Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:36

Апта: Кыргыз-өзбек премьерлери кол алышты


Өзбекстан -- Премьер-министр Шавкат Мирзияев Кыргызстандын өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев менен кол алышууда. Ташкент, 29-ноябрь, 2013.

Өзбекстан -- Премьер-министр Шавкат Мирзияев Кыргызстандын өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев менен кол алышууда. Ташкент, 29-ноябрь, 2013.

Узап бараткан аптада Ташкенде ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйыны өтүп, анын алкагында кыргыз-өзбек премьерлери жолугушту.

Мындан сырткары жума ичинде Жогорку Кеңеш “Кыргызгазды” сатуу боюнча келишимди биринчи окууда ратификациялады. Акматбек Келдибековдун тарапкерлери бийлик жетекчилери менен жолугушууда кескин кадамдарга барарын билдиришти.

Өкмөт башчылар ортодогу "музду эрите" алабы?

28-ноябрда ноябрда Кыргызстандын өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев Ташкенге барды. Бул сапар Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жолугушуусунун алкагында болду. Бирок көптөн бери жолугушпай келген кыргыз-өзбек өкмөт башчылары кездешип, эки өлкө ортосундагы маселелерди талкуулашты. Алар 2009-жылдан бери өткөрүлбөй калган өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандантуу боюнча да пикир алышкан.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, өзбек өкмөт башчысы Шавкат Мирзияев эки өлкөнүн чек арасындагы макулдашкан бөлүктөрү боюнча документтерге кол коюуга даярдыгын билдирген.

Кыргызстандык эксперт Саламат Аламановдун пикиринде, мындай шартта кыргыз тарап утулуп кала турган жагдайлар бар:

- Чек араны такташууда мына ошол чечилген тилкелер менен чечиле элек тилкелердин бири-бири менен байланышы бар. 2006-жылы да мына ушундай сунуш чыкканда биздин кызыкчылыкты караган талаптар эске алынбаса, кол коюуга барбайбыз деп койгон элек. Бул жолу Ташкен мына ошол биз койгон талаптарды аткарууга бара турган болсо, анда албетте макулдашылган чек ара сызыгын бекитүүгө макул болуу керек. Бирок мына ошол мезгилден бери чек араны тактоо боюнча жагдайлар өзгөргөн жок. Ошондуктан кыргыз тараптын талаптары аткарыла турган шартта гана маселени терең талдап, келишимге кол коюуга баруу зарыл.

Эки өлкөнүн өкмөт башчылары чечүүнү көздөгөн маселелердин катарында соода, өткөрмө бекеттердин туруктуу иштеши бар. Чек арадагы бир катар ок атуу жана киши өлтүрүүлөргө байланыштуу быйылкы жылы эки өлкөнүн бир канча чек ара бекеттери жабылып, элдин каттоосу кыйындаган. Соода байланышта да эки өлкө артка кетип жатканы маалым. Кыргызстандын газды Орусиядан алуу чечими да эки тараптуу соодага дагы бир сокку болуп каларында шек жок.

Анткени Кыргызстандын электр энергиясынан Ташкендин баш тартуусу кезинде мына ушундай жараяндардын башаты болгон.

Эки өкмөт башчынын Ташкендеги жолугушуусу ортодогу оор маселелерди чечүүгө жардам берер-бербесин мезгил көрсөтөт. Анткени буга чейин да кол берип, кучак жайып учурашуулар болгону менен алдыга жылуулар болбой келгенин тажрыйба көрсөтүп келет.

Парламент "Кыргызгазды" бир долларга сатууну колдоду

Жогорку Кеңеш 27-ноябрдагы жыйынында “Кыргызгазды” Орусиянын “Газпром” компаниясына 1 долларга сатуу боюнча келишимди биринчи окууда ратификациялады. Парламент жакынкы жыйындарында аны экинчи жана үчүнчү окууда карамакчы.

Парламент ратификациялай баштаган бул келишимге кыргыз жана орус өкмөттөрү быйыл 26-июлда жетишкен. Келишим ишке кирсе “Газпром” “Кыргызгазга” толук ээлик кылат жана Кыргызстанды газ менен камсыздоо милдетин мойнуна алат. Ошондой эле газ инфраструктурасына 20 млрд. рубль инвестиция салат. Кыргыз бийлиги Өзбекстан жана Казакстандан газ суроо милдетинен кутулат.

Бир долларга сатылган “Кыргызгазды” Кыргызстан 25 жылдан кийин кайтарып алууга укуктуу болот. Бирок анын баасы ал учурда 1 доллар болобу же 1 млрд. доллар болобу белгисиз. Анткени кыргыз тарап кайтарып алгысы келсе “Газпром” кетирген чыгымды же салган инвестицияны төлөп берүүгө тийиш. Бул шарт келишимдин 11-беренесинде белгиленген.

Жогорку Кеңештеги талкуу учурунда бул келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келери да айтылды. Маселен депутат Улукбек Кочкоров мындай жүйөлөрүн келтирди:

- Энергетикалык коопсуздук, экономикалык коопсуздук - улуттук коопсуздуктун негизи болуп эсептелет. Өзүнүн коопсуздугун, келечегин ойлогон мамлекет өзүнүн энергетикалык коопсуздугунун негизин түзгөн маселелер боюнча диверсификациялоо иштерин жүргүзүш керек эле. Кыргызстандын эртеңки күнкү келечегин ойлой турган болсок, бул маселеге биз өтө кылдат болушубуз керек. Менин оюмча, “Кыргызгаздын” контролдук пакетин биз инвесторго берип, калганын алып калышыбыз керек эле.

КСДП фракциясынын өкүлү Исмаил Исаков болсо “Кыргызгаздын” сатылышы менен анын ичиндеги коррупциялык кылмыштар да жабылып кетет деген чочулоосун билдирсе, башкалар Орусия газ маселесин саясий максатта пайдаланышы мүмкүн деген пикирин айтты.

Азыркы кезде “Кыргызгаздын” карыздары 49 млн. доллар болуп, алар коррупциялык жолдор менен талап-тонолгон деп шектелүүдө. Тартип коргоо органдары кылмыш ишин козгоп, иликтөө иштери да жүрүп жатканы маалым.

“Кыргызгазды” “Газпромго” берүүнү колдогондор Орусия стратегиялык өнөктөш экенин, Кыргызстанда газ кен байлыгы жоктугун, кошуна мамлекеттер менен газ боюнча сүйлөшүүлөр жеңил болбой келгенин жана Кыргызстандын газ инфраструктурасы эскилиги жетип бүткөнүн айтып чыгышты.

Алардын бири депутат Азамат Арапбаев болду:

- Орусия биздин өнөктөш. Ошондуктан коркпой эле бул кадамга барышыбыз керек. Эгерде бул кадамга барбасак, кошуна Өзбекстан айтып бергис өнөктөш болуп жатат. Каалаган мезгилде өчүрүп, кааласа... Мына түштүктө эмне абал болуп жатканын көпчүлүк депутаттар билип жатат. Чек араларда каалаган жагынан тор зым тартып, кээ бирде үйдүн ортосунан зым тартып коюп жатат. Бир тараптуу түрдө. Мындайлар айтып бергис өнөктөш. Андайлардан кетишибиз керек.

Мына ушундай пикирде болгон депутаттар көпчүлүк болгондуктан келишим 65 добуш менен ратификацияланды.

Келдибековдун тарапкерлери кескин кадамдарга барарын эскертти


Узап бараткан жумада Акматбек Келдибековдун камакка алынышына байланыштуу карама-каршылыктар токтогон жок. Келдибековду коргоо комитетинин өкүлдөрү Бишкекке келип, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, президенттик аппараттын башчысы Данияр Нарынбаев менен жолугушту. Алар Акматбек Келдибеков үй камагына чыгарылбаса кескин кадамдарга барарын билдиришкен.

Бийлик башчылары менен жолугушкан Абдимухамбет Кутбидинов буларды айтат:

- Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, эч кайда чыкпоо боюнча тил кат менен чыгарып бербесе, булардын өздөрүнүн шору. Эгер эл көтөрүлсө, кармап кала алышпайт. Эл жол тосот жана башка айтылган бардык кадамдарга барат. Административдик имараттар, райондук, облустук акимчиликтер басып алынат. Бул кадамдарга барбаш үчүн президентке, премьер-министрге жана башкаларга жолугуп, биздин талаптарды билдирип келгиле деп, эл бизди жөнөттү.

Акматбек Келдибековдун тарапкерлери анын камалышы саясатка гана байланыштуу деп эсептөөдө. Алар Келдибеков Кумтөр жана “Кыргызгаздын” сатылышы боюнча бийликке каршы позицияда болгонун мисал келтиришет. Белгилеп кете турган нерсе, Акматбек Келдибеков оппозициялык фракциянын лилдерлеринин бири. Ал ошондой эле келечектеги президенттик шайлоолорго активдүү даярдык көрүп келаткан саясатчылардын бири экени жашыруун эмес.

Бийлик өз кезегинде Келдибековдун камакка алынышын жалпы коррупцияга каршы күрөштүн бир көрүнүшү катары көрсөтүүдө. Баш прокурор Аида Салянова Келдибековго 2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турган кезде 21 миллион сомдон ашык каражатты негизсиз короткон деген айып тагылганын билдирген.

Адвокат Азимбек Бекназаровдун пикиринде, депутатка каршы козголгон кылмыш иштер шоона эшпейт. Маселен ал 2005-жылы “Ротак-Бишкек” фирмасына 24 млн. сом которууга Келдибеков эле эмес, азыркы каржы министри Ольга Лаврованын көбүрөөк тиешеси бар экенин билдирет. Ал эми Жогорку Кеңештин Москвада өкүлчүлүгүн ачууну өкмөт менен макулдашып, жалпы парламент чечкен маселе катары көрсөтөт.

Өлкө башчысы 29-ноябрда күч структураларынын жетекчилери менен кеңешме өткөрдү. Президент анда тартипти жана туруктуулукту сактоодо катуу чаралар көрүлүш керектигин билдирген. Президенттин күч структуралары менен кеңешмеси Ысык-Көлдөгү резиденцияда өттү. Ысык-Көлдөгү Саруу айылында кырдаал турукташа элек. 28-ноябрда Кумтөргө тишелүү эки автоунааны токтотуп, айдап кетишкен. Кийинчерээк бийлик өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү менен кайтарылган.

29-ноябрда саруулуктар менен “Ата Мекен” фракциясынын айрым депутаттары жолугушту. Ага катышкан депутат Жоомарт Сапарбаев саруулуктардын талаптарын билдирди:

- Беш башкы талап коюлуптур. Биринчиси, Эмил Каптагаев кызматынан бошотулсун деген. Экинчиси, Каракол шаарында митингге катышкан адамдарды УКМК куугунтуктап жатат, ошол токтотулсун деп атат. Үчүнчүсү, соттолуп жаткан балдардын сотун тездетип, тагдыры тезирээк чечилсин деп атат. Төртүнчүсү, куугунтук токтотулсун. Бешинчиси, Саруу айылында ызы-чуу болгондо талкаланган обьекттер оңдолуп, материалдык зыяндар төлөнүп берилсин деп жатышат.

Саруулуктар акцияларын абактагы жердештери бошогонго чейин токтотпосун билдиришкен.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG