Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:02

Апта: эси чыккан бийлик, эскерилбеген Үркүн


Үркүн курмандыктарына арналган эстеликтин ачылышы. Боом капчыгайы, 25-август, 2006

Үркүн курмандыктарына арналган эстеликтин ачылышы. Боом капчыгайы, 25-август, 2006

Кыргызстандын саясий жетекчилиги быйыл 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарын эскерүүгө батынган жок.

Эскерүүгө чогулган коомчулук өкүлдөрү муну Кремлден жалтайлаган, коркок-билиш саясат катары кабыл алышты. Узаган жумада мындан сырткары сот коррупцияга шектелген мурдагы парламент спикери Акматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, ага чет өлкөдө дарыланууга уруксат берди. Буга куйрук улай, Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркулов кылмыштын курамы жок деген негиз менен соттон акталып чыкты. Талдоочулар бул эки адамга козголгон кылмыш иштери башынан эле саясий мүнөздө болгонун белгилешип, өзү таза болбогон бийлик башкаларды ооздуктоого моралдык укугу калган жок деп кине коюшууда.

Бийлик эмнеден чочулайт?

2008-жылы Бакиев бийлигинин тушунда парламент ар жылы август айынын башын 1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылдын курмандыктарын эскерүү жумалыгы катары расмий белгилеген болчу. Мына ошондон бери 1-августтан тарта расмий деңгээлде ар кандай эскерүү иш-чаралары уюштурулуп келген. Быйыл мамлекет башчысы Атамбаев Үркүн деген ат менен тарыхта калган окуянын курмандыктарын эскерүүнү көңүл сыртында калтырды. Бул окуяга байланыштуу баш калаа Бишкекте эч кандай иш-чаралар өткөрүлгөн жок. Болгону “Ашар” кыймылы баш болгон коомдук уюмдар чогулуп, кандуу окуянын 100 жылдыгын белгилөөнүн шарттарын талкууга алып, тарап кетишти.

“Ашар” кыймылынын теңтөрагаларынын бири Жумагазы Садыр уулу расмий бийлик Кремлдин көзүн карап, эскерүү иш-чарасын өткөрүүдөн айбыкканын сынга алды:

- Бийлик чөйрөсүндөгү маңкуртташуунун илебинен чыга албай калдык. Мына азыр үркөрдөй болгон эле адам чогулдук. Ошолор эле Үркүндү эскердик. Бийлик буга кайдыгер мамиле кылып койду. Ошондуктан Үркүндүн 100 жылдыгы татыктуу белгиленерине деле ишенбей калдык. Тарыхчыларыбыз бардыгын изилдеп жазып берген. Бирок ошону саясий элита элеңдеп колдой албай турат. Анан дагы бир көйгөй улуттук кызыкчылык деп бийликте турган бир ууч адамдын кызыкчылыгын түшүнүп алдык. Мына ушул 1916-жылдагы улуттук-боштондук кыймылы сыяктуу окуялар боюнча улуттук кызыкчылыгыбызды коргой элекпиз.

Ашуу ашып, Кытайга качып бараткан кыргыздар. Мамлекеттик тарых музейиндеги көргөзмөдөн. Бишкек, 27-июль, 2012

Ашуу ашып, Кытайга качып бараткан кыргыздар. Мамлекеттик тарых музейиндеги көргөзмөдөн. Бишкек, 27-июль, 2012

Кыргын башындагылардын “кызыл китеби” жазылабы?

Кыргыз президентинин жана өкмөтүнүн маалымат кызматтары Үркүндү расмий эскерүү тууралуу маалымат тараткан жок. Ошол эле учурда Орусиянын өкмөтү 1916-жылдагы окуянын жүз жылдыгын утурлап, өзүнүн кызыкчылыгындагы саясатка ылайык келе турган иш-чараларды өткөрүүнү мерчемдей баштады.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин алдындагы Горчаков фонду 1916-жылдагы тарыхый фактыларды калыбына келтирүү долбоорун колдоого алды. Кызыгы, бул долбоорду ишке ашыруу вазийпасы Кыргызстандагы “Жети-Суу казак-орустарынын кошууну” коомдук бирикмесине ыйгарылды. Бул коомдук уюм ошол кездеги Орус падышачылыгынын жазалоочу отряддарынын өзөгүн түзгөн орус-казактар кыймылынын мураскери катары белгилүү.

Кыргыз улуттук университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Токторбек Өмүрбеков окуяны казак-орустар изилдесе, анда ал тарыхты бурмалаган оор кесепеттерге алып келет деп мүнөздөдү:

- Биринчи бул жерге казак-орустар келишкен. Алардын ар бирине жергиликтүү калктын макулдугун сурабай туруп эле 36 гектардан жер берилген. Алар салыктан бошотулган. Жарым аскердик абалда падыша бийлигинин тирөөчү катары кызмат кылышкан. Анан жергиликтүү калкка камчы үйрүп, жергиликтүү элди каалагандай калчап турган. Уруштун себеби мына ошол эзүүдөн чыккан. Анан эми ошолордун укум-тукумдары “тарых андай эмес, мындай болгон” деп бизге оюн таңуулаганы чыккан тура. Буга чейин кыргыз тарыхчылары курч жагдайдаларды атайылап айтчу эмес. Анан эми казак-орустар өздөрү тескерисинче жүз жылдан кийин кайра ал идеясын жанданта баштаган тура. Бул эски салтты улоонун көрүнүшү. Мындайга жол бербөө керек. Азыркы орус бийлиги аларды каржылап колдогондун ордуна “койгула, жараны чукубагыла, тынч жашагыла” деш керек болчу.

1916-жылдагы окуяны кеңири изилдөөгө совет доорунда мүмкүнчүлүк берилген эмес. Анткени аны ачыкка чыгаруу советтик улут саясатына каршы келери эскертилген. Ошондуктан Үркүнгө байланыштуу бир топ тарыхый фактылар архивдерде катылып жатып, Кыргызстан эгемендик алган соң гана ачыкка чыга баштаган. Бирок мына ошол эгемендик жылдары ачыкка чыккан тарыхый эмгектерди Кыргызстандагы казак-орустар кыймылы бурмалаган деп эсептейт.

Ошондуктан Беловодскидеги Жети-Суу казактарынын атаманы Геннадий Баженов ыңкылапка чейинки архивди көтөрүп, тарыхый фактылар калыбына келтириле турганын билдирди:

- Адамдарга кимге кандай ыңгайлуу эмес, чыныгы тарыхты көрсөтүш керек. Азыркы учурда тарыхты кандай жагы туура келсе ошондой кылып кыйшайтып, бурмалап жатышат. Ошондуктан окуя кандай болсо ошону көрсөтүшүбүз керек. Ыңкылапка чейин жазылган адабияттар бар. Ошол кездеги окуянын күбөлөрүнүн каттары бар. Азыр АКШ дүйнөгө өз талабын коюп жаткан сыяктуу Улуу Британия ошол учурда Түркияга, Европага таасир этип, согуш отун тутандырып турган. Мында болсо байлар Орусияга каршы көтөрүлүп, канчалаган орустар өлтүрүлгөн. Ошондуктан абал оорлоп, падыша Николай II дүйнөлүк биринчи согуш жүрүп жаткан Батыш фронтунан бул жакка эки полкту которууга аргасыз болгон.

Орус-казактарынын издеген "чындыгы"

1916-жылдагы тарыхый фактыларды изилдөө үчүн “Жети-Суу казактарынын кошууну” коомдук бирикмеси Алматыдагы, Ташкендеги жана Санкт-Петербургдагы тарыхый архивдерди казмакчы. Ошол кезде Орусияга караган Түркстан крайынын аскердик жетекчилиги көтөрүлүштүн чыгуу себептери боюнча түрдүү жоромолдорду келтиришкен. Алардын эң эле негизгиси аймактагы диний-пантүркисттик идеяны жайылтуу менен ишке ашкан чет элдик тыңчылардын кутуму катары сүрөттөлгөн. Бул боюнча алардын отчетторунда келтирилген.

Тарыхчы-илимпоз Токторбек Өмүрбеков казак-орустардын азыркы урпактары мына ошол архивдик документтерге таянып, жаңылыш тыянак чыгарып жатканына токтолду:

- Анан алар өздөрүнүн кандуу кылмышын акташ үчүн капкаяктагы шылтоолорду ойлоп табышкан. Мисалы, ошол кезде Түркиянын тыңчылары келип, диний ажырымды күчөтүп, элди орустарга каршы козуткан деген билдирүүлөр болгон. Пантүркизм менен ислам азыркыга чейин сиңбеген кыргыздар кантип анан ошол идеянын арты менен орус падышачылыгына каршы чыксын? Бул жалаа болгон. Уезддердин башчылары ошол мезгилде согуш жүрүп жаткандыктан Германия, Түркия аркылуу кийлигишип, элди козутту дешкен. Анан эми азыр Германия дей алышпай, Англия дегенге өтүп алышкан турбайбы. Мунун бардыгы бурмалоо.

Советтик доордо 1916-жылдагы окуяны терең изилдөөгө уруксат берилбегени менен ал падышалык Орусиянын колониалдык саясатынын жана эзүүсүнүн жыйынтыгы катары белгиленген. Бирок азыркы Орусия Федерациясынын ошол кездеги орус империясынын кандуу саясатын актоого жасаган аракети коммунисттик духта жана орусиячыл багытта тарбияланган Кыргызстандагы социалдык катмарды түшүнүксүз жагдайга кептеди. Москванын казак-орустардын 1916-жылдагы тарыхый фактыларды калыбына келтирүү демилгесин колдошу анын падышалык Орусиядан айырмаланбай калганынан кабар берет дегендер аз эмес.

Кыргызстан Коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиев бул демилгеге карата мындай көз карашын билдирди:

- Советтик тарыхта 1916-жылдагы окуя бир барак менен жазылып, азыраак көңүл бурулса деле ага терс баа берилген. Октябрь ынкылабы кыргызды кыргындан сактап калды деп бир жактуу жазылды деген менен анын чындыгы бар. Эгерде чын эле ошол ынкылап болбогондо, совет бийлиги кыргыздарды коргоп чыкпаганда элибиздин болочок тагдыры кандай болот эле? Мына ошол Кытайга чейин артынан кубалап барган жазалоочу отряддар кыргыздарды кырып-жоюп тукум курут кылмак. Анан эми мына ошол казак-орустар өздөрүнүн тарыхын жазгысы келет. Ага капа болбош керек. Биз илимпоздорду чогултуп, саясий эмес, илимий багыттагы кыргыз элинин кызыкчылыгына ылайык келген калыс тарыхты дагы тереңирээк жазып чыгышыбыз керек.

Саясат менен башталып, саясат менен бүтчү иштер

Жуманын аягында Бишкектин Биринчи май райондук соту коррупцияга шектелип камалган Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, анын Германиядан дарыланып келүүсүнө уруксат берди. Буга чейин Алайдагы анын жердештери жол тосуп, Келдибековду үй камагына чыгарууну талап кылган болчу. Бир топ сүйлөшүүлөрдөн кийин Келдибековдун жактоочулары тарап кеткен. Башында бийлик Келдибековдун кармалышын коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыгы катары сыпаттап, анын үй-мүлкү тууралуу тастыкталбаган маалыматтарды мамлекеттик телеканалдардан тизмектеген эле.

Келдибеков үй камагына чыгарылды, Бишкек, 1-август

Саясий илимдердин доктору Аалыбек Акунов Келдибеков коррупциялык иштен мурун саясий атаандаштыктын курмандыгы болду деген жүйөсүн келтирди:

- Бийлик өзү таза эмес. Өзү таза болбогон бийлик башка бирөөнү коррупционер деп атап, аны жазалаганга моралдык укугу калбай калат. Ошондуктан анын коррупцияга каршы күрөшөбүз дегени нааразычылыкка барып такалат. Мына ошол эле жол тоскон алайлыктар “Келдибековду камадыңар, бирок силер өзүңөр тазасыңарбы?” - деген суроону коюшпадыбы. Буга мисал катары Батукаевди бошоткон бийлик эмнеге ооруп жаткан Келдибековду бошотпойт деген маселени алар жөндүү көтөрүштү. Мүмкүн Келдибековдун кандайдыр бир ишке илинчеги бардыр. Бирок ага карата иш башынан башталганда эле саясий кызыкчылык үчүн ачылганы билинип калды. Анын бийлик үчүн биринчи күнөөсү парламенттин спикери болуп турган кезде президентке баш ийбей, өз алдынча болгусу келгени. Анан аны алып түшүп, майтарып туруп саясий жактан ордуна коюш керек болду.

Иса Өмүркуловдун карьерасына балта чабылдыбы?

Ошол эле күнү түштөн кийин жер мыйзамдарын одоно бузган деген шек менен кылмыш иши козголгон Бишкектин мурдагы мэри Иса Өмүркулов соттон акталды. Бишкектин Октябрь райондук соту шаардын чок ортосундагы Ата-Түрк гүлбагынын чегин аныктоо боюнча анын чечиминде кылмыштын курамы жок деп тапты. Эксперттер кезинде президент Атамбаевдин жакын чөйрөсүнө кирген Өмүркуловду кызматтан кетүүгө мажбурлоо жана ага иш козгоо ошо кездеги Оштун мэри Мырзакматовду кетирүү жана Келдибековду камоо үчүн колдонулган атайын усул болгон деп баалашууда. Анткени ал коррупцияга каршы тандалган шартта күрөш жүрүүдө деген дооматты четке кагуу үчүн керек болгон. Бирок азыркы мэрге караганда ырааттуу иштеген Өмүркуловдун саясий келечегине балта чабылды дешет алар.

Сот Иса Өмүркуловду актады, Бишкек, 1-август

Мурдагы баш прокурор Байтемир Ибраев мындай көрсөтмөлүүлүк кезинде саясат үчүн керек болгону менен ишенимге оор залал келтирип койгонун белгиледи:

- Президенттин айланасындагы адамга карата да керек болсо иш козгоп коёбуз деген максатты көрсөтүү үчүн Иса Өмүркуловго кылмыш ишин ачып, кызматтан кетүүгө мажбурлап, анан эми азыр анын кылмышынын далили жок болуп калды дегени кызыктай бир жагдайды жаратты да. Анан эми сотто анын кылмышы жоктугу аныкталды. Бирок ал тергөө учурунда эле белгилүү болчу. Тергөөдө эле аны жаап койсо болмок. Иса Өмүркуловдун айланасында бир жылга чукул убакыттан бери эмне деген гана сөздөр айтылган жок. Ага карата сот чечими чыга электе эле коомчулукта пикир түзүп коюшту. Эми ошол үчүн ким жооп берет?

Ошол эле учурда Бишкек шаарынын дагы бир мурдагы мэри Нариман Түлеев үй-мүлкүн конфискациялоо чарасы менен 11 жылга эркинен ажыратылган. Анткен менен коомчулукта бийликтин коррупцияга каршы күрөшүү демилгесине ишеним жоголгону боюнча пикирлер үстөмдүк кылууда. Мында коррупцияга каршы күрөш саясий оюндун куралына айланып, ыңгайсыз саясатчыларды оюндан чыгаруунун гана ыкмасы экенине ынангандардын катары калыңдап баратат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG