Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:13

Апта: Оппозиция митинги, “Кыргызгаздын” кетиши...


Улуттук оппозициялык кыймылдын митингинен, Бишкек, 10-апрель, 2014.

Улуттук оппозициялык кыймылдын митингинен, Бишкек, 10-апрель, 2014.

Узап бараткан жумада оппозициянын митинги өттү. “Кыргызгаз” “Газпромго” биротоло өткөрүлүп берилди.

Оппозициянын талаптары

10-апрелде Бишкекте оппозиция митинг өткөрдү. Ал өзгөчө массалуулугу менен айырмалана алган жок. Бирок калк ичинде оппозициянын тарапкерлери жок эмес экенин көрсөттү.

Бейшемби күндөгү митинге акыркы кезде “мекенчилердин” тобун түзүшкөнүн жарыялаган Садыр Жапаров жана Мелис Мырзакматов катышкан жок. Мырзакматов Кытайда, Орусияда жүргөнү тууралуу түрдүү маалыматтар чыгууда.

Бул лидерлердин өздөрүнүн жоктугу жана алардын жакын адамдарынын, ошондой эле башка лидерлердин Бишкек, Ош, Караколдогу митингдерге убада кылынган санда киши камсыз кыла албашы оппозиция ичинде дагы ыйкы-тыйкы мамилени жаратышы мүмкүн.

10-апрелдеги митингде коюлган талаптар тууралуу Улуттук оппозициялык кыймылдын жетекчилеринин бири Равшан Жээнбеков буларды билдирген:

- Биринчиси, бул Кумтөрдүн маселесин кайрадан кароо, экинчиси - Батукаевди Кыргызстандан бошотуп жибергендерди жазалоо, үчүнчүсү, Атамбаевге Кыргызстанды "сатуу саясатын" токтотуу талабы, төртүнчүсү, “Манас” аба майданын сатууну токтотуу, бешинчиси - элдик ишенимдеги өкмөт куруу.

Мына ушул талаптар менен митинг атайын делегацияны бийлик менен сүйлөшүүгө жөнөттү. Бирок ал натыйжасыз болду. Анткени оппозициянын делегациясы менен эч ким жолугушкан жок.

Митинг кабыл алган чечимде болсо президент Алмазбек Атамбаевдин кызматтан кетүүсү, Акматбек Келдибековду үй камагына чыгаруу, кармалган саруулуктарды бошотуу, парламентти таркатуу талаптары коюлду. Албетте, бийлик менен оппозициянын мындан аркы мамилеси кандай өнүгүүсү элдин кайсы тарапты колдоосуна жараша болот.

Бийлик 10-апрелдеги митингге күжүрмөн даярдыкты көргөнү байкалды. Милиция кызматкерлери толук даярдыкка келтирилгени даана көрүндү. Оппозициянын митинги белгиленген убактан кеч башталып, түштөн кийин тарап кетти.
Оппозиция митингинен сүрөт баян, Бишкек, 10-апрель



"Кыргызгаз" "Газпромго" толук өттү

Оппозиция Максим Горький аянтында митинг өткөрүп жаткан мезгилде бийликтегилер “Кыргызгазды” “Газпромго” биротоло өткөрүп берүү боюнча документтерге кол койду.

Бул күнү “Газпромдун” башчысы Алексей Миллер Кыргызстанга келип, президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болду. Ал жолугушууда Атамбаев Кыргызстанды талапка ылайык баада газ менен камсыздоо жана инвестициялык долбоорлорду аткаруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ушул эле жерде Миллер менен “Кыргызгаздын” башчысы Тургунбек Кулмурзаев “Кыргызгазды” “Газпромго” биротоло өткөрүп берүү боюнча келишимге кол коюшту. Ошону менен “Кыргызгаз” мындан ары “КыргызгазГазпром” деп атала турган болду. Кыргыз өкмөтү “Кыргызгазды” “Газпромго” 1 долларга сатуу боюнча келишимге өткөн жылы кол коюп, ал парламент тарабынан ратификацияланган. Келишимге ылайык, “Газпром” “Кыргызгаздын” 40 млн. долларга жакын карызын жаап, 600 млн. доллардын тегерегинде инвестиция салууга милдеттүү.

Кыргыз өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев Кыргызстан инвестицияга абдан муктаж болуп турганын Алексей Миллер менен жолугушууда белгиледи:

- Биздин коом жана экономика аны тезирээк сезип калыш үчүн ошол инвестицияны тездетүүнү сурайт элек. Бизде чоң үмүттөр бар. Сиздер пландаган көлөмдөр биздин энергобаланс үчүн өтө маанилүү. Экономика өсүп баратат. Кубаттуулуктар болсо жетишпей жатат. Ошондуктан бул абдан оңтойлуу учур болду. Биз сиздерге абдан чоң үмүт байлап жатабыз.

Өкмөт башчынын “Газпромго” мындай чоң үмүт артышы жалпы эле энергетика тармагында түзүлгөн оор кырдаалга да байланыштуу. Буга азыркы кезде Токтогул суу сактагычында суунун өтө азайып кетиши кошумча болууда. Учурда Токтогулда 8.8 млрд. куб метр суу калганы маалым. Анын үстүнө быйылкы жылы өткөн жылга салыштырмалуу Нарын дарыясынан суу 21% аз келээри күтүлүүдө.

Мына ошондуктан быйылкы жылы электр энергиясын экспорттоону токтотуу каралып жатканын энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев билдирди:

- Электр энергиясын экспорт кылбай, сууну сактап калалы деп жатабыз. Анан Казакстан кокусунан бизге суу керек дей турган болсо, анда биз кышында электр энергиясын ала тургандай, алмаштыруу жолу менен барышыбыз мүмкүн. Экинчиден, суу сактап калуу максатында жай айларында Тажикстандан электр энергиясын алууну караштырып жатабыз. Үчүнчүдөн, элге кайрылып, үйлөрдү жылытууну быйыл көмүр менен газга өткөрбөсө болбойт деп эскертип жатабыз. Анткени электр энергиясы менен үйдү жылытсак, жалпы элге жарык жетпей калышы мүмкүн.

Осмонбек Артыкбаевдин айтымында, Токтогул ГЭСинде суунун азайышына 2011-12-жылдары электр энергиясы көп экспорттолуп, ошого жараша суунун көп агызылганы себеп болду.

Электр энергетика тармагы мына ушинтип суу аз болгон циклге туш болгон мезгилде Кыргызстандын газ тармагын “Газпром” колуна толук алды. Албетте, “Газпром” дүйнөлүк маанидеги ири компания. Ал Кыргызстанды үзгүлтүксүз газ менен камсыздоого кудуреттүү. Бирок бул компания пайда көрүүнү көздөгөн компания жана ошого жараша кыргызстандык керектөөчүлөр менен анын мамилеси түзүлөт.



Үч айдагы экономика

Узап бараткан жумада Улуттук статистикалык комитет өлкөнүн экономикасынын үч ай ичиндеги өнүгүүсү боюнча көрсөткүчтөрдү жарыялады. Жалпысынан алганда үч ай ичинде ички дүң өнүм 5.6% өсүп, былтыркы жылдан берки өсүү тенденциясын сактап калган. Бирок Кумтөрдү кошпогондо экономика 4.9% эле өскөн. Өкмөттү оптимисттик маанайга бөлөгөн дагы бир жагдай - бул негизги капиталга инвестициянын 33%, курулуш тармагынын дээрлик 25% өсүүсү болуп жатат. Калган жагынан тынчсыздандырган жагдайлар көбөйгөнү байкалат. Маселен, салык жана бажы төлөмдөрү кыскарып, бул кадрдык өзгөрүүлөргө алып келди. Салык кызматынын башчысы Исхак Масалиев кызматынан кетти. Бажы кызматынын жетекчилигине да өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев катуу эскертүү жасады.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, үч айдын ичинде 1 млрд. 124 млн. сом салык аз жыйналган. Исхак Масалиев муну пландын дурус негиздөөсүз жогору коюлушу жана мыйзамдардагы айрым өзгөртүүлөр менен байланыштырды. Ошондой эле Тажикстан менен чек аранын жабылышы, сомдун девальвациясы бажы жана салык төлөмдөрүн топтоого терс таасирин тийгизгенин белгиледи:

- Мына азыр “Дордой” комплекстерин карап атпадык беле. Ачыгын айтканда биринчи үч айлыкта өтө төмөн түшүп кетти. Айрыкча доллар көтөрүлүп кеткенден кийин бир топ ишкерлер чочуп калышты. Анча-мынча товарларды Орусияга ташыбай калышты. Экинчиден, Тажикстан менен чек ара жабылышы өтө чоң таасир берди. Салык кызматы ай сайын 40 млн. сомдон жоготуп жаттык.

Кыргызстандагы базарлар, соода жана кызмат көрсөтүү ишканалар биримдигинин төрагасы Сергей Пономаревдун маалыматы боюнча, Кытайдан жүктүн келиши кескин кыскарды. Маселен, эки жыл мурун Кытайдан Кыргызстанга ай сайын 200 фура кире турган болсо, быйыл айына 50 фура араң кирүүдө. Бул валюталардын девальвациясы эле эмес, Орусия жана Казакстанга товар өткөрүүнүн кыйындоосуна байланыштуу да келип чыкты.

Экономика министрлигинин макроэкономикалык башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев экономикадагы көрсөткүчтөрдүн ылдыйлашын айыл чарбасындагы абал менен байланыштырып, буларды кошумчалады:

- Цемент менен Токмоктогу айнек завод начар иштеп атат. Биринчиден, түштүктөгү цемент завод продукциясынын көпчүлүгүн Тажикстанга өткөрчү. Тажикстан менен чек ара жабык турду. Экинчи жагынан, биздин айнек заводдун продукциясына орус тараптан суроо-талап азайгандыктан, ал жактан да кыскаруу кетти. Анан биз Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү завод ишке кирет деп ойлогон элек. Ал ишке кирбеди. Анын үстүнө жылдын башында курулуш жакшы баратты эле, улам-улам кыскара баштады. Азыр 124.7% болуп калды. Жыл башында 154% болуп атты эле.

Мына ушундай тенденциялардан улам Кыргызстандын экономикасындагы быйылкы жылдагы өсүш 5% тегерегинде болору күтүлүп жатканын Шамшиев белгиледи. Эки айдын ичинде Кыргызстанда алтын экспорту өсүп, тышкы соодадагы терс баланс бир аз кыскарган. Маселен, эки айда жалпы экспорт 257 млн. доллар, импорт 783 млн. доллар болгон.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG