Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:50

Узап бараткан жумада Бишкекте “Борбор Азия+Жапония” диалогу болду. Кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссия жыйналды. Жоомарт Оторбаевдин өкмөтүнө 100 күн болду.

Жапония чогултту, натыйжа кандай болду?

Бирге чогулбай калган Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан тышкы иштер министрлерин 16-июлда Бишкекте Жапония чогултту. Алар жапон тышкы иштер министри Фумио Кисидонун катышуусу менен регионалдык кызматташуу маселесин талкуулашты.

Он жылдан бери өткөрүлүп келаткан “Борбор Азия+Жапония диалогунун” натыйжалуулугу бир катар суроолорду жаратат. Анткени анда талкууланган суу-энергетика, саясий, маданий диалог, регионалдык кызматташуу маселелери тескерисинче татаалдашып баратканы байкалат. Албетте, буга регион мамлекеттерин ымалага келтирүүгө аракет жасаган Токио күнөөлүү эмес. Анын үстүнө Борбор Азия мамлекеттеринин биргелешип, регионалдык маселелерди талкуулоосуна мүмкүнчүлүк берген башка шарт, аянт да калбаганы байкалат.

Диалогдун шарапаты менен Өзбекстан тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Кыргызстанга келди. Аны президент Алмазбек Атамбаев кабыл алды. Газ маселесинде Өзбекстан бийлигинин жообун уга албаган кыргыз бийлиги үчүн бетме-бет сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Президенттин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, кабыл алууда кыргыз-өзбек мамилесиндеги актуалдуу маселелер талкууланды.

Бишкекте “Борбор Азия+Жапония” диалогу жүрүп жаткан күндөрү Жалал-Абадда кыргыз-өзбек эксперттери буга чейин макулдашылган чек ара тилкелери боюнча келишимдин долбоорун талкуулоого киришти.

Чек араларды делимитациялоо боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаровдун айтымында, чек аранын канча бөлүгү макулдашылганы боюнча эки тарапта эки ача пикир пайда болду:

- Эки ача дегенде эми биз 1003 чакырым такталган деп ошого макул болобуз деп жатабыз. Алар 701 чакырымга токтолуп жатат. Мына ушундан биздин ишибиздин жыйынтыгы эки ача чыгууда. Биз мурда эки мамлекеттин комиссиялары такталган, макулдашылган участокторду келишим менен бекитип коёлу десек, алар азыраакка макул болуп жатат.

18-июлдагы маалыматтарга караганда, өзбек тарап 800 чакырымдай тилкени келишим менен бекитүүгө макул болуп, калган тилкелер боюнча тактоо иштери кайрадан жүргүзүлө турган болууда. Кыргыз-өзбек чек арасынын жалпы узундугу 1400 чакырымга жакын.

Тажик министринин расмий сапары

“Борбор Азия+Жапония” саммитине катышкан Тажикстан тышкы иштер министри Сирожиддин Асловдун 17-июлда Кыргызстанга расмий сапары болду. Ал кыргыз коллегасы Эрлан Абдылдаев менен сүйлөшүү өткөрдү. Андагы негизги маселе чектеш аймактарда жол жана көпүрөө куруу болгону айкын болду. Тажик министрин президент Алмазбек Атамбаев дагы кабыл алды.

Кыргызстан министри жакынкы мезгилде Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык - Кишемиш жолун куруу улантыларын билдирген. Белгилүү болгондой бул жолдун курулушу тажик тараптын кескин каршылыгына байланыштуу токтоп турат.

Жол маселеси 19-июнда Баткенде, 3-июлда Бишкекте, 10-июлда Тажикстандын Кайраккум шаарында сүйлөшүлгөн. Бирок тараптар орток пикирге келе албай турушат. Кыргыз тарап Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык - Кишемиш жолунун курулушуна Тажикстандын каршылыгын Ворух анклавына коридор алуу максаты менен байланыштырууда. Кыргызстан андай коридор берилбесин, бирок өз каражатына өз аймагынан Ворух-Исфара жолун куруп берүүгө даярдыгын билдирүүдө.

Кыргызстан үчүн Ворухка коридор берүү бир нече стратегиялык себептерге байланыштуу мүмкүн эмес. Биринчиден, андай болгондо Баткен районунун жарымы, Лейлек району жана Сүлүктү шаарынын анклавга айлануу коркунучу жаралат. Экинчиден, Тажикстанга коридор бергенден кийин Сохко, Өзбекстанга да берүүгө туура келет. Бул Кыргызстан мамлекети үчүн кабыл алгыс экени айтылып келет.

Тажик министри Сирожиддин Асловдун айтымында, жолдорду куруу үчүн 99% даярдык бар:

- Бул жолдун курулушу боюнча 99 пайызга бардыгы даяр. Бирок кыргыз тарап мында кандайдыр бир маселе бар экенин жана ал тоскоолдук тажик тараптан болуп жатканын белгилеп келет. Биз тараптан дагы мына ошондой эле доомат бар. Бул жолугушуудан кийин биз өз өкмөттөрүбүзгө бул туурасында жеткирсек, Көк-Таш - Тамдык сыяктуу эле Ворух - Исфара жолунун да курулушу башталат деген ойдобуз.

Тажик министри сүйлөшүүдө 10-июлда кыргыз-тажик чек арасында кыргыз чек арачыларынын тажик жарандарына ок атуусун айыптап, ошол эле мезгилде эки өлкөнүн тең күч структураларында чыдамкайлык, сабырдуулук жетишпей жатканын белгилеген.

Кыргыз-кытай кызматташуусу

16-июлда Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан жапон тышкы иштер министри менен диалог жүргүзсө, 17-июлда Бишкекте кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны болду. Комиссиянын эксперттик деңгээлдеги жыйыны 16-июлда эле башталып, эртеси күнү делегация башчыларынын катышуусу менен уланды.

Кыргыз өкмөттүк делегациясын биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жетектесе, Кытай тараптыкын коммерция министринин орун басары Чжан Сянчэнь жетектеди.

Кыргыз-кытай мамилеси практикалык мүнөзгө көбүрөөк өтүп, Бээжин Бишкектин жол, энергетикалык жана өнөр жай долбоорлорун каржылоого насыяларды бөлүүдө. Эки тараптын соодасынын көлөмү 1.5 млрд. долларга жеткен. Мындан Кыргызстан менен Орусиянын соодасынын көлөмү гана жогору. Белгилүү болгондой 2013-жылдын он айында Кыргызстан менен Орусиянын соодасынын көлөмү 1 млрд. 800 млн. долларга жеткен.

Кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнө байланыштуу эки ортодогу сооданын тагдыры да талкууланган. Эксперттер Бажы биримдигине Кыргызстандын кириши менен реэкспорт кескин кыскарарын эскертип келатат.

Буга байланыштуу биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Кытайдан жогорку технологиялуу өндүрүштүн Кыргызстанга келишине кызыкдарлыкты билдирген:

- Биз Бажы биримдигине кирүү тууралуу маалымат бердик. Ошондой эле сооданы күчөтүп эле калбай, Кытай инвесторлорунун салымы менен өндүрүштү өнүктүрүүгө, өзгөчө Кыргызстанда жогорку технологиялык багыттагы өндүрүштү өнүктүрүүнү сүйлөштүк.

Кыргыз-кытай өкмөттөр аралык комиссия эки тараптуу кызматташуунун он жылдык программасын иштеп чыгууну да макулдашкан. Бул жыйындын соңунда Кытай тарап 300 млн. юань грант бөлгөнү маалым болду. Бюджеттик тартыштыгы, энергетикалык кризиси күчөп турган Кыргызстан үчүн 2.5 млрд. сомдун тегерегиндеги грант аба менен суудай эле зарыл болуп турат.

Жоомарт Оторбаевдин өкмөтүнө 100 күн

Узап бараткан жумада Жоомарт Оторбаевдин өкмөт башчылыкка келгенине 100 күн болду. Белгилүү болгондой ал 3-апрелде “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн” коалициясы тарабынан өкмөт башчылыкка шайланган. Оторбаевди өкмөт башчылыкка “Ата Мекен” фракциясы сүрөгөн. Оторбаев бул партиянын мүчөсү эмесмин деген менен, анын шайлоо тизмесинде турган. Андан сырткары Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүн кулатууда “Ата Мекен” фракциясы башкы рольду ойногону маалым.

Эми “Ата Мекен” фракциясынын активдүү депутаттары жана лидери Өмүрбек Текебаев Жоомарт Оторбаевдин Кумтөр боюнча чечимдерин кескин сынга ала баштады.

Кумтөр жана башка маселелер боюнча президенттин позициясын колдогонуна карабай Жоомарт Оторбаевди КСДП фракциясы колдоп кетери да күмөндүү. Тескерисинче, КСДП өз баласы Тайырбек Сарпашевди биринчи орунга алып чыгууга умтулууда. Тайырбек Сарпашев да өзүнүн активдүүлүгүн болушунча көрсөтүүгө аракеттенүүдө.

Жоомарт Оторбаевдин жүз күнүндө экономиканын өсүшүндө басаңдоо байкалды. Алты айдын жыйынтыгы боюнча ички дүң өнүм 104.1% өскөн. Өткөн жылдын ушул мезгилинде өсүш эки эсе көп болгон.

Кышка даярдыкта дагы олуттуу проблемалар чыгып турат. Токтогулда суунун аздыгы, көмүр сатып алуу үчүн акчанын жоктугу эң орчун маселелерден.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү Эркингүл Иманкожоева өкмөттүн ишмердүүлүгү сентябрь айында бааланат дейт:

- Биз эми сентябрда келгенде өкмөттүн отчетун алганда көрөбүз. Чек ара маселеси абдан курч турат. Суу маселеси да актуалдуу болуп жатат. Чөп, эгин, дегеле кышка даярдыктын начардыгы азыр билинип жатат. Ошолор боюнча премьер-министр, жалпы эле өкмөт парламенттин алдында отчет берет. Мына ошондо билинет.

Мурунку өкмөттөрдө иштеп келген Акылбек Жапаров азыркы өкмөттү мамлекет алдында турган маселелерди чечүүгө жөндөмсүз деп атады:

- Газдын проблемасы ушул кезге чейин чечиле элек. Айыл чарбасында суу маселеси бул өкмөттүн көз кырынан чыгып кетти. Суу жок айыл чарбасы аябай кыйналды. Эгин чогултайын дегенде солярка жок. Мына ушул көйгөйлүү суроолор чечилген жок. Экинчиден, коммуналдык саясатты жүргүзө албай койду. Парламентке чейин барып, кайра артка алып кетти. Энергетиктер тарифти көтөрүп, кайра элдин кыжырын келтире баштады. Кыргыз-тажик сүйлөшүүсү аягына чыкпай жатат. Айтор, бул өкмөттүн 100 күндө көрсөтө турган иштери көрүнгөн жок.

Акылбек Жапаров алты айдын ичинде Салык кызматы да, Бажы кызматы да планды толтурбаганын кошумчалады. Анын маалыматы боюнча, бюджеттин тартыштыгы 6 млрд. сомго жетти.

9-15-июлда Кыргызстанда болгон Эл аралык валюта корунун миссиясы экономикалык активдүүлүктүн басаңдашынан республиканын бюджетинин тартышыгы көбөйүшүн белгилеген.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG