Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:15

Апта: саясатта күрөш күчөдү


Саясий күрөштүн күчөшүнө Кумтөр кени боюнча жаңы келишим себеп болууда. (Сүрөттө: оппозициянын Кумтөр алтын кенине байланышкан жаздагы митинги, 24-апрель, 2013.)
Саясий күрөштүн күчөшүнө Кумтөр кени боюнча жаңы келишим себеп болууда. (Сүрөттө: оппозициянын Кумтөр алтын кенине байланышкан жаздагы митинги, 24-апрель, 2013.)

Узап бараткан жумада cаясий күчтөрдүн ортосундагы күрөш ачык мүнөзгө өтө баштады.

Апта ичинде Кумтөр боюнча жаңы келишим да кызуу талкууга түштү.

Кумтөр келишимине "Ата Мекен" каршы


Кумтөр боюнча сүйлөшүүнүн жыйынтыгын өкмөт Жогорку Кеңештин кароосуна койду. Парламенттеги фракциялар жаңы келишимдин шарттары менен тааныша баштады. Адегенде КСДП фракциясы карап, бирок бир жактуу баасын берген жок. Маселени коалициялык көпчүлүктүн кароосуна алып чыгууну сунуштады. Көпчүлүк коалиция болсо маселени кароону 24-сентябрга белгиледи.

Бирок Башкаруучу коалициянын дагы бир белдүү мүчөсү - “Ата Мекен” фракциясы 20-сентябрдагы жыйынында келишимди карап, терс баасын берди. “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев жаңы келишимде Кумтөр боюнча түзүлө турган биргелешкен ишканада үлүштөр 50 пайыздан бөлүнүшүн сынга алып, Кыргызстандын үлүшү кеминде 67% болуш керектигин билдирип чыкты.

Депутат Ташболот Балтабаев фракциянын мындай позициясы тууралуу буларды билдирди:

- Денонсация болобу, башка болобу мурунку келишимдер жарабайт деп атабыз. 2003-жылдан баштап, 2009-жылга чейинки келишимдер жарабайт деп жатабыз. Баарын акыйкат карап, баарын далилдеп, жаңы келишим менен өзүбүздүн кызыкчылыкты коргоп калышыбыз керек деп атабыз.

Белгилеп кете турган нерсе, өкмөт “Центерра голд инк” менен сүйлөшүүлөрдү баштаар алдында “Ата Мекен” фракциясы 2009-жылкы келишимди жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун даярдаган. Бирок өкмөткө сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берүү максатында ал долбоорду артка кайтарып алган. Эми “Ата Мекен” фракциясы өкмөт жетишкен келишимге каршы чыгып, катып койгон мыйзамын парламенттин күн тартибине алып чыкчудай.

“Ата Мекен” фракциясынын бул позициясы борбордук бийликтин позициясына карама-каршы келет. Белгилүү болгондой өкмөт жетишкен жаңы келишимди президент Алмазбек Атамбаев да колдоп, 50% үлүшкө жетишүүнү тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүү катары баалаган.

“Ата Мекендин” каршылыгы өкмөт жана президент жактаган келишимдин парламентте колдоо табарына күмөндү күчөттү. Анын үстүнө КСДП, “Республика” фракциялары келишимге бир жактуу баа бере албай тайсалдашууда.

Жаңы келишимдин мазмунуна келе турган болсок, ал боюнча Кумтөр боюнча кыргыз өкмөтү менен “Центерра голд инк” биргелешкен ишкана түзүш керек. Ал ишканада үлүштөр 50 пайыздан бөлүнөт. Ишканада Директорлор кеңешинин төрагалыгы Кыргызстанга берилсе, кенди иштетүү “Центеррага” берилет.

Мындай жол менен Кыргызстан 1993-жылы канадалыктар менен ишти баштаган. Бирок Директорлор кеңешинде отурган Кыргызстандын өкүлдөрү “Кумтөр оперейтинг компанинин” ишине кийлигише албай, натыйжада Кумтөрдө алтын комбинатын куруу үчүн чыгашалар эбегейсиз өсүп кеткен. Маселен, долбоордо комбинатты куруу үчүн 256 млн. доллар каралса, иш жүзүндө 470 млн. доллар сарпталган. Натыйжада ишкананын кирешеси кыскарып, Кыргызстан жоготууга учураган. Анткени келишимде тараптар пайданы бөлүшөт деп макулдашкан.

Мына ушул катачылык жаңы келишимде оператордук иштин “Центеррага” берилиши менен кайталанган жокпу деген суроого “Кыргызалтындын” жетекчисинин орун басары, “Центерранын” директорлор кеңешинин Кыргызстан тарабынан мүчөсү Кылычбек Шакиров мындай жооп берди:

- Азыр 2013-жыл. Ошондон бери 20 жыл өттү. 20 жылда адамдар өзгөрүлдү. Кыргызстан өзгөрдү. Башка болуп калды. Элибиз да башка. Азыр бизде парламенттик республика.

Кылычбек Шакиров биргелешкен ишканада Кыргызстандын үлүшүн 50 пайызга жеткирүүнү жетишкендик катары баалап жатат.

Өкмөттүн жаны келишимин системалык эмес оппозиция да кескин сынга алып чыкты. Алар кен толугу менен Кыргызстанга кайтарылыш керек деген позицияда болууда. Оппозициялык “Эл үнү” кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү жеткишкен келишим боюнча 2009-жылкы келишим, мыйзам эч өзгөртүлбөгөндүктөн, баары мурункудай абалда кала берет деп эсептейт.


Саясатта "күз күрөш"


Кумтөр маселеси парламенттин күн тартибине кайрадан коюлушуна жараша саясий күрөш да күч алууда. Оппозициянын бир бөлүгү Кумтөрдү саясий күрөштө ыңгайына жараша пайдаланууну көздөсө, экинчи бөлүгү бийлик системасында түзүлгөн абалды бутага алууда.

Экинчи топтогулар Кыргызстанда парламенттик бийлик эмес, президенттик бийлик орноп, президент КСДПнын жардамы менен бийликти узурпациялап алды деп айыпташууда. Мына ошол узурпацияга каршы күрөшүү максатында "Каршылык көрсөтүү" кыймылын түзүштү. Ал кыймылдын башында Өмүрбек Суваналиев турат.

Суваналиевдин жакын пикирлеши Бегалы Наргозуев кыймылдын талаптары тууралуу буларды билдирди:

- 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын иштешин, парламенттин узурпацияланып жаткан ыйгарым укутары кайтарып берилишин талап кылабыз. Булар аткарылбаса каршылык акциялары аркылуу чара көрөбүз. Элдин ишениминдеги өкмөттүн түзүлүшүн талап кылабыз. Партиялардан эмес кесипкөй өкүлдөрдөн турган, партияларга баш ийбеген, партияларга баарын бөлүштүрүп бербей турган өкмөт түзүш керек болот.

Өмүрбек Суваналиевдин айтымында, эгерде бийлик алардын талаптарын аткарбаса, нааразылык акциялары уюштуруларын билдирди. Албетте, бийлик узурпация жөнүндөгү айыптоону четке кагууда. КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков алар “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары башкаруучу коалицияда экенин эске салган.

Оппозициянын экинчи канаты болуп, дагы бир кыймыл түзүлүү алдында экенин Аликбек Жекшенкулов, Кубанычбек Кадыров, Садыр Жапаров буга чейин кабарлаган. Андай сүйлөшүүлөр жүрүп, ага парламенттин айрым мүчөлөрү да кошуларын эркин депутат Равшан Жээнбеков да билдирген. Бул топтогу саясатчылар да президент бийликти ээлеп алганын сындап, бирок Кумтөр маселесине өзгөчө маани беришүүдө.

Бирок да саясий күрөштүн негизги майданы президент Алмазбек Атамбаев менен “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ортосунда өтчүдөй. Ыңкылапчыл эки өнөктүн карама-каршылыктары айгине болуп калды. Жакын арада тараптардын күрөшү айыгышкан кармашка өтөбү, же акыркы чектерде эки лидер мунаса табабы деген суроо турат.

“Ата Мекен” партиясын өзгөчө талап-тоноочулукка байланыштуу иш күйбөгөн жерин күл кылып келет. Партия лидери Өмүрбек Текебаев талап-тоноочулукту четке кагып, бул ишти иликтөөгө бийлик басым жатканын сынга алды. Анын айтымында, Башкы прокуратура талап-тоноочулукту иликтөөгө он төрт адам бөлүп, ал эми Кумтөрдөгү коррупцияны, алтын уурдоолорду иликтөөгө жети адам бөлгөн:

- Мына ушундай жалган жалаа менен далилдерди жасайбыз деп, 14 адам аракеттенип жатат. Анан алтынды изилдегенге эмне үчүн 7 адам бөлүнөт. Мына ушунун артында тургандарга эмне маанилүү? Райкан Төлөгөновдун баласы аркылуу Райканды, Райкан аркылуу “Ата Мекен” партиясынын аброюн кетирүү маанилүүбү, же болбосо жүздөгөн тонна уурдалган алтыныбызды кайтарып, кыргыз элинин келечеги, жыргалчылыгы үчүн жумшаган артыкпы?

Албетте, “Ата Мекен” кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы Азиз Батукаевди бошотуудагы бийликтин жүзүн ачып, анын аброюна олуттуу зыян келтирди. Мына ошого жараша бийликтен сокку алууда.


Экономикадагы эки кыймылдаткыч күч


Кыргызстан экономикасы быйылкы жылдын сегиз айында олуттуу өсүштөргө ээ боло алган жок. Улуттук статистикалык комитет жана өкмөт айтып жаткан 8% өсүш өткөн жылдагы төмөндөөнүн кенемтесин араң толтурат. Ал эмес кээ бир тармактардагы өткөн жылдагы кескин төмөндөөлөр калыбына келе элек. Маселен, 2012-жылы өнөр жайы 32% төмөндөгөн. Быйылкы жылы болсо бул тармак 16 пайыздан ашуун өсүш берген. Демек, өткөн жылкы төмөндөөнүн жарымы гана калыбына келген.
Бирок да айрым тармактар өткөн жылы өсүш берген. Алар быйылкы жылы мына ошол көрсөткүчтөрүн бекемдеп жатышат. Маселен, өткөн жылы төмөндөөгө жол бербеген айыл чарбасы быйыл 4.3% өсүш берген. Бул дан эгиндерин өткөн жылга салыштырмалуу көп жыйналышы менен да тастыкталып турат. Курулуш, тейлөө, соода тармактары да өсүү темпин күчөтүшкөн.

Бирок да Кыргызстан чоң үмүт арткан текстиль жана тигүү тармагы аксаган бойдон калууда. Бул өз кезегинде өлкөнүн тышкы соода балансына да терс таасирин тийгизүүдө. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын сегиз айында текстиль жана тигүү товарларын сыртка сатуу 1.6 эсеге кыскарып, жалпы экспорттун азайышына салымын кошкон.

Тышкы соодадагы экспорт жана импорттун айырмачыгы өтө көлөмдүү бойдон кала берүүдө. Маселен, жети айдын ичинде экспорт 790 млн. доллар, импорт 3 млрд. 216 млн. доллар болгон. Натыйжада тескери сальдо төрт эседен ашып кеткен.

Кыргызстан экономикасына инвестиция салууда Кытай батылдыкка барып жатса, ички керектөөчү рыноктун кыймылдашына эмгек мигранттарынын салымы олуттуу болуп жатканы маалым. Улуттук банктын маалыматы боюнча, быйылкы жылдын алты айында эле эмгек мигранттары мекенине 1 млрд. долларга жакын акча которушкан.
Кытай демекчи, бул өлкө альтернативдүү түндүк-түштүк жолунун 154 чакырымын оңдоп-түзөө үчүн 400 млн. доллар, Бишкек Жылуулук борборун модернизациялоо үчүн 386 млн. доллар насыя бөлдү. Айрым эксперттер, бул насыялар Кыргызстандын тышкы карызын 4 млрд. долларга жеткирип, Кытай алдында көз карандылыгын күчөттү деп чочулашууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG