү үчүн керек болгондуктан, башка жерди карап көрүү сунушталган . Маселе ошол бойдон токтоп калган.

Орусия курал береби?

Орусиянын бирдиктүү аскердик базасы жөнүндөгү келишимдин алкагында Москва Кыргызстанга аскердик техника жагынан жардам көрсөтмөк болуп, керек болгон техниканын тизмесин сураган. Андай тизме жөнөтүлгөнүн Кыргызстандын коргоо кенешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев орус маалымат кызматтарына кабарлады. Ал маалыматка караганда, Кыргызстан Орусиядан тик учак, бронетанкалык техника, артилерия, көтөрүп жүрүүчү зениттик комплект, автоунааларды сураган.

Коргоо министринин орун басары Замир Сүйөркуловдун айтымында, суралган техниканын качан жана канча өлчөмдө келиши Орусияга байланыштуу.
Ошол эле орус маалымат каражаттары Москва Кыргызстан менен Тажикстанга аскердик техника үчүн 1 млрд. 300 млн. доллар бөлгөнүн жазып чыккан. Анын ичинен 1 млрд. 100 млн. доллар Кыргызстанга бөлүнөрү айтылган.

Ошентип, Кыргызстан менен Орусия сентябрдагы келишимдерди аткаруу боюнча кадамдарды ташташты. Параллелдүү түрдө Кыргызстанды Бажы биримдигине тартуу аракети жасалууда. Орус расмий өкүлдөрү Кыргызстан быйылкы жылы эле Бажы биримдигинин катарында болуш керек деп шаштырууда.

Бишкекти кайраттандыруу максатында март айынан тарта Кыргызстандын товарлары үчүн Орусия жашыл коридор ачаарын кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы Андрей Бельянинов 13-февралда Бишкекке сапары учурунда билдирип кетти.

Кыргызстандын Орусиянын кучагына сүңгүүсү жана "Манастагы" Транзиттик борбор боюнча бир жактуу позициясы Кошмо Штаттарды Өзбекстан жана Тажикстан багытында активдешүүсүнө алып келди. Бул өлкөлөргө дээрлик жума сайын океандын ары жагынан расмий өкүлдөр келип, сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Маселен, узап бараткан жумада АКШнын Мамлекеттик департаментинин, Коргоо министрлигинин өкүлдөрү Ташкен, Душанбеде болушту. Ага чейин конгрессмендер Өзбекстанда болсо, Мамлекеттик катчынын жардамчысы Роберт Блейк Душанбеге келген эле.

Президент парламентти таркатууга каршы


Президент Алмазбек Атамбаев Жапонияга сапары учурунда журналисттердин парламентке байланыштуу суроосуна жооп берип жатып, аны таратууга каршы экенин билдирген. Президент “баары өз мөөнөтүндө жүрүүгө тийиш. Шайлоого даярдык көрүш керек. Жакшысы эки жылга чыдайбыз”, – деп айткан. Ал ошондой эле келечектеги шайлоону эл ишене тургандай таза, адилет өткөрүү үчүн даярдык көрүлүп, Шайло кодекси өзгөртүлүш керектигин белгилеген.

Президенттин сөзү жаз айларынын башында ар кандай талаптар менен, анын ичинде парламентти таркатуу талабы менен нааразылык акциясына чыгууну болжоп жаткан саясий топторго багытталды. Белгилүү болгондой Мирослав Ниязов башында турган топтор парламентти таркатуу талабы менен, Мукар Чолпонбаев башында турган “Кыргызстанды сактоо” кыймылы Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу, саясий куугунтукту токтотуу талабы менен марттын орто ченинде нааразылык акциясына чыгышаарын жарыялашкан.

Мирослав Ниязовдун билдирүүсүнө караганда, парламентти таркатуу талабы менен ар кандай күчтөр жүрөт. Бирок алардын тобу парламенттик система Кыргызстанга керекпи деген темада 11-мартта "Ак кеме" мейманканасында конференция уюштурушаарын билдирип, буларга токтолду:

- Азыр көпчүлүк айтып жатпайбы, биз 13-мартта чыгабыз, 15-мартта чыгабыз, бул бийликти кетиребиз деп. Биз буга каршыбыз. Биз эртели-кеч саясий маданияттуу жол менен бийликти алмаштырууга барышыбыз керек. Анан кара күчкө салып эле талкалап, анан башкалар келип... Анан мына эки ыңкылаптын натыйжасында эч жакшылык чыккан жок. Ошол себептен биз маданияттуу жол менен барабыз.

“Эл үнү” оппозициялык кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров азыркы кезде ыңкылапчыл маанай бышып жетиле элек, ошол эле мезгилде бийликтин абалы да өтө оор деп билдирүүдө.

Оппозициялык кыймылдардын ичинен акча каражат, адам ресурсу жана саясий таасири жагынан “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов жана “Ата-Журт” партиясынын лидерлеринин бири Акматбек Келдибеков күчтүү экени белгилүү.
Өмүрбек Бабанов жергиликтүү маалымат каражаттарына берген интервьюсунда, төңкөрүшкө каршы экенин, бирок өкмөттү, парламентти таркатуу талаптары менен нааразылык акцияларына каршы эместигин билдирген. Ал ошондой эле өлкөдө тез арада конституциялык реформа жасалып, бийлик таза президенттик же таза парламенттик болууга тийиш деп эсептейт. Экс-премьер-министрдин пикиринде, азыркы бийлик системасы кадимки аралаш система. Ошондуктан ал азыркы кыйынчылыктардын, башаламандыктардын булагы болуп жатат.

Акматбек Келдибеков да нааразылык акциясы болсо, эл тарабында экенин айтып келатат. Ошондуктан эл ичинде кандайдыр бир нааразылык акциялары башталса, ал олуттуу саясий күчтөрдүн колдоосуна ээ болчудай. Анын үстүнө Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Кубатбек Кожоналиевдин үстүнөн жүрүп жаткан сот аздыр-көптүр кишилерди эмитен эле көчөгө чыгарууда.

Өнөктөр өчөштү


Кумтөр үчүн күрөш чечүүчү стадиясына өтө баштады. Канада тарап 2009-жылкы келишимди мыйзамдуу деп атап, аны өзгөртүүгө барбашын билдирди. “Центерра голд инктин” президенти Ян Аткинсон чет өлкөлүк жана орусиялык маалымат каражаттарына берген интервьюсунда, “Центерра” 2009-жылкы келишимди кайра кароого барбасын, бирок кыргыз өкмөтү менен мунаса табууга аракет жасаларын айткан.

“Центерра” тараптан мына ушундай маанайдагы билдирүүлөргө жооп Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан 27-февралда берилди. Башкы прокуратура Кумтөр боюнча 1992-жылдан 2009-жылга чейинки келишимдер боюнча “коррупция”, "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "кызматтык абалынан аша чабуу” жана "мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген келишимдерди түзүү” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул кылмыш ишинин Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Турсунбек Чыңгышев, Николай Танаев, Дастан Сарыгулов жана башка мурунку кызматкерлерге тиешеси болот.

Азимбек Бекназаровдун айтымында, Кыргызстан Кумтөр боюнча келишимдер коррупциялык мүнөздө болгонун далилдеген күнү гана Эл аралык арбитраждан утуп чыгууга мүмкүнчүлүк алат:

- 2005-жылы эки кылмыш иши козголгон. Ошону тез аранын ичинде кайрадан жандантыш керек. Акаевдин айланасында, Танаевдин айланасында болгон иштер. Ошону менен эл аралык сотко коррупциялык схемалар бар экенин далилдешибиз керек. Коррупциялык схемалар менен келишим түзүлгөндө, менимче, Канада дагы, Америка дагы бизге жардам берет. Соттор дагы “Коррупцияга каршы” конвенцияга ылайык маселени биздин пайдабызга чечет.

Бекназаровдун пикиринде, Кыргызстан Кумтөр боюнча 2009-жылкы келишимди дароо денонсациялоого барыш керек. Анткени келишим азыркы абалда канча узак иштесе, “Центеррага” ошончо пайдалуу.

Белгилүү болгондой кыргыз парламенти “Центерра” менен сүйлөшүү үчүн өкмөткө үч ай берген. Ушул мөөнөттө эки тарап орток пикирге келе албаса, Кыргызстан келишимди бузууга барат. “Центерра” өз кезегинде кырдаал мындай өнүксө, маселе Эл аралык арбитражда чечилет деген позициясын билдирүүдө.

Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев тараптар үч айда орток пикирге келет деген пикирде:

- Кумтөр бюджетке, Кыргызстанга кандай жардам берип жатат?! Эгерде ошону бузчу болсок, анда иш бүттү, катастрофа болот. Анткени келишимди токтотуу деген Кумтөрдү токтотуу дегенди билдирет. Анан жөнөкөй жол менен эле укмуштай пайда кала турган кылса болот. Биричиден, келишимди өзгөртүш керек. Салыктын өлчөмү азыр 14% болсо, 22% чейин көтөрүш керек. Экинчиден, тогуз кишиден турган директорлор кеңеши бар. Анын алтоосу кыргыздар болуш керек. Мына ошону менен башкарууга биз өтөбүз. Маселе чечилет.

Бул арада Жерүй алтын кени боюнча конкурстук комиссия кен үчүн баштапкы бааны 300 млн. доллар деп белгиледи. Алгачкы мезгилде Жерүйдү иштетүү укугу 100 млн. доллар деп бааланып жаткан эле.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG