Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:42

Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы саясий партиялар жаңы кыймыл түзүүгө киришти.

Өтүп бараткан аптада Максим Бакиевдин АКШдагы 74 млн. доллардан ашык акчасы камакка алынганы кабарланды. Кытай менен Кыргызстан Сары-Жазга биргелешип ГЭС курууну көздөшкөнү айтыла баштады.

АКШ Максимдин миллиондору табылганын тастыктай элек

Экономика министри Темир Сариев Кошмо Штаттарда Максим Бакиевге таандык 74 млн. 400 миң доллар табылып, камакка алынганын билдирди. Башкы прокуратура болсо мурунку “ханзааданын” уурулук жол менен табылган мүлкүн издөө боюнча сунуштары АКШ, Британия жана Латвияга жөнөтүлгөнүн, бирок расмий түрдө Максим Бакиевдин акчасы табылганы тууралуу маалымат келе электигин билдирүүдө.

Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Сейитжан Апышев:

- Бизге расмий маалымат келе элек, ушунча акча камалды деген. Аны тастыктаган кат да келген жок.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да Максим Бакиевдин акчасы табылгандыгы тууралуу маалыматты тастыктай албашын билдирди.

Элчи Памела Спратлен айымдын кеңешчиси Жоханна Фернандо "Азаттыкка" буларды айтты:

- Биз Максим Бакиевдин эсептери АКШ тарабынан жабылды деген маалыматты көрдүк. Бирок биз ал маалыматты тастыктай албайбыз. АКШнын укук коргоо иштерине байланыштуу суроолорду Юстиция департаментине жолдоону сунуштайбыз. Мына ушул орган Максим Бакиевге байланышкан иштер боюнча Кыргызстандын Башкы прокуратурасы менен кызматташып жатат.

Экономика министри Темир Сариев Максим Бакиевдин эсептери тууралуу “Азаттыкка” буларды билдирген эле:

- Максим Бакиевге тиешелүү болгон банктагы эсептер табылды. Бирөөсүндө 5.4 млн. доллар жаткан экен. Аны камакка алышты. Андан башка Максим Бакиев өзү аракеттенип, АКШда баалуу кагаздарды сатып, 9 млн. доллар пайда көргөн экен. Ал эсепти да камакка алып коюшту. Андан башка Американын коммерциялык банктары мыйзамсыз киреше көргөн деген доомат менен 60 млн. долларлык эсептер камакка алынды. Алар 60 млн. доллар пайда табыш үчүн операцияны Кыргызстандагы Максим Бакиевге тиешелүү болгон банктар менен иштеп, пайда көргөн деп табылган.

Темир Сариев ошондой эле Максим Бакиевдин каражаттарын кайтарууга быйылкы жылдын март айында ага карата чыккан соттун өкүмү негиз болоорун кошумчалады.

Белгилүү болгондой, Биринчи май райондук соту Максим Бакиевди 25 жылга үй-мүлкүн конфискациялоо менен кескен. Ал "коррупция", "мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келген келишимге барган", "кылмышка катышкан" деп айыпталган.

Кыргызстандагы эксперттер Максим Бакиевдин каражаттарын кайтаруу оңой болбостугун билдирүүдө. Ал эми Eurasianet.org маалымат булагы Темир Сариевдин билдирүүсүн популизм катары баалады. Ага жооп кылган Экономика министрлиги Максим Бакиевдин камакка алынган каражаттары тууралуу маалыматты эл аралык Akin Gump Strauss & Feld LLP юридикалык компаниясы бергенин билдирип чыкты.

Лондон, 7-декабрь, 2012-жыл

Лондон, 7-декабрь, 2012-жыл

Мурунку башкы прокурор Кубатбек Байболовдун айтымында, Кошмо Штаттарда менчик абдан катуу корголот. Ошондуктан кыргыз тарап соттун кынтыксыз чечими менен аракеттенбесе, Максимдин акчаларын кайтарууда натыйжа болбойт. Ал ошондой эле Кыргызстан бир эле Максим Бакиевдин каражаттарын эмес, азыркы бийлик учурунда жоголгон каражаттарды да иликтеш керек дейт. Байболов мисал катары, Орусиянын 198 млн. доллар насыясы, 35 млн. доллар гранты, Социалдык фонддун 1.5 млрд. сому кайда жоголгону эмне үчүн иликтенбейт деген суроону койду.

Кыргыз бийлиги өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу боюнча атайын топту өткөн жылы түзгөн. Бирок ал топтун кандайдыр бир иш аткарганы ушул кезге чейин белгисиз. Ал эми 2005-жылы март ыңкылабынан кийин Аскар Акаев жана анын жакындарына таандык миллиондорду издөө үчүн “Либерманн” аттуу юридикалык компанияны жалдап, ага 500 миң доллар төлөп беришкен. Бирок эч кандай натыйжа болгон эмес.

Кытайдын кызыгуусу

Кыргызстан менен Кытайдын кызматташуу деңгээли стратегиялык өнөктөштүккө жетип калганын эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери 15-июлдагы Бишкектеги жолугушуусунда айтты. Бул деңгээл Кытайдын президенти Си Цзинпиндин сентябрь айында Кыргызстанга сапарында тастыкталыш керек.

15-июлда Кытайдын тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алган президент Алмазбек Атамбаев Си Цзинпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары эки өлкөнүн мамилесинде жаңы бурулуш болуп, ал жогору деңгээлге көтөрүлөрүн белгиледи. Бул бурулуш ири инвестициялык келишимдер менен тастыкталчудай.

Кытай Сары-Жаз дарыясында ГЭСтерди курууга, Эңилчектеги вольфрам, калай, алтын, молибден кендерине кызыгуусун көрсөтүп келатат. Сары-Жазда 4-5 ГЭСти куруу үчүн кытайлык “Годьян” аттуу компания 3 млрд. доллар инвестиция салууга даярдыгын өткөн жылдары эле билдирген.

Эңилчектеги кендерди Кытай, Орусия, Казакстан компаниялары изилдеп бүткөнүн Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурунку башчысы Ишимбай Чунуев да тастыктады:

- Геологиялык чалгындоо иштерин бүтүрүп, азыр табылган кендерди Корлор боюнча мамлекеттик комиссияга коюп жатышат. Андан кийин долбоорлорду жасашат.

Кыргызстан Кытай каражатын альтернативдүү түндүк-түштүк жолуна тартууга да кызыкдар. Бул жолду куруу үчүн 850 млн. доллар керектигин жакында эле Транспорт жана коммуникация министрлиги эсептеп чыкты. Мындай каражат азыркы кезде Кытайдан гана чыгышы мүмкүн. Ошондуктан Кытай "Эксимбанкына" Кыргызстан арызын жолдоп да койду.

Кыргызстанда Кытай акчасын иштетүү боюнча бир топ тажрыйба топтолуп калды. Маселен, азыркы кезде Кытай акчасы менен Ош-Баткен-Исфана, Бишкек-Балыкчы, Бишкек-Торугарт жолдору курулууда. Андан сырткары "Даткан-Кемин", "Датка-Түштүк" электр линияларын, "Датка" подстанциясын, Кара-Балта, Токмокто мунайды кайра иштетүүчү заводдорун курууда, алтын кендерин казууда кытай инвесторлору жана инвестициясы иштеп жатат.

Атамбаев 2012-жылдын 4-июнунда Бээжинге иш сапары менен барган

Атамбаев 2012-жылдын 4-июнунда Бээжинге иш сапары менен барган

Кытайдын Кыргызстан эле эмес, жалпы эле Борбор Азиядагы активдүүлүгү Орусиянын кызганычын жаратып турганы маалым. Эки ири мамлекет Шанхай кызматташуу уюмунун алкагында да бири-бирин атаандаш көрүп келатканы белгилүү.

Мына ошондуктан Сары-Жазда ГЭСтерди куруу Кытайга берилиши Орусияны иренжитиши мүмкүндүгү айтылууда. Кыргызстан Орусия менен ал ГЭСтерди куруу боюнча мурун келишимдерге жетишкен. Бирок Жогорку Нарын жана Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча келишимдерди түзүүдө алар кала берип, жаңыланган эмес.

Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс-катчысы Батыркул Баетов:

- Анан биз Камбар-Ата-1 менен түзгөндө, Жогорку Нарын боюнча түзгөндө, ал кирбей калган. Ошону менен акыркы келишимдерге кирбей калган.

Энергетика боюнча эксперт Расул Үмбеталиевдин айтымында, Сары-Жазда орто ГЭСтер курулат. Ошондуктан ага Орусиянын инвестиция салышы да ыктымал эле. Мурунку келишимдер болгондуктан, аларды аттап Кытайга берүү - эң башкы стратегиялык өнөктөштүн кандайдыр бир нааразылыгын жаратышы ыктымал.

Оппозиция биригүүгө багыт алды

Кыргызстандын ички саясатында саясий күчтөрдүн активдүү сүйлөшүүлөрү, кыймылдарга биригүү аракеттери жүрүп жатат. Андай сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирген.

Ал эми “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов мекенчил күчтөр жаңы кыймыл түзүү аракетинде экенин билдирди:

- Бүгүнкү күндө мекенчилдер жаңы кыймыл түзгөнгө аракет кылып жатат. Ошолордун арасында “Акыйкат”, “Чындык”, “Ата-Журт", “Улуттар биримдиги” партиялары бар. Алардан сырткары майда партиялар да көп.

Бул кыймыл орозодон кийин активдүү аракетке өтүп, бийлик алдына өз талаптарын коё баштамакчы. Ал талаптар тууралуу Жекшенкулов буларды айтты:

- Биринчиси - элдик ишенимдеги өкмөт түзүлүш керек деген талап. Экинчиси - Кумтөрдү элдин пайдасына чечүү. Үчүнчүсү - конституциялык реформа жасалыш керек.

Президент Алмазбек Атамбаев 19-июлда эл аралык спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүн куттуктап жатып, күзүндө жана жазында кырдаалды туруксуздаштыруу аракеттери болорун билдирди. Партиялардын активдешүүсү жана президенттин билдирүүсү Кыргызстанда күзгү саясий күрөш курч болорунан кабар берет.

Албетте мекенчил күчтөрдөн сырткары саясий партиялар, топтор өзүнчө кыймылдарды түзүүгө аракеттениши мүмкүн. Ошол эле “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров менен Акматбек Келдибеков жакындашып жүргөнү маалым. Алардан сырткары либералдык маанайдагы саясатчылар да кезектеги парламенттик шайлоонун тагдырын талкуулап жатышат.

Ошентип Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүнө күзүндө Жогорку Кеңештен эле эмес, сырткы күчтөрдөн да басым күчөшү күтүлүүдө. Ал эми парламент менен өкмөт жергиликтүү бийликтерге байланыштуу мыйзамдар боюнча эки ача кетип, келишпестиктин жаңы булагы пайда болду.

Белгилүү болгондой, өкмөт район акимдеринин бийлигин күчөтүү, губернатор институтун кайра калыбына келтирүү максатында 6-7 мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү көздөп, парламент жайкы танаписке тарар алдында аларды ылдам карап берүүнү өтүнгөн. Бирок парламент ал мыйзамдар мамлекетте жүргүзүлүп келаткан ашкере борборлоштуруудан качуу, жергиликтүү өз алдынча башкарууну күчөтүү саясатына каршы келет деп өкмөттүн өзүнө кайтарып жиберген.

Өкмөт өкүнүп кала бербестен үч топ түзүп, элге чыгарды. Ал топтун бирин биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев, экинчисин вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, ал эми үчүнчүсүн мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин башчысы Аалы Карашев жетектейт. Бул топтор жергиликтүү бийликти өзгөртүү боюнча өкмөттүн максатын түшүндүрүүгө тийиш.

Азыр президенттин командасындагы Тайырбек Сарпашев жана Аалы Карашев региондорду кыдырып, активдүү үгүт иштерин жүргүзүп жатса, Жоомарт Оторбаевде андай аракет байкалбайт. Бул дагы түшүнүктүү. Анткени Оторбаев өкмөттүн мыйзамдарын четке каккан “Ата Мекен” фракциясынын квотасынан өкмөткө дайындалган. Ал эми Сарпашев менен Карашевдин активдүүлүгү жергиликтүү бийликти өзгөртүүгө президенттин да кызыкчылыгы бар экенин көрсөтөт.

Саясат таануучу Марс Сариев президент менен өкмөттүн бул маселеде бирдигин тастыктап, анын себебин мындайча түшүндүрдү:

- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу күчөп баратат. Өкмөт ушул жактан коркунучту сезип жатат. Себеби жергиликтүү өз алдынча башкаруу күчөгөндөн кийин борборго баш ийбөө, регионализм күчөп кетип жатат. Азыркы бийликке айыл өкмөттөр баш ийбей жатышат. Бул мамлекетке коркунуч туудурат. Ошону сезип өкмөт бийлик вертикалын күчөткүсү келип жатат. Ошон үчүн губернатордун статусун көтөрүп, анан жергиликтүү бийликти колго алалы дешүүдө. Ага парламентте көпчүлүк каршы. Анткени оппозиция бул абалды курал катары пайдаланып жатат.

Барскоон, 30-май

Барскоон, 30-май

Сариевдин пикиринде, президент баш болгон бийлик башчыларынын бул саясатты күчөтүү бүтүмүнө келүүсүнө Жети-Өгүз, Жалал-Абаддагы окуялар таасир этти.

Өкмөттүн аппаратынын уюштуруу жана жергиликтүү бийликтер боюнча бөлүмүнүн башчысы Алтынбек Эргешов өкмөт элементардуу тартипти орнотууга аракет кылып жатканын белгилеп, Кыргызстанда борбордон ажыратуу эмес, тескерисинче бийликтин баарын борборго, министрликтерге чогултуу саясаты орноп калды дейт:

- Азыркы күндө 459 айыл өкмөт жана 31 шаар жөнөкөй эле финансылык планын бекитүү үчүн Бишкекке Финансы министрлигине келишет. Бүгүнкү күндө децентралдаштыруу деп жүргүзүп жаткан реформабыз тескерисинче супер борборлошуп калды. Борбордогу министрликтер, агенттиктер ыйгарым укуктардын баарын региондордон алып алган. Каржы маселесин да, кадр маселесин да, саясатын да алып, баары Бишкекте болуп калган. Бул борбордон ажыратуу саясатына каршы келет.

Өкмөт ошентип өзүнүн саясатын ишке ашырууда туруктуулукту көрсөтүп жатат. Бирок ал максаттарды ишке ашыруу үчүн баары бир парламенттин макулдугу керек. Анткени мыйзамдарды парламент кабыл алат. Ал эми парламент жайкы каникулга тарар алдында бул маселе боюнча сөзүн айтты.

Ошондуктан Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү күзүндө Кумтөр эле эмес, андан башка маселелер боюнча да татаалчылыктарга тушугушу күтүлөт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG