Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:01

Энергетикалык каатчылык алдында турган Кыргызстан Тажикстандан электр энергиясын сатып алууну чечти.

Узап бараткан жумада Жогорку Кеңеште Бажы биримдигине кирүү боюнча парламенттик угуулар өткөрүлдү. Президент Алмазбек Атамбаев Кытайда сапар менен болуп келди.


Барсаң да кыйнаган, барбасаң да кыйнаган Бажы биримдиги


Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнүн мөөнөттөрү анык боло баштады. 29-майда Астанада Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн президенттеринин саммити болот. Ал саммитке кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев дагы чакырылган. Орусия, Казакстан жана Беларус президенттери Астанада Евразия экономикалык биримдигин түзүү келишимине кол койсо, Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү боюнча жол картасына кол коёру белгиленген. Бажы биримдигине каршы акция. Бишкек, 5-май, 2014

Бажы биримдигине каршы акция. Бишкек, 5-май, 2014



Президенттин Астанага сапары алдында, 26-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети жол картасын карап берүүнү чечти. Бажы биримдигине кошулуу чечими жогору деңгээлде кабыл алынгандыктан парламент комитетинде кандай чечим кабыл алынышы көп деле күмөн жаратпайт. Анын үстүнө 23-майда КСДП фракциясы жол картасын жактырган чечимин кабыл алып берди.

Ал эми Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө даярбы? Анын кандай пайда, зыяны болот? Бул суроолорго так жооп жок. Өкмөт 20-майда өткөрүлгөн парламенттик угууларда “бара көрөрбүз” дегендей жоопту берди. Маселен, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Бажы биримдигинин артыкчылыгын философиялык мүнөздө түшүндүрүүгө аракет жасады:

- Же биздин экономикабыз ачык болот, же биз экономикабызды жабышыбыз керек. Чек араларда дубал курабыз, же чек араларды ачышыбыз керек.

Ал эми экономика министри Темир Сариев азыркы кезде киргенде эмне болот эмес, кирбесек эмне болот деген маселе олуттуу болуп жатканын белгиледи:

- Биз кирсек дагы кыйынчылыктар болот. Бирок кирбегендеги кыйынчылыктар киргендеги кыйынчылыктарды басып өтүүдө. Азыр кирбесек кандай кыйынчылык болот деген маселе туруп атат.

Темир Сариев Бажы биримдигине кирүүгө жүйө катары тышкы сооданын 40% ашууну Орусия, Казакстан жана Беларус менен болуп жатканын, күйүүчү майдын 98% Орусиядан келерин, мигранттарды эске салды.

Жаш ишкерлер бирикмесинин жетекчиси Руслан Акматбек болсо калган 60% соода кимдер менен болуп жатканын, Кыргызстан Бажы биримдигине кирген күндө да Орусия өз базарын оңойлук менен ачпасын, бул Казакстан тажрыйбасында көрүнүп турганын өкмөткө эскертти:

- Казакстан менен Орусиянын соодасы быйылкы жылдын биринчи үч айлыгында 30% кыскарды. Казакстан Бажы биримдигине киргенден кийин чакан жана орто ишкерлик абдан жабыркады.

Руслан Акматбек ошондой эле 500 млн. сом салык төлөгөн базарларды айта бербей, 37 млрд. сом салык төлөгөн калган ишкерлердин тагдырын да ойлоп көрүүгө өкмөттү чакырды.

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Кочкоров Бажы биримдигине кирүү эмнеге алып келерин өкмөт жетиштүү талдаган эмес деп эсептейт:

- Тилекке каршы, сиздер азыр берген маалыматтардан структуралык, тармактык талдоо көргөн жокпуз. Киргенде кайсы тармагыбыз эмне болот? Кайсынысы өнүгөт, кайсынысы өнүкпөйт? Өнүксө эмненин эсебинен өнүгөт?Жоголо турган болсо эмненин себебинен жоголот деген суроолорго жооп алалбай жатабыз. Ишкер чөйрөлөр да эмне болорун билбей жатабыз дешүүдө.

Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Равшан Жээнбеков Бажы биримдигин жабык бирикме катары атап, ага кирүү эгемендүүлүккө зыян алып келерин эскертти.

Экспеттер Бажы биримдигине кирүү Кыргызстандын экспорту үчүн Орусия, Казакстан жана Беларус базарынын дароо ачылышынына алып келет дегенди да күмөнгө алышууда. Анткени кыргыз товарларынын сапатын, курамын жана башка өзгөчөлүктөрүн аныктап-тактап берүүчү сыноо борборлору жок. Андай документсиз товарларды Бажы биримдигинин калган мүчөлөрү өз аймагына өткөрө койбойт.


Кыргызстан энергетикалык каатчылык алдындабы?


Апрель ыңкылабынан кийин Кыргызстан социалдык-экономикалык багытта ийгиликтерге жетишкени байкалбайт. Эгерде мурунку бийлик кулоо алдында мамлекеттин колунда инвестиция катары салууга, ишкерлерге насыя иретинде берүүгө даяр жарым миллиард доллар турган болсо, азыркы кезде андай резерв жок. Ал эми азыр мактаныч иретинде айтылып жаткан энергетикалык долбоорлор ошол кезде эле пландаштырыла жана сүйлөшүлө баштаганы маалым. Токтогул суу сактагычы, 18-апрель, 2013

Токтогул суу сактагычы, 18-апрель, 2013



Мурунку бийликтин дарегине айтылган сындардын негизгилеринин бири - энергетика тармагындагы коррупция болсо, азыркы кезде энергетика тармагы оор кризиске баратат. Коррупция, “Ширшовдун схемасы” аталган көрүнүштөр дале мурунку калыбында калганы президенттин деңгээлинде айтылып келатат. Бүгүнкү күндө Кыргызстан калкын Токтогул суу сактагачында суунун аздыгы, анын натыйжасында кышында жарык, жылуулук болобу деген суроо тынчсыздандырууда.

Ал эми “Кыргызгаздын” бир долларга сатылышынан түштүк региондун газсыз калуусу, бул учурда “Кыргызгаздын” башчысы Тургунбек Кулмурзаевдин Лейлек районунда газ түтүгүн карыз үчүн деп сатып жатуусу жоопкерсиздиктин туу чокусу катары айтылууда. Негизи “Кыргызгаз” бир долларга сатылганда, анын бардык карыздары кошо сатылганы бардык деңгээлде айтылган жана белгиленген. Ошондуктан Тургунбек Кулмурзаевдин кайсы карызды айтып жатканы түшүнүксүз.

Токтогул суу сактагычындагы абалга келгенде, Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев Токтогулда суунун азайыш себебин тартип коргоо органдары иликтей баштаганын билдирди:
- Бүгүнкү күндө суунун ушунчалык төмөн түшүп кетүүсү боюнча мониторинг, изилдөө иштери жүрүп атат. Буга укук коргоо органдары да аралашты. Эгерде ал жерде күнөөлүүлөр болсо, алар сөзсүз түрдө жооп берет.

Министр Артыкбаев Токтогулда түзүлгөн абалды штаттык деп атап, баары көзөмөлдө деди.

Эксперттер Токтогулда суунун азайып кетишин 2010, 2011 жана 2012-жылдардагы электр энергиясын көп экспорттоо менен байланыштырууда.

Энергетикалык эксперт Эрнест Карыбеков кыргыз чиновниктери ченемсиз экспорттоп эле калбастан, ортомчу компанияларга арзан электр энергиясын сатып, мамлекетти сызга отургузган деген пикирде:

- Мына үч жыл: 2010, 2011, 2012-жылы 2.8 центтен сатышты. Чыныгы баасы 4 цент болуп жатканда. Эгерде түз келишим менен сатканда 4 центтен сатышмак. 6 млрд.600 млн. килловат саат электр энергиясын сатышып, 80 млн. доллар, 1.2 цент ортомчу компанияларга түшүп калды. Бул мамлекеттин акчасы болчу. Ошол акча азыр ТЭЦке көмүр, карамай, газ сатып алганга керектелмек. Анан азыр ал жок. Ошондуктан эки обьектти, Камбар-Ата-2 жана Бишкек жылуулук борборун күрөөгө коюшуп, насыя алып, ошону төлөй албай отурушат.

Улуттук электр станциялар акционердик коомунун маалыматы боюнча, 23-майга карай Токтогулда 9 млрд. 200 млн. кубметрге жакын суу толду. Өткөн жылы ушул мезгилде 11 млрд. 400 млн. кубметрден көбүрөөк суу болгон. Күндүн ысышы менен агым көбөйүп, суу сактагычка секундасына 573 кубметр суу кирүүдө. Ал эми агып чыкканы 291 кубметр болуп жатат.

Энергетика министрлиги кыш мезгилине карай Токтогулда 12 млрд. 700 млн. кубметр суу топтолорун, жакшы суу келсе 14 млрд.ка чейин жетерин айтууда.

Бирок бул өлчөмдөгү суу Кыргызстандын кыштоосуна жетпейт. Ошондуктан жалпы өчүрүүлөр болот дейт Эрнест Карыбеков. Анын эсеби боюнча, октябрь айынан апрель айына чейин Кыргызстан 7 млрд. кубметр сууну коротот. Ошондуктан электр энергиясы өчүрүлбөй чыгыш үчүн Токтогулда 16 млрд. кубметр суу болгону ылайыктуу.

Токтогулда суунун аздыгы быйылкы жылы электр энергиясын экспорттоону токтотуп, ал эмес Кыргызстан өзү Тажикстандан май айынан сентябрь айына чейин 600 млн. килловат саат электр энергиясын сатып алууну чечти. Импортко келе турган электр энергиясынын баасы эки цент, же азыркы курс менен 1 сом 5 тыйын болот.


Президенттин Кытайга сапары


Өткөн жумада президент Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасында мамлекеттик сапар менен болду. Сапарда ири инвестициялык долбоорлорго кол коюлбаганы менен биргелешкен декларацияга, гуманитардык багыттагы бир катар документтерге кол коюлду. Декларацияда эки өлкө бири-биринин эгемендүүлүгүнө, аймактык бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч келтире турган бирикмелерге кошулбоо милдетин алышты. Ошондой эле эки тарап стратегиялык өнөктөштүк тереңдеп баратканын белгилешти. Президент Атамбаев Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен. Шанхай, 21-май, 2014.

Президент Атамбаев Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен. Шанхай, 21-май, 2014.



Президент Алмазбек Атамбаев Кытайда Кыргызстандын ички саясатына жана кошуналар менен мамилесине байланыштуу маанилүү билдирүүлөрдү жасады. Маселен, мамлекет башчысы Кыргызстанда парламенттик шайлоолор өз мөөнөтүндө өтөт деп билдирди. Газ маселесине токтолгон президент “ишенимсиз газ сатуучудан кеткенибиз туура болгонуна канчанчы жолу ынанып жатабыз. Биз менен чек ара маселеси бар өлкөлөрдөн газ боюнча көз каранды болбошубуз керек”, - деп кошумчалган.

Кыргызстан ошондой эле кытайлык өнөктөштөргө Орусия - Казакстан - Кыргызстан - Тажикстан темир жол долбоорун карап көрүүнү сунуштаган. Ал эми Бээжин Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолун курууга кызыкдар болуп, аны каржылоого даярдыгын билдирип келген. Бирок өткөн жылы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан ал долбоордон баш тартканын жарыялаган. Анын себеби расмий деңгээлде ушул кезге чейин түшүндүрүлө элек болчу.

Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков 22-майда “Азаттыктын” эфиринде Өзбекстан аркылуу Кыргызстандын жүктөрү ар кандай себептер менен өтпөй калып жатканын жана ал Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан жолу курулуп калса, анда кайталанбайт деген кепилдик жоктугу Кыргызстанды кооптондурууда деди:

- Он алты жылдан бери талкууланып келаткан темир жол Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан аркылуу өтөт. Анан бизде кепилдик болбой жатат, ошондой эле кырдаал болбойт деген. Ошого коопсузданып, ошого шек болуп, биз жаңы концепция иштеп чыгып жатабыз. Бул концепция азыркы кезде макулдашуу жолунда турат. Баары алдыда деп ойлоймун.

Сапар Исаковдун айтымында, бул долбоор Кыргызстан үчүн түндүк менен түштүктү туташтыруусу менен өзгөчө маанилүү.

Орус эксперттери Кыргызстан сунуштап жаткан Орусия - Казакстан - Кыргызстан - Тажикстан темир жол долбоорун каржылоого кызыкдар акчалуу мамлекет жок экенин белгилешүүдө. Анын үстүнө бул долбоор боюнча темир жол өтө татаал жерлерден, тоо-таштардан өтө тургандыктан абдан кымбат болору айтылууда. Кытай тарап бул долбоорго ачык кызыгуусун байката элек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG