Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:08

Апта: Учак кулады, депутаттар камакта калды


Кыргызстандык адистер кыйраган учактын калдыктарын кароодо. Чүйдүн Панфилов району, 3-май, 2013.

Кыргызстандык адистер кыйраган учактын калдыктарын кароодо. Чүйдүн Панфилов району, 3-май, 2013.

Узап бараткан жумада Кыргызстанда техногендик эки кырсык катталды.

“Ата-Журт” фракциясынын камактагы депутаттары өздөрүн "саясий туткунбуз" деп дагы бир жолу билдирди. Кыргызстандын Конституциясына 20 жыл толду.

Чүйдө АКШ учагы кыйрады

Кыргызстанда узап бараткан жумада техногендик эки кырсык болуп кетти. Анын бири - "Манастагы" АКШнын Транзиттик борборунун май ташуучу учагынын кулашы болсо, экинчиси Кумтөрдө кенден ташылып салынган тоо тегинин жылышынын ылдамдашы болду.

Кулаган учактын калдыктары күйүп жатат. Чүйдүн Панфилов району, 3-май, 2013.

Кулаган учактын калдыктары күйүп жатат. Чүйдүн Панфилов району, 3-май, 2013.

Учак 3-майда түштөн кийин Чүй облусуна караштуу Панфилов районундагы Чорголу жана Чолок-Арык айылдарынын ортосундагы адырлуу жерге кулап түшкөн. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев аны иликтөө үчүн Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов башында турган комиссия түздү. Азырынча учак техникалык бузулууга байланыштуу кулаганы айтылууда.

Кыргызстандын транспорт прокурору Кубанычбек Мамакеев кырсык боюнча кылмыш иши козголгонун, эки учкучтун сөөгү табылганын 4-майда билдирди:

- Бүгүн эки учкучтун сөөгүн таптык. Кылмыш кодексинин 280-беренесинин үчүнчү бөлүгү боюнча кылмыш ишин козгодук. Кылмыш-процессуалдык кодекстин 163-беренесине ылайык, ишти Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп бердик.

Кулаган учакта үч учкуч болгону кабарланууда. Азырынча үчүнчү учкуч жөнүндө маалымат жок.

Учактын айыл үстүнө кулабаганы чоң каргашадан сактагандай болду. Бирок бул кырсык Транзиттик борбордун тагдырына байланыштуу талаш-тартыштарга жаңы түрткү бериши мүмкүн. Анткени буга чейин Транзиттик борбордун учактары күйүүчү май чачып, экологияга зыян келтирүүдө деп айыпталып келген. Эми коопсуздук маселеси да көтөрүлүшү мүмкүн.

Тасмада: Кыйраган учак



Кумтөрдөгү тоо тек жылууда

Кумтөр алтын кениндеги кырсыкка келе турган болсок, акыркы мезгилде Кумтөрдө мөңгүнүн үстүнө төгүлгөн тоо-тектеринин жылмышуусу ылдамдап кеткен. Бул маселе боюнча президент, өкмөт башчы атайын жыйындарды өткөрүп, экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Осмонбек Артыкбаев башында турган комиссия түздү.

Кумтөр кенине барган Осмонбек Артыкбаев экологиялык кырсык коркунучу жок экенин билдирип, буларга токтолду:

- Суу булганып калат, уу калдыктары сакталып турган жерди басып калат деген коркунуч жок. Ал жерде ташылып жаткан топурактар, тоо тектери жылып кеткен. Ал аябай көп экен. Эми ошону башка жерге жылдыруу, кампаларды башка жерге көчүрүү маселеси чыгууда. Андан сырткары подстанцияны басып калуу коркунучу да турат. Бул эми өндүрүштүк проблемалар.

Артыкбаевдин айтымында, бул кырсыктын келип чыгышына Кумтөрдүн жетекчилигинин күнөөсү бар. Анткени алар өз убагында чара көргөн эмес. Эми баарын калыбына келтирүү, көчүрүү үчүн 60 млн. доллар чыгымдалат.

Кыргыз өкмөтү учурда “Центерра голд. инк” менен 2009-жылкы келишимди өзгөртүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканы маалым. "Кумтөрдөгү окуя ал сүйлөшүүлөргө таасирин тийгизбейт. Ал өзүнүн жолу менен кете берет”-, дейт Артыкбаев.

“Центерра” менен сүйлөшүүлөргө катышып жаткан “Кыргызалтындын” жетекчи орун басары Кылычбек Шакировдун жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирүүсүнө караганда, “Центерра” 2009-жылкы келишимди бузуудан баш тартты. Ошондуктан кыргыз тарап азыркы мезгилде “Центерранын” структурасын өзгөртүп, маселе чечүүдө Кыргызстандын добушун көбөйтүүгө аракеттенүүдө.

“Центерранын” директорлор кеңеши 12 кишиден турат. 33% акциясы бар Кыргызстандан анда эки гана мүчө бар. Ал эми Кыргызстан сунуштаган үчүнчү мүчө көз карандысыз болууга тийиш. Директорлор кеңешине жаңы шайлоо 10-майда болот. Ага Кыргызстан Амангелди Муралиев, Кылычбек Шакиров жана Карыбек Ибраевдин талапкерлигин сунуштады.

Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү боюнча май айында өкмөт башчынын Жогорку Кеңеште отчету белгиленген. Кумтөрдөн сырткары Жантөрө Сатыбалдиев өкмөттүн өткөн жылдагы иши боюнча да депутаттарга отчет бермекчи.
Жогорку Кеңеш “Центерра” менен сүйлөшүү үчүн өкмөткө үч ай мөөнөт берген. Ал мөөнөт май айында соңуна чыгат. Бул мезгилге карай эки тарап орток пикирге келе албашы ачык айтылууда. Ошондуктан сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн өкмөт башчы парламенттен дагы убакыт сурашы мүмкүн.

Парламентте болсо “Центерра” менен келишимди бузууну жактаган депутаттар көп. Ал эмес оппозициялык эки фракция Кумтөр боюнча келишимди бузууну жактаган мыйзам долбоорун жактырган. Ал эми “Ата Мекен” фракциясы келишимди денонсациялоо боюнча өзүнүн мыйзам долбоорун даярдаган. Ошондуктан Кумтөрдүн тагдыры боюнча чечүүчү мезгил алдыда.

"Ата-Журттун" депутаттары камакта калды

2-майда Бишкек шаардык соту “Ата-Журт” фракциясынын камактагы депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовдун жана жан сакчылардын апелляциялык арызын карап баштады. Камалгандардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттардын арызын сот жарым-жартылай канааттандырды. Тагыраак айтканда, сот депутаттарды камакта калтырып, Камчыбек Ташиевдин жан сакчыларын үй камагына чыгарды. Алар 29-мартта Биринчи май райондук соту тарабынан бир жылга эркинен ажыратылган эле. Жан сакчылар да депутаттар менен кошо 2012-жылы 3-октябрда бийликти басып алуу аракетин жасаган деп айыпталган.

Камчыбек Ташиев 2-майда сот жараянында саясий туткун экенин дагы бир жолу кайталады:

- Мен Батукаев эмесмин. Өмүр бою кылмыш кылып, өмүр бою адамдарды, депутаттарды өлтүрүп, 18 жылга кесилген Батукаевди башкы прокурор баш болуп адвокат катары жактап, мамлекеттен чыгарып жатасыңар. Мен эл шайлаган, элдин колдоосуна ээ болгон депутатмын. Мен кылмышкер эмесин. Мен бул жерде бүгүн саясий туткунмун. Биздин саясий туткун экенибизди соттор дагы бир жолу далилдеп жатасыздар.

Садыр Жапаров жана Талант Мамытов да саясий куугунтукка кабылганын билдиришти.

Бийлик бул пикирди четке кагып келет. Прокуратура депутаттарга Кылмыш кодексинин 295, 297 жана башка беренелери боюнча айып койгон. Биринчи май райондук соту айыпталгандардын ичинен Кубатбек Кожоналиевди гана актап, калгандарын бир-бир жарым жылдан кескен.

Өзгөчө Садыр Жапаровдун ишинде саясий өң үстөмдүк кылганын талдоочулар белгилешет. Анткени Камчыбек Ташиев менен Талантбек Мамытов Акүйдүн тосмосун ашып түшсө, Садыр Жапаров андай кадам жасаган эмес. Ал митинг учурунда бийликти басып алууга да үндөгөн эмес. Бирок ага карабай ал камакка алынган. Ал эле эмес Садыр Жапаровдун үстүнөн жаңы кылмыш иштери козголгон. Бир кылмыш иши Киев көчөсүндө жайгашкан кыймылсыз мүлккө байланыштуу болсо, экинчиси Жапаров президенттин дарегине ушак айтты деген жүйөө менен козголгон. Жапаровго басымдын күчөшүн анын карындашына козголгон кылмыш иш жана анын абакка алынышы да көрсөтүп турат.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова Жапаров негизсиз куугунтукталып жатат деп эсептейт:

- 3-октябрь боюнча мен коргоп жаткан Кубатбек Кожоналиев акталды. Ал митингге келип, модератор болгонго укугу бар эле деп. Ошондой эле Садыр Жапаровдун деле митингди уюштурууга укугу бар болчу. Ал митингди уюштурган боюнча бир дагы мыйзамды бузган эмес. Бул жерде Садыр Жапаров 3-октябрда төңкөрүштү уюштурган деген айыптардын бирөөсү да тастыкталган жок. Анан жоопко тартылып жаткан жети кишинин ичинен экөөсү 25-сентябрда да, 2-октябрда дагы бирге болгон экен, ошол алдын ала сүйлөшүлдү деген убакта. Анын ичинен Кубатбек Кожоналиев акталып, Садыр Жапаров өзү менен өзү макулдаштыбы деген кызык жагдай жаралууда. Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиевде деле бар саясий куугунтуктун сүртүмдөрү. Бирок алар кичине болсо да тосмодон аштым, мына бул себептен чакырык жасадым деген нерселер бар. Ал эми Садыр Жапаровдо эч нерсе жок болуп жатпайбы. Ошондуктан ага козголгон кылмыш иш куугунтуктоонун ыкмасы болуп калып жатат.

Азиза Абдырасулованын айтымында, Жапаров оппозиция катары президентти сындап жатканына бийлик кылмыш ишин козгоонун ордуна, рахмат айтыш керек эле. Ал эми депутат туура эмес маалымат берген болсо, өзүнүн аппараты аркылуу туура маалыматты таркатыш керек болчу.

“Ата-Журт” фракциясынын депутаттарына байланыштуу соттук териштирүү 16-майда Бишкек шаардык сотунда уланат. Кыязы соттук териштирүү соңуна чыкканга чейин Биринчи май райондук соту депутаттарды кескен мөөнөт да соңуна чыгып калат.
Тасмада: Депутаттардын соту: 2-май, 2013



Конституцияга жыйырма жыл

5-майда Кыргызстандын эгемен доорунда кабыл алынган Конституциясына 20 жыл толду. 1993-жылы кабыл алынган Конституция андан бери онго жакын жолу өзгөртүлдү. Өзгөрүү президенттин бийлигин бекемдөөгө багытталды. Бирок Кыргызстанда президенттин бийлиги эмес, үй-бүлөлүк башкаруу күч алып, коррупция жайылды.

2010-жылы апрель ыңкылабынан кийин азыркы Конституция кабыл алынды. Негизинен жоопкерсиз бийлик пайда болду деген сын арбын.

Эгерде артка кайрылып карай турган болсок, азыркы Конституцияны жазгандардын максаты президенттин бийлигин чектеп, экономикалык саясатты өкмөттүн колуна берип, анын өз алдынча иш жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо болгон.

Бирок бул ой аткарылбай калды дейт саясатчы Кубатбек Байболов:


- Бирок ал ой ишке ашкан жок. Парламентке бузулган эрежеге ылайык келген депутаттар бийликти колуна алалбай койбодубу. Алууга жөндөмсүз болуп калбадыбы. Мына ошондуктан жүрүп-жүрүп, көнгөн ыкмага түшүп, баягы ботко болуп калды.

Кубатбек Байболовдун пикиринде, бул абалдан чыгуу үчүн Кыргызстан таза парламенттик системага багыт алыш керек. Бул үчүн азыркы Конституцияны дагы бир жолу өзгөртүү зарыл.

Кыргызстанда азыркы аралаш бийлик системасынан президенттик же таза парламенттик бийлик системасына өтүш керек деген пикирлер арбын. Келерки президенттик шайлоого чейин таза парламенттик системага өтүш керектигин президент Алмазбек Атамбаев да билдирген жайы бар. “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Кыргызстан президенттик же таза парламенттик системага тез арада өтүш керек деген позицияда турат. “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров өкмөттү түздөн-түз президент башкарган бийлик системасын жактайт.

Азыркы Конституциянын "атасы" делген Өмүрбек Текебаев президенттик башкарууга өтөбүз дегендерди өткөндөн сабак албагандар катары сыпаттайт. Ал эми таза парламенттик башкаруу биздин шартта башаламандыкты жаратат, акимдерди шайлаганда эле “улак тартышкандай” болгон депутаттардын президент шайлоодо эмне болорун элестетүү кыйын деген Текебаев буларга токтолду:

- Бизде ушул бүтүн эл тарабынан шайланган, өзгөчө коргоо тармагында өзгөчө укуктары бар, мыйзамдуулукту сактоодо өзгөчө укуктары бар, мамлекеттин өзөгүн кармап турган институт керек. Биз айткандай, кадр саясатынан, финансы саясатынан, коррупцияланышкан жерден четирээк турган саясий фигура, институт керек. Ал эми баарын өкмөткө берсең, сотту да дайындаган өкмөт башчы болот, прокурорду да дайындаган өкмөт башчы болот же парламент болот. Булардын баары бийлик финансы бөлүшкөн жерге топтолуп, ошондо жакшы болбойт. Кыргыздын шартында президент түз шайланган, мамлекеттүүлүктүн символу гана эмес, өзөгү боло ала турган институт болуп кала бериш керек.

Өмүрбек Текебаевдин айтымында, азыркы Конституциянын сынчыларынын конкреттүү ою жок. Болгону “үтүрү мындай коюлуп калыптыр,чекити мындай коюлуп калыптыр” дегендер гана бар.

Эксперттер болсо азыркы Конституция өкмөттүн президенттен көз каранды болбошуна мүмкүнчүлүк берерин белгилеп келишет. Анткени анда ага негиз коюлган. Ошондуктан жаңы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстан Грузия жолуна түшүп калуусу да толук ыктымал.

Президент Алмазбек Атамбаев Конституция күнү менен куттуктоосунда жаңы келген мамлекет башчысы менен кошо Башмыйзам өзгөрүлбөш керектигин белгилеген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG