Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:12

Апта: Каракол чатагы, Кумтөр арсар


Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев оппозициянын элдик курултайында, 17-март, 2010.
Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаев оппозициянын элдик курултайында, 17-март, 2010.

Мародерчулуктун жаңы жагдайы, Каракол жаңжалы жана Кумтөрдүн арсар калышы - аптага ушул окуялар мүнөздөмө берди.

Узап бараткан жумада Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев “Ата Мекендин” төрт депутатынын кол тийбестигин алууну сунуштады. Жогорку Кеңеш Кумтөр боюнча чечим кабыл ала албады. Оппозиция көчө бийлигин колго алууга бел байлады.

Рысалиевдин сунушу суу кечеби?

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Зарылбек Рысалиев “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, мүчөлөрү Болот Шер, Туратбек Мадылбеков жана Райкан Төлөгөновдун депутаттык кол тийбестигин алуу сунушун Башкы прокуратурага жолдоду. Рысалиев тергөөнүн жүрүшүндө депутаттардын 2010-жылы апрель айындагы талап-тоноочулукка тиешеси бардыгы далилденди деп эсептөөдө:

- Тиешеси бар экени далилденди. Аны тиги жерде отурган төртөө-бешөө айтууда. Алардан башка дагы алты кишинин ишин сотко жибердик. Жаңы күбөлөр чыгып, ошолор мына булар бар болчу деп көрсөтүп жатат. Бир топ далил буюмдар алынып жатат. Граната, мылтык алынды. Башка нерселер алынып атат. Ошолордун баары келип, депутаттардын талап-тоноочулук ишке түздөн-түз тиешеси бар экенин көрсөтүүдө.

“Атамекенчилер” өз кезегинде Зарылбек Рысалиевдин айыптоосун кескин четке кагып, анын өзүнүн үстүнөн кылмыш ишин козгоого барышарын билдиришүүдө.

Мыйзамдын жол-жобосуна ылайык, Башкы прокуратура гана депутаттарга каршы кылмыш ишин козгоп, кол тийбестикти алуу сунушун Жогорку Кеңешке бере алат. Ошондуктан Зарылбек Рысалиевдин депутаттардан кол тийбестикти алуу максаты оңой-олтоң иш эмес. Ал саясий жүрүшкө көбүрөөк жакын нерседей.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрүнө каршы айыптоолор 2012-жылы чыгып, ал Өмүрбек Текебаев менен Өмүрбек Бабановдун айыгышкан саясий күрөшүнө туш келген. Бабановдун өкмөттөн кетүүсү менен бул иш басаңдап, бирок 2013-жылы Азиз Батукаевдин абактан бошотулушуна байланыштуу маселени иликтөөдө “атамекенчилердин” активдүүлүгү тергөө ишинин кайрадан жанданышына алып келди. Тергөө иши жанданып эле калбастан, ал Батукаевди бошотууга тиешеси бар Зарылбек Рысалиевдин колуна берилди. Натыйжада эки ишке байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев менен “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевдин ортосунда көмүскө тирешүү, келишпестик күч алды.

Борбордук бийлик менен “Ата Мекен” Кумтөр маселесинде да бир пикирде боло албады. Президент, өкмөт башчы канадалыктар менен Кумтөр боюнча жетишилген меморандумду жактап чыкса, “атамекенчилер” аны четке каккандардын алдыңкы катарында болушту.

Байкалып тургандай “Ата Мекен” президент Алмазбек Атамбаев менен стратегиялык максатташ, бирок бир нече өтө орчун маселелер боюнча эки ача кетип баратат.


Кумтөр келишими парламентте


Кумтөр демекчи, Жантөрө Сатыбалдиев башында турган өкмөт “Центерра голд инк” менен жетишкен меморандумду депутаттар эки күн талкуулап, чечим кабыл алууну кийинки жумаларга калтырып койду. Талкуунун жүрүшүндө эл өкүлдөрү Кумтөргө канадалыктар менен 50 пайыздан ээлик кылууга кескин каршы болушту. Депутаттар канадалыктар Кыргызстанды 1993-жылдан бери алдап келатышат, азыр дагы алдоодо деген пикирде болушту. Маселен, Кыргызстан “Центеррадагы” үлүшүнө жараша жылына 120 млн. доллар дивиденд алыш керек болсо, анда эмне үчүн иш жүзүндө 12 млн. доллар гана алып келатат деген суроолор коюлду.

Депутат Алтынбек Сулайманов болсо Кыргыз жетекчилиги канадалыктар менен сүйлөшүүдө сырын өзү ачып жатат деп сынга алды:

- Эгерде “Центерра” менен соттошсок биз утулабыз, анан иш токтоп, андан бюджеттин жарымы жоголуп, ачка калабыз, эсептерибиздин баарын “Центерра” жаап, Кыргызстанды чөгөлөтөт деп биздин чоңдорубуз, премьер-министр баш болуп, өзүбүздүн сырды өзүбүз ачып жатабыз. Анан алар эмне кылат? Алар биздин мына ошол алсыз жагыбызга урат. Биз айтышыбыз керек, биз ачка калсак дагы чыдашыбыз керек. Элге кайрылып, ачка калсак да чыдайбыз, жабылса жабылсын деген позицияда барганыбызда биз менен башкача сүйлөшөт болчу.

Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон өкмөттө канадалыктар менен жетишкен меморандумдун артыкчылыгын далилдеген аргументтер жетишсиз болду.

Ошондуктан өкмөт канадалыктар менен кайрадан сүйлөшүүнү улантып, ага фракция лидерлери да катышсын деген пикирди айтып чыкты. Маселен премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев мындай деди:

- Ар бир фракциядан лидерлер кирип, өкмөт жүргүзүп жаткан сүйлөшүүлөргө жардам берип, мындан ары да жакшырта турган болсо, бул кыргыз элинини байлыгы.

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов болсо, өкмөт Жогорку Кеңеш кандай чечим алса, аны аткарууга даяр деген пикирин айтты:

-2003-2004-жылы реструктризация болуп жатканда ошол кездеги Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасы бир эмес, эки токтом кабыл алган. Ошол эки токтомду тең өкмөт аткарбастан, Кумтөр боюнча реструктризацияга барган. Азыр сиздер кабыл алган чечимди өкмөт антип четке кага албайт. Бул маселе боюнча сиздер кандай чечим кабыл алсаңыздар, өкмөт аны аткарууга милдеттүү жана аны Конституция өкмөттөн талап кылат.

Мына ушундай талкуулардан кийин Жогорку Кеңеш меморандум боюнча токтом долбоорун талкууга киришти. Долбоордо Кыргызстандын үлүшүн 67 пайызга чейин жеткирүү үчүн сүйлөшүүлөр улантылсын, эгерде ал аткарылбай турган болсо 2009-жылкы келишимди бузуу боюнча мыйзам долбоору кабыл алынсын деп сунушталган. Долбоорду талкуулоо учурунда ага бир топ өзгөртүүлөр киргизилди.

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүнө караганда, кошумчалар киргизилген токтом долбоорунда меморандум Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбейт деп белгиленген:

- Биринчиси, өкмөттүн меморандуму Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келбейт деп аны жактырбоо. 10-декабрга карай 2009-жылкы жана 2003-жылкы келишимдерди жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун киргизүү жазылды.

Бирок депутаттар токтом долбоорун кабыл алууну кийинки жумаларга калтырып коюшту. Алар чечим кабыл алаардан мурда эл менен жолугушуп, андан кийин токтомду кабыл алууну туура көрүштү.


Активдешкен оппозиция


Кумтөр темасы Кыргызстанда саясий окуялардын, нааразылык акциялардын катализатору болуп келет. Бул ирет да ошондой болду. Дүйшөмбү күнү Ысык-Көл облусунун бир катар тургундары, негизинен Саруу айылынын тургундары Каракол шаарында Кумтөрдү мамлекетке кайтаруу талабы менен митингге чыгып, ал облустагы өкмөттүн өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу менен коштолду. Күч структуралары бир нече сааттан кийин күч колдонуу менен митингди таркатууга аргасыз болду. Ошону менен бирге Каптагаев да барымтадан бошотулду. Бул окуяга байланыштуу УКМК Кылмыш-жаза кодексинин бир катар беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, 23 киши кармалды.

Саруулуктар 8-октябрда Балыкчы-Каракол жолун тосууга чыгышты. Алар кармалгандарды бошотуу талабын коюшту. Бирок көп өтпөй жолду ачышты. Азыркы кезде алар боз үйлөрдү тигип, өздөрүнүн акциясын улантууда.

Бийликтегилер Караколдогу, Саруудагы акциялардын артында кайсы бир саясий күчтөр турат деп шекшүүдө. Маселен, президент Алмазбек Атамбаев:

- Митингдеги балдарга кимдир бирөөлөр бир нерселерди убада кылып, артында каржы булактар турат. Аларга бирөөлөр арматура алып келип берип, сценарийин жазып беришти. Алардын баары көмүскөдө билмексен болуп жүрүшөт. Бирок аларды жоопкерчиликке тартуу да кыйын. Анткени бизде демократия, телефондук байланыштарды тыңшоого, жазып алууга болбойт. Жаштарды ушул жолго түрткөндөр суудан кургак чыгып кетишет. Тажрыйба көрсөткөндөй башаламандыкты уюштургандар эмес, карапайым аткаруучулар жоопко тартылып келет.

Шек мурунку президент Роза Отунбаева, мурунку өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдон тартып, ачык оппозиционер Садыр Жапаровго чейин жетти. Албетте, алар андай шектерди кескин четке кагышты.

Караколдо митинг жүрүп жаткан мезгилде генерал Өмүрбек Суваналиев башында турган "Каршылык көрсөтүү" кыймылы Таласта митинг өткөрдү. 10-октябрда Талас шаарындагы стадиондо өткөн митингиге көп киши катышпаса да, ал бийликти бир топ убайымга салып турду. “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиевдин активдүүлүгү да Каракол, Талас, Саруудагы митинг, акциялар учуруна туура келди. Ташиев бул мезгилде Кара-Кулжа, Аксыда шайлоочулары менен жолугушуп, саясаттан четтебей турганын билдирип жүрдү.

Кыскасы, өткөн апта саясый жактан жандуу өттү жана көптөгөн суроолорду жаратты.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG