Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:00

Узап бараткан жумада Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери кызматынан кетти, өкмөт бюджетти кыскартууну чечти.

Бишкек жана Ош шаар башчыларынын кызматтан кетиши апта ичиндеги негизги окуялардан болуп калды. Ош мэринин милдетин аткарып жаткан Мелис Мырзакматовдун кызматтан кетиши нааразылык акциялар менен коштолду.

Мырзакматов шайлоого барууну чечти

Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун кызматтан алынышы өлкөдө бир топ опурталдуу кырдаалды пайда кылды. Буга Жети-Өгүз районундагы Саруу айылы баш болгон бир катар айылдардагы абал да кошумча болуп турат.

Мырзакматовду кызматтан алуудан келип чыккан нааразылык толкунун азайтуу үчүн мэр жаңы шайлоого байланыштуу кызматтан бошотулганы айтылган. Демек Мырзакматов жакын арада боло турган мэрлик шайлоого катышат. Анын тарапкерлери да мына ошол жагдайга канааттанып, кескин кадамдарга барбашы керек...

Мелис Мырзакматовду кызматтан алуу себебине келе турган болсок, албетте анын биринчиси 2-декабрда Ошто болгон митингиде борбордук бийликке кескин каршы сүйлөөсү болду. Бийлик да абалдын оорлугун түшүнүп, бирок ага карабай күчкө таянууга ыктап турганы байкалат. Бул Ошто милиция кызматкерлерин топтоп тизүү жана таратуу иштеринен, элдик кошуундарды түзүү жана антимитинг уюштуруу аракетинен көрүнүүдө.

Мелис Мырзакматов 7-декабрда митингде сүйлөгөн сөзүндө жакын арада боло турган мэрлик шайлоого катышарын жана Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев башында турган “Өнүгүү” партиясы менен бириккенин жарыялады.

Мындай максатын Мырзакматов “Азаттыкка” да билдирген эле:

- Шайлоого катышуу укугумду эч ким алып коё элек. Мен Кыргызстандын жараны катары катышууга толук укугум бар.

Мырзакматов шайлоодо жеңип чыгууга жакшы мүмкүнчүлүгү бар экенин да кошумчалаган. Бул билдирүүлөр нааразылык акциясынын жалынын басаңдатып, тарапкерлерлердин терс кадамдарга барбашына түрткү болот.

Акматбек Келдибековдун тарапкерлери да сотто акыйкатты издөөгө бел байлагандай. “Ата-Журт” фракциясынын лидери Мыктыбек Абдылдаевдин билдирүүсүнө караганда, сотто Келдибековдун кызыкчылыгын Азимбек Бекназаров, Татьяна Чильникина жана Искендер Жоробаев коргойт. Булардан сырткары Мыктыбек Абдылдаев, Улукбек Кочкоров, Марат Султанов жана Курмантай Абдиев коомдук коргоочу катары чыгышат.


Иса Өмүркулов кызматынан неге кетти?


Узап бараткан жумада Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов да кызматынан кетүүгө аргасыз болду. КСДПнын бул көрүнүктүү өкүлүнө чабуул буга чейин эле бир нече жолу жасалып, бирок ал өз ордунда калган. Бул ирет Өмүркуловду курмандыкка берүүгө бийлик коррупцияга каршы күрөштү ылгап жүргүзүүдө деген айыптоолор дагы түрткү берген шекилдүү.

Өмүркуловго кылмыш иши коррупцияга байланыштуу эмес, жер мыйзамдарын бузууга байланыштуу козголгондуктан, ал камалган жок. Андыктан Өмүркулов жазага кириптер болбой чыгат деген пикирлер ошондон чыгууда.

Бийлик башында тургандардан Өмүркуловдон сырткары вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго да коррупцияга байланыштуу айыптоолор депутаттар тарабынан коюлуп келатканы маалым. Тайырбек Сарпашевдин ишмердүүлүгүн иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, иликтөө учурунда аны кызматтан четтетүү талабын коюп жатат.

“Республика” фракциясынын “Ырыс алды - ынтымак” коалициясына кирүүдөн да баш тартуусунун себептеринин бири да ушул Сарпашев, Сатыбалдиевге байланыштуу экенин фракция мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди:

- Биринчиси Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча маселе - мамлекеттик дирекциянын ишмердүүлүгүн кароо турат. Андан кийин өкмөттүн отчету бар. Батукаев маселеси бар. Тайырбек Сарпашевдин маселеси жакында көтөрүлдү. Биз мына ушулар каралып бүткөнгө чейин коалицияга кирүүнү токтотобуз дедик.

Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтү болсо жылдын жыйынтыгын чыгаруу жана Кумтөр боюнча сүйлөшүүнү улантуу менен убара. Канадалыктар менен акыркы сүйлөшүүлөрдө алдыга жылуу болбогондугу байкалды. “Центерра” Кыргызстанга 50% ашуун үлүш берүүгө караманча каршы чыгууда. Өкмөттө бул маселени бир жагына чечүү үчүн 23-декабрга чейин убакыт бар. Андан кийин парламент чечим кабыл алууга өтөт.

Аргасыздан кыскарган бюджет

Жыл жыйынтыгын чыгарууда экономикалык көрсөткүчтөр дурус болгону менен финансы жана салык жагында абал өтө оор бойдон калууда. Маселен, он айдын ичинде ички дүң өнүм 9 пайыздан ашуунга өскөнү менен бюджетти аткаруу мүмкүн болбой, аны кыскартууга аргасыз болду. Абалды Орусиядан алынган 50 млн. доллар насыя жана башка грант, жардамдар да сактап кала алган жок. Ошондуктан өкмөт бюджеттин чыгашасын дээрлик 10 млрд. сомго кыскартууга барды.

Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин төрагасынын орун басары Курманбек Дыйканбаев мына ушул кыскартуулар менен бюджет реалдуураак абалга келди дейт:

- Каржы министрлиги оптимизацияга барган экен. Бул мыйзамдуу нерсе. Секвестрлөөгө барган эмес. Бюджеттин ичинде министрликтердин ашыкча чыгашаларын алып, жетишпей жаткандарга бөлүштүргөн. Ошондуктан быйылкы жылдын бюджети реалдуураак болуп жатат.

Курманбек Дыйканбаевдин айтымында, бюджетте айлык жана пенсияны төлөөгө, министрликтердин ишин камсыздоого жетиштүү каражат бар.

Мурунку каржы министри Акылбек Жапаров экономика өсүп бараткан учурда бюджетти кыскартуу туура эмес деп эсептейт:

- Мындай өнүгүү болуп атат, бизде мындай жакшылыктар болуп атат деген учурда мындай кескин түрдө секвестрге барбаш керек эле. Булар эми өзгөртүү жана толуктоолорго баратышат. Бюджетти былтыр да аткара албай калышкан. Кескилөөлөр болгон - секвестр дешкен. Бирок ошентип коюп өздөрү каалаган министрлерге, тармактарга акчаны кайра көбөйтүп беришкен. Быйыл да ошондой болуп атат.

Экономикалык талдоочу Мейманбек Абдылдаев Кыргызстанда бюджетти кыскартууну популисттик чечимдердин натыйжасы катары баалады:

- Бул саясатчылардын популисттик саясаты. Алар тартыштык менен бюджет кабыл алып, социалдык чыгашаларды көбөйтүп, бири-биринин көңүлүн алып, кошуп коюшат. Анан кийин секвестрлөөгө барууга аргасыз болот. Алар бирдемке менен жабабыз деп ойлошкон да. Насыя алабыз, грант алабыз, бул киреше түшөт дешкен. Анан түшпөй калды да. Эми бул саясатчылардын жоопкерчилиги жоктугунан, алардын ишинин тыянагын эч ким чыгарбаганынан келип чыккан иштер.

Бюджеттин кыскарышы же көбөйүшү өлкөнүн финансы-экономикалык абалына таасир эткени байкалбайт. Абдылдаев муну бир жагынан статистикалык маалыматтардын так эместиги менен байланыштырса, экинчи жагынан көмүскө экономиканын көптүгү менен байланыштырат.

Бюджетте кыскартууларга карабай 7 млрд. сом тартыш кала берүүдө. Аны жабуу үчүн өкмөт Дүйнөлүк банктан 25 млн. доллар, Европа Биримдигинен 30 млн. евро насыяны алууга далбас урууда. Мындан сырткары Польшадан 40 млн. доллар насыя алуу аракети жүрүп жатканы да маалым.

Азыркы учурда Жогорку Кеңеште келерки жылдын бюджети каралып жатат. Ал бюджет да быйылкы жылдыкындай түзүлгөнү маалым. Маселен, анда дагы эле тартыштык 18 млрд. сомдон ашык. Дагы эле өкмөт грант жана насыяларга үмүт байлагандай.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG