Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Ишкер балдардын жармаңкеси уюштурулат


"Азаттыктын" каарманы Айчүрөк базарда желим баштыктарды чогултчу.
"Азаттыктын" каарманы Айчүрөк базарда желим баштыктарды чогултчу.

Жармаңке 26-февралда Бишкектеги «Таш-Рабат» соода борборунда өтөт. Иш-чаранын максаты, балдардын ишкерлик шыгын өнүктүрүп, каржылык сабатын өркүндөтүү болуп эсептелет. Бул тууралуу иш-чараны уюштуруучулардын бири, жарандык активист Наргиза Конушалиева “Азаттыкка” билдирди:

-Учурда базарларда иштеген, миграцияда жүргөн балдар көп эле. Ошондой эле мектептерде колунан иш келген балдар арбын. Алар өздөрүнүн эмгектерин сатып, акча каражат таба алышат. Биз ошондой балдарга көмөктөшүп, каржылык сабатын өркүндөтүүгө жардам беребиз.

Жармаңкеге беш жаштан 16 жашка чейинки 40 чакты ишкер бала катышат. Алар товарларын сатуудан тышкары ишкерликтин сырлары тууралуу маалымат алышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG