Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:18

Апта: Келдибековдун камалышы...


Эки айга камалган депутат Акматбек Келдибековду соттон алып кетишүүдө. Бишкек, 22-ноябрь, 2013

Эки айга камалган депутат Акматбек Келдибековду соттон алып кетишүүдө. Бишкек, 22-ноябрь, 2013

Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун камалышы менен өлкөдө кайрадан ар кандай нааразылык акциялары: митинг, пикет жана жол буумайлар башталды.

Шаршембиде Башкы прокуратура Келдибеков казынанын миллиондогон каражатын солоп алган коррупциялык пирамида түзгөн деп камакка алды. Бирок анын жактоочулары оппозициянын бул барандуу өкүлү “Кыргызгаздын” Орусиянын “Газпромуна” сатылышына каршы чыкканы үчүн кылтакка илингенин жүйөө келтиришүүдө. Оппозиция банк кутучуларынан алынган миллиондор, 7-апрелдеги талап-тоноолор жана азыркы бийлик өкүлдөрүнүн жеп-ичмейлери сыяктуу кылмыш иштери эмнеге ачылбайт деп чыгышты. Жуманын башында Батукаевге караштуу делген “Карышкыр” каймана аты бар кылмыш дүйнөсүнүн өкүлү Москвадан алынып келинди. Ага удаалаш эле Кара-Кече көмүр кенине көзөмөлдүк кылууну талашкан топтор ок атышып, эки адам жараат алды.

КЕЛДИБЕКОВДУН КАМАЛЫШЫНДА САЯСАТ БАРБЫ?

Башкы прокуратура Келдибеков Социалдык фондду, Салык кызматын жана парламентти жетектеп турган учурундагы үч кылмыш эпизодун жарыялады. Башкы көзөмөл органы сегиз компаниядан турган “пирамиданын” негизинде мамлекеттин каражаты кандайча майкандалганын таап чыккан.


Тасмада: Бишкектин Октябрь райондук соту Келдибековду эки айга камады



Бирок эмнеге аталган кылмыш иштери Келдибеков “Кыргызгазды” сатууга каршы чыккан учурга туура келгени боюнча баш прокурор Аида Салянова оңдуу жооп бербеди. Болгону бул иштер бир жылдан ашуун убактан бери иликтенип отуруп, депутатты камакка алуу ушул мезгилге туура келгени айтылды. Келдибековдун жактоочулары козголгон иш боюнча мамлекеттик телеканалдар депутатты далилдене элек айыптоолор боюнча бир жактуу каралоодо деп эсептешет.

Келдибековдун жактоочуларынын бири Азимбек Бекназаров депутаттын ишин саясий куугунтук деп эсептегенге негиз берчү үч жагдайды мисал келтирди:

- КТРК менен ЭЛТР жана “Бешинчи канал” тынбай эле далилдене элек иштер боюнча бир жактуу каралап жатканы бул иштин саясий мүнөздөгү куугунтук экенинен кабар берет. Анан Келдибеков “Кыргызгаз” боюнча аны сатууга каршы комитеттин чечимин чыгарып салбадыбы. “Кумтөр” боюнча дагы ушундай болду. Анан бийлик муну ээрчиген башкалардын дагы оозун жаап, парламенттен мына ошол маселелерди өткөрүп алуу үчүн Келдибековду камакка алды. Анан калса шайлоо жакындап келе жатат. Буга окшогон саясий атаандаштын азыркы бийликке кереги жок болчу.

Келдибеков түзгөн “пирамида”

Прокуратура Акматбек Келдибеков Cоциалдык фондду жетектеп турганда “Ротак-Бишкек” деген ишкана аркылуу он үч миллиондук жабдууну 24 миллион сомго сатып алган деп айыптады. Салык кызматында турганда Келдибеков мурдагы баш прокурордун уулу Кубанычбек Конгантиев менен бирге “Бизнес партнер” деген мекеме аркылуу бир миллион үч жүз миң сомдон ашуун салыкты кыскартканы аныкталган. Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганда Келдибеков Москвада өкүлчүлүк ачып, он миллион сомду мыйзамсыз жумшаганы табылган. Баш прокурор Аида Салянова Келдибеков түзгөн коррупциялык схемалардын негизинде миллиондогон сом зыян келтирилген деп билдирди:

- Бул ишке көптөгөн фирмалар, көптөгөн адамдар тартылган. Алардын башында Келдибеков жана анын жубайы Аида Токтоматова турат. Мына ошол каржылык агымды көзөмөлдөп турган булардын өзүнчө көмүскө эсепканасы да болгон. Мына ошол бири-бири менен чырмалышкан схемалар аркылуу акчаны алып чыгуу жагы сыйгылыштырылган экен. Бул иштер боюнча биз коррупция жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу деген кылмыш белгилери боюнча иш козгодук.

Азыркы бийликтин ичиндеги коррупция ачылабы?

Ошол эле кезде парламенттеги айрым оппозициялык маанайдагы саясатчылар коррупция менен күрөш бир жактуу жүрүп, өкмөттүн жана президенттин айланасындагы адамдардын коррупциялык иштери эмнеге ачылбай турганына кызыгышты. Атка минерлердин арасындагы кылмыштын бул түрү менен күрөшүүдө тандалма мамиле жасоо мамлекеттин пайдубалына шек келтирет дегендер да болду.

Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков президент Атамбаевге жакын саналган азыркы аткаминерлерге иш козголбой жатканына токтолду:

- Бул жерде коррупцияга каршы күрөшүңөр бир жактуу жүргөндөй болуп жатат. Ашыкча штаттарды ачып, бюджеттин каражатын мыйзамсыз пайдаланды деп Келдибековго айып койупсуңар. Мына ушундай эле жол менен чек ара кызматында штаттык бирдиктерди киргизип, казынага 40 миллион сом зыян келтирген Токон Мамытовго эмнеге кылмыш ишин ачпайсыңар. Эмнеге тендерлерге өзүнө караштуу компанияларды гана киргизип, бюджеттин каражатын өзүнүн кызыкчылыгына карата колдонуп жаткан вице-премьер-министр Сарпашевге иш козгобойсуңар?

Мындан сырткары 2010-жылдагы элдик толкундоолордун учурунда банк кутучаларынан миллиондогон доллар акчаны алган деп шектелген ошол кездеги убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү боюнча маселе кайрадан көтөрүлдү.

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдызкан Жолдошева камакка алуулар эмнеге “Ата-Журт” партиясынын өкүлдөрүнө карата гана колдонулуп жатканын белгиледи:

- Эмнеге мына ошол банк кутучаларынан алынган 21 миллион доллар боюнча кылмыш ишине тиешеси бар убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү камакка алынбайт? Эмнеге адамдар окко учуп жатканда талап-тоноочулуктарды уюштурган саясатчылар камала элек? Эмнеге жанагы 2010-жылдан берки коомчулуктун бүйүрүн кызыткан чоң-чоң аткаминерлердин коррупциялык иштери боюнча кылмыш иши козголо элек?

Баш прокурор Аида Салянова кылмыш иштерин ачуу аткаминерлердин кайсы партиядан экенине карабастан жүргүзүлө турганын белгиледи. Коррупцияга каршы күрөш саясий көз караштарга көз каранды эмес экенин айтып ишендиргиси келген баш прокурор азыркы бийликтин командасындагыларды камабоо тууралуу чектөө жок экенин кыйытты. Салянова муну менен азыркы өкмөттө отурган же башкаруучу партиянын курамына кирген бир катар аткаминерлерге карата да кылмыш иштери бар экенин билдирди.

"Муну убагы келгенде көрөсүңөр" деп айткан баш прокурор Аида Салянова оппозициянын айыптоосун мындайча четке какты:

- Банк кутучуларынан алынган акча жана талап-тоноочулук боюнча башка органдардагы тергөө башкармалыктары иштерди карап келген. Алардын аягы эмне болгонун Улуттук коопсуздук кызматы менен Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан билсеңиздер болот. Анан кимдин кайсы партиядан экенине карата иш козголбойт. Бул жерде мына ошол адамдын кыймыл-аракетине жараша болууда. Айтсак учурда КСДП партиясында турган губернатор, аким сыяктуу ири аткаминерлерге дагы иш козголуп жатат. Жакында андан чоңдоруна дагы козголот. Бул боюнча бир нече кылмыш иштеринин материалдары бар. Бул жерде мени бир жактуу гана кылмыш иштерин козгоо боюнча айыптоо туура эмес.

Акматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын караган Бишкектин Октябрь райондук соту жума күнү аны эки айга камоо чечимин чыгарды.

"КАРЫШКЫРДЫН" КЕЛИШИ

Депутат Келдибековдун камакка алынышынан бир күн мурун атайын кызматтар “Карышкыр” деген каймана аты бар кылмыш дүйнөсүнүн лөктөрүнүн бирин Москвадан алып келди. Ага кандай айып койулганы азырынча белгисиз. Бирок "Карышкырдын" кармалышы Кыргызстандын түрмөлөрүндө уюшкан кылмыш топторунун ортосунда таасир талашуу кармашын күчөтпөйбү деген кооптонууларды жаратты. Анткени жаза мөөнөтүнөн мурун абактан чыгарылган Азиз Батукаевдин тобуна таандык делген Өмүрзаков быйыл августта Орусияда “мыйзамдагы ууру” деген кылмыш дүйнөсүнүн макамын алган.

"Карышкырдын" келиши боюнча УКМКнын ыкчам тасмасы


Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын башчысы Рафик Мамбеталиев “Карышкырдын” аталган макамды алуусу мурунтан эле пландаштырылганын белгилеген болчу:

- Мурсалим Өмүрзаков Грозныйда, Батукаевдин жанында жүрөт. 9-апрелде Батукаев учуп кетсе, Өмүрзаков 12-апрелде артынан кеткен. Аны "ууру" кылып дайындай турганы ошондо эле сөз болгон.

Мына ошондон улам азыркы бийлик аны “мыйзамдагы ууру” Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыш тобуна карама-каршы койуу үчүн Батукаев менен келишимге барган эмеспи деген шектенүүлөр арбып барат. Буга себеп катары кылмыш дүйнөсү аркылуу коомдук-саясий абалга таасир эткен фактор айтылып келет.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаев “Карышкырды” Кыргызстанга алып келүүгө Батукаевди абактан чыгарткан күчтөр кызыкдар болчу деп түкшүмөлдөйт:

- “Карышкырдын” “мыйзамдагы ууру” болушу, Кыргызстанга келиши - бул Батукаев өзү Кыргызстанда жок болгону менен анын колу бул жакта турганынан кабар берет. Криминалдык чөйрөдө “общяк” деген түшүнүк бар экен, ошону көзөмөлдөгөнү “Карышкыр” келди деп баары эле түшүнүп турат. Биз муну мурун эле айтып чыкканбыз, иштин баары бүткөндөн кийин тартип коргоо органдары кармап атышат. "Карышкыр" Кыргызстанга келүүгө өзү кызыкдар, анткени ал бул жактан өз ордун ээлеши керек.

КАРА-КЕЧЕДЕГИ ТАЛАШ

Ошол эле кезде Кыргызстандагы эң ири көмүр кендеринин бири - Кара-Кечеде эки топтун ортосунда ок атышуу болуп, эки адам жабыркады. Жергиликтүү тартип сактоо органдары муну кезек талашуудан чыккан кадимки чыр катары белгиледи. Бирок жергиликтүү коомчулук өкүлдөрү мындагы көмүр ишкердигин уюшкан кылмыш топтору көзөмөлдөй турганын айтып келишет.

Кара-Кече көмүр кени, 19-октябрь, 2012.

Кара-Кече көмүр кени, 19-октябрь, 2012.

Мына ошол аймакты көзөмөлдөө үчүн болгон талаш-тартыштардын аягы ок атышууга жетти деп билдирди өзүнүн ысымын атоодон жалтайлаган жергиликтүү ишкер:

- Ал жакта башынан эле ызы-чуу. Кылмыштуу топтун көзөмөлүсүз кенге машинелер кирбейт. Кирген күндө деле бир-эки жумалап күтүп жатасың. Бюджеттик мекемелер үчүн сапатсыз көмүр жүктөшөт. "Каралардан" башка Салык кызматы, УКМК тынбай барып турат. Айтор, өзүнчө эле мамлекет, баары башаламан.

Кара-Кече кениндеги көмүрдүн запасы 400 миллион тоннага барабар деп чалгындалган. 2005-жылы аталган көмүр кенин ошол кездеги белгилүү бир уюшкан кылмыш топторунун колдоосу менен Нурлан Мотуев башында турган “Жоомарт” кыймылы басып алган. Кийин ал кармалып, камакка алынып, бирок аталган кылмыш иши соттон кыскарып кеткен.

Мына ошондон бери бул көмүр кенин өзүнө каратып алгысы келген ар кайсыл топтордун ортосунда талаш жүрүп келет. Аталган топтор мындай териштирүүлөргө көбүнчө уюшкан кылмыш топторун тарткан мисалдар да аз эмес.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG