Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:31

Апта: Жазгы митингдер, мэр талаш


Камактагы депутаттарды бошотууну талап кылган митинг. Ош, 5-март, 2013.
Камактагы депутаттарды бошотууну талап кылган митинг. Ош, 5-март, 2013.

Узап бараткан апта өлкөдө митингдер менен коштолуп, Бишкек мэрине ишеним көрсөтпөө демилгеси да козголду.

ЖАЗДА ЖАНДАНГАН МИТИНГДЕР

Узап бараткан жумада кыргыз оппозициясы саясий демилгени колго алууга аракет жасады. 5-мартта Караколдо, Нарында, Ошто жана Жалал-Абадда митинг уюштуруп, анда абактагы депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду үй камагына чыгаруу, Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу, парламентти таркатуу талаптарын коюшту.

Митингдер массалык болуп кеткен жок. Жалал-Абадда 50-60 эне облустук администрациянын имаратына кирип барып, отуруп алышты. Бул көрүнүш 2005-жылдагы март ыңкылабынын алдындагы окуяны эске салды. Бирок бул ирет энелер эки күндөн кийин имараттан чыгып кетишти. Укук коргоочулар кеңеши мыйзамсыз аракетти сындап чыкты.

Жалал-Абаддагы митингчилердин айтымында, алар мындай аракеттин майнапсыздыгын түшүнүштү. Ошондуктан митингди аянтта улантуу чечимине келишти.

Жер-жерлердеги митингдер парламентте, бийликте чочулоолорду жаратты. Маселен, президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан үчүнчү ыңкылапты көтөрө албай турганын белгилесе, “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Ташболот Балтабаев өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды талкуулоо үчүн күч жетекчилигин парламентке чакырууну талап кылды.

Башкаруучу коалиция жабык жыйында өлкөдөгү кырдаалды талкуулады. Ал жыйынга вице-премьер-министр Шамил Атаханов баш болгон күч структураларынын жетекчилиги келип, абал тууралуу маалымат беришкен.

Алар абалды кандай баалашканын депутат Ташболот Балтабаев мындайча айтып берди:

- Биздин бардык күч органдары "абал коркунучтуу эмес, туруктуу, таратылып жаткан ушактар негизсиз" деп айтышты.

Балтабаевдин айтымында, депутаттар күч структураларына ушакка каршы күрөшүүнү, элге туура маалымат таратып, кырдаалды реалдуу баалоону сунушташты.

Өлкөдө митингдердин жанданышы бийликтеги КСДПнын депутаттарын кабатырга салгандай. Маселен, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бийликти басып алууга учурда эч кандай негиз жок деп кайрылса, Эгемберди Эрматов азыркы бийликке каршы чыккандарды эл душманы деп атады. Анын кесиптеши Ирина Карамушкина митингчилер фашисттердин ыкмасын колдонуп жатканын айтты.

“Республика” фракциясынын депутаты Абдыжапар Бегматов бул айыптоолорду аша чапкандык катары баалады:

- Менин оюмча, эл душманы деп фашисттерге теңеген туура эмес. Анткени жөнөкөй эл же кайсы бир саясий күчтөр өзүнүн талабын бийликке кайсы бир деңгээлде жеткириш керек. Саясий, мамлекеттик бийликке талаптар болсо, кайсы бир формада айтыш керек. Аны фашисттерге теңеген болбойт.

Абдыжапар Бегматов өлкөдөгү кырдаалды кооптуу дегенге кошулбасын да белгиледи.

МЭРЛИК КИМДИН КӨЗҮН КЫЗЫКТЫРУУДА?

Кыргызстандагы саясий кырдаалга Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлеринин айланасында түзүлгөн кырдаал да кошумча түс берип турат. Бишкек шаардык кеңешиндеги “Республика” фракциясы борбор мэри Иса Өмүркуловго ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүп, шаардык кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу талабын койду. Ал эми Ош шаарынын мэрин шайлоо создуктурулуп келатат.

Бишкек шаар кеңешиндеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Союзбек Салиев кезексиз сессия 11-мартка чакырылды дейт:

- Сессия чакырылды. 11-мартта болот. Барабыз. Ошол жерде маселени талкуулайбыз.

Салиевдин айтымында, азыркы кезде кезексиз сессиянын күн тартибине коюлган мэрге ишеним көрсөтпөө боюнча фракциялар ортосунда кеңешүүлөр жүрүп жатат. Ошондуктан мэрдин тагдыры кандай чечилерин азырынча айтуу кыйын.

Шаардык кеңештеги “Республика” фракциясынын лидери Мирлан Жээнчороев борбордун абалы мэрге ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүүгө алып келгенин билдирген. Бул маселе депутаттар тарабынан чечилип, эч кандай митинг уюштурулбасын да Жээнчороев белгилеген:

- Митинг, пикеттерге биздин саясий кеңешибиз да, лидерибиз да каршы. Биз конструктивдүү эмес митингдерге терс карайбыз. Мэрге ишеним көрсөтпөө сессияда депутаттар тарабынан чечиле турган маселе дейбиз.

Жээнчороевдин айтымында, алардын катарында мэрдин кызматын татыктуу аткара турган талапкери бар. Бирок ал талапкер тууралуу азырынча айтылбайт.

Айрым маалыматтарга караганда, “Республиканын” лидери Өмүрбек Бабанов Бишкек шаарынын мэри болуп иштеп көрүүгө каршы эмес жана аны мэрликке келиши борбордук бийликке да ыңгайлуу. Анткени акчалуу Бабанов оппозицияны финансылайт деген чочулоо да жоюлат. Экинчи жагынан Бабанов борбордун көйгөйлөрүн чече албаса, анда саясий аброюна доо кетет. Бул да бийликке пайдалуу.

Бирок да Бишкек шаардык кеңеште 21 депутаты бар КСДП мэрликти колдон чыгаруусу күмөндүү. Анын үстүнө борбордун мэри Иса Өмүркулов оңой менен алдырбасын кыйытып, ага ишеним көрсөтпөөгө негиз жок экенин билдирүүдө.

Бирок жалпы бийликтин ишинде ийгиликтин жоктугунан пайда болуп жаткан нааразылык борбордо мэрге багытталып, ага ар кай жактан тынымсыз сокку урулууда.

Экинчи борбор аталган Оштун мэринде башка проблема. Анын ишине шаар калкы ыраазыдай. Бирок борбордук бийлик Мелис Мырзакматовду теске салуунун жолун издеп, шаар мэрин шайлоону создуктуруп келатканын серепчилер айтып жатышат. Мырзакматовдун мэрлик мөөнөтү февралда эле соңуна чыккан. Ага карабай жаңы шайлоо өткөрүү белгилене элек.

Ош мэрлигинин айланасында түзүлгөн бул кырдаал буга чейин эле борбор менен келише албаган Мырзакматовду оппозиция короосуна биротоло тартып кетүүгө бүт аракетин жумшашы да ыктымал.

СЫНГА КАБЫЛГАН САЛЫК САЯСАТЫ

Бюджеттин тартыштыгы өкмөттү салык саясатын күчөтүүгө мажбур кылгандай. Бирок ал саясат ишкерлердин, экономисттердин сынына туш болууда. Маселен, өкмөт быйылкы жылдан тарта дары-дармектен кошумча нарк салыгын алууну чечкен. Мурунку каржы министри Акылбек Жапаров муну өкмөттүн жарандардын чөнтөгүнө кол салуусу катары баалады. Анын эсеби боюнча, өкмөт өткөн жылы 753 млн. сом салык жыйнай албай калды. Ал жылы бюджет 3 млрд. 680 млн. сомго кыскартылганына карабай ушундай натыйжа болгон.

Январь айынан тарта өкмөт жүгүртүүдө жүргөн акчадан алдын-ала 1% салык ала баштаган. Бул салык ишкерлер арасында кескин сынга кабылды.

Ишкерликти өнүктүрүү жана инвестиция боюнча өкмөт алдындагы кеңештин катчысы Таалайбек Койчуманов өкмөткө кайрылуу жасап, алдын-ала алынуучу 1% салык ишерлерди, компанияларды түйшүккө салып жатканын билдирген.

Акылбек Жапаров салыктын бул түрүн “ишкерликти өзөртө согуу” катары баалады.

Экономика министрлигинин фискалдык саясат боюнча башкармалыгынын башчысы Абдужалил Токбаев түзүлгөн кырдаал жана ишкерлердин кайрылуусу өкмөттө каралып жатканын билдирди.

Ал эми Жогорку Кеңештеги экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин мүчөсү Улукбек Кочкоров 1 пайыздан алдын-ала салык алууга жол берген жобо Салык кодексине өткөн жылы өкмөттүн демилгеси менен киргизилгенин билдирди. Ал салыктын бул түрү боюнча мындай пикирин айтты:

- Мурда болжол менен эсептеп туруп, мен мынча киреше алышым мүмкүн деп төлөчү эле. Азыр катуу талап коюп жатабыз, алган акчаңдан мынча процент төлөйсүң деп. Маселен, 2012-жылдын төртүнчү кварталында канча акча жыйнаган болсоң, анда 2013-жылдын биринчи кварталында мурдагы кварталдын акчасынан 1% төлөйсүңөр деген норма кирип калыптыр. Андай киреше албай калышы да мүмкүн. Ошондуктан бул жерде туура эмес болуп калган. Аны биз моюнга алабыз.

Кочкоровдун айтымында, ишкерлерди түйшүккө салган бул жагдай парламент комитетинде талкуулана баштады.

Кыргызстан мунай ташуучулар бирикмесинин башчысы Жумакадыр Акенеев 1% салыкты алдын-ала алуу экономиканын бардык тармагына зыяндуу болуп жатканын билдирди:

- Эми бул жалаң эле бизге эмес, жалпы экономикага таасир берет. Ошол эле соода, туризм, ресторан, мейманканалардын баарынын жумушуна таасирин тийгизет. Бирок биз өзүбүздү айтып жатабыз. Анткени ал абдан маанилүү. Бизде жүгүртүүдө абдан чоң көлөмдө акча жүрөт, кирешеси аз болуп калышы мүмкүн.

Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиевдин маалымат каражаттарына билдирүүсүнө караганда, өкмөт алдын-ала 1% салык жыйноону өзгөртүү боюнча үч варианттагы сунушун даярдады. Ошонун ичинен бардык тараптарды канааттандыра турган пикир табылыш керек.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG