Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Астана: Кашаган кенинен 2017-жылы жети миллион тонна мунай өндүрүлөт


Каспий деңизиндеги Кашаган кени.
Каспий деңизиндеги Кашаган кени.

Каспий деңизиндеги Кашаган кенинен 2017-жылы жети миллион тонна мунай өндүрүү болжолдонууда. Бул тууралуу 27-октябрда Казакстандын энергетика министри Канат Бозумбаев билдирди. Анын айтуусунда, бардыгы ал жактагы жабдыктардан жана бургулоочу скважиналардын иштөөсүнө жараша болот.

2013-жылы Кашаган кени расмий ишке берилген соң жарылып кеткен түтүктөрдөн улам кара май өндүрүү убактылуу токтотулган.

Өткөн айда кайра иштей баштаган бул кенде учурда суткасына 90 миң баррель кара май алынууда. Өндүрүлгөн кен атайын жайда топтолот.

Кашаган акыркы 25 жылда дүйнөдө ачылган кен жайларынын эң ириси экени айтылып келет. Анын мунай кору 35 млрд баррель деп бааланган.

XS
SM
MD
LG