Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:49

Апта: Төрт багыттагы кармаш


Президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңеш төрагасы Ахматбек Келдибеков жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов Курманжан датканын 200 жылдык мааракесинде. Бишкек, 2011-жылдын 7-октябры.

Президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңеш төрагасы Ахматбек Келдибеков жана премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов Курманжан датканын 200 жылдык мааракесинде. Бишкек, 2011-жылдын 7-октябры.

Талапкерлер үгүт өнөктүгүн жүргүзүүдө. Жогорку Кеңеш менен президенттин ортосундагы тартыш уланды.

Орус өкмөт башчысы Евразия экономикалык биримдигин түзүү демилгесин көтөрүп чыкты.

Төрт багыттагы күрөш

Президенттик шайлоонун алдында Кыргызстанда саясий күрөш күч алды. Күрөш төрт багытта баратат. Биринчи жана борбордук багыт президенттикке талапкерлер ортосундагы таймаш. Мына ушул багыттагы күрөш жана анын жыйынтыгына жараша мамлекет башчысы эле эмес, коалициядагы өзгөрүүлөрдүн мүмкүндүгү парламенттеги күчтөрдү да оргу-баргы кадамдарга, опурталдуу билдирүүлөргө түртүп, экинчи багыттагы күрөштү жаратууда.

Экинчи багыттагы күрөш парламентте фракциялар ортосунда, президент менен төраганын ортосунда, депутат менен президенттик аппараттын башчысынын ортосунда жүрүүдө. Таймаштын температурасы аябай көтөрүлгөнүн депутат Садыр Жапаровдун президентти кызматтан
кетирүү талабынан байкалып турат:

- Мындан он күн мурда президенттик аппараттын башчысын кызматтан четтетүү боюнча токтом кабыл алып, президентке жөнөткөнбүз. Бүгүнкү күнгө чейин аткарылган жок. Себеби дегенде булардын апрель окуяларынан бери ичкен-жегени бир болуп калган. Миллиондогон долларларды бир бөлгөн. Ошон үчүн кетирбей отурат. Президентти кызматтан четтетүү боюнча биз, Жогорку Кеңеш чечим кабыл алышыбыз керек. Бизге Конституциянын 74-беренеси ошондой укук берет.

Өз кезегинде президенттик аппараттын башчысы Эмилбек Каптагаев мындай сөздөрдү тантырактык катары баалады.

Президенттике талапкерлер аймактарда үгүт иштерин жүргүзүп жүрүшөт. Аймактардагы жан-талашкан, айыгышкан күрөш баннерлерди бузуу жана кара пиарлар менен коштолууда. Маселен, талапкер Адахан Мадумаровдун бир нече көрнөктөрү бузулуп, жараксыз кылынган.

Үчүнчү багыттагы күрөш көчөдө орун алууда. Президент жана парламенттеги күчтөрдүн ортосунда сот бийлигин көзөмөлдөө үчүн күрөш айыгышкан мүнөзгө өтүп, ал көчөгө чыгып кетти. Бул күрөштүн жүрүшүндө пикетчилер, митингчилер 6-октябрда Акүйдү камоого алышып, депутаттарды, министрлерди Жогорку Кеңештин сессиясына киргизбей коюшту. Тартип коргоо органдары ага тоскоолдук жасай алган жок. Байкоочу гана болуп калышты.

Мына ошондуктан төрага парламенттин өзүнүн коопсуздук кызматын түзүү демилгесин колдоого алды. Көчөгө жайылган күрөштө Акүйдү камалоо менен бирге парламентти таркатуу ураандары да чакырыла баштады. Бул президенттик шайлоодон кийин бийлик каалагандай жаңы коалиция түзүлбөсө, анда парламент таркатылат деген түкшүмөлдөрдү бекемдөөдө.

Муну депутат Өмүрбек Абдырахманов да байкаганын ачктады:

-Ушул азыр өкмөттүн тегерегиндегилердин парламентти таркатуу боюнча планы бар экенин бир гезит жазып чыккан эле. Аны тамаша катары жазылган деп койгон элем. Бирок акыркы кездеги фактылардын баары ошондой сценарийдин иштей баштаганынан кабар бергендей.

Кылмыштуу дүйнө да дүргүү алдында...



Камчы Көлбаев

Камчы Көлбаев

Төртүнчү багыттагы күрөш кандуу болушу ыктымал. Бул Кыргызстандын кылмыш дүйнөсүнүн дөө-шааларынын ортосундагы күрөш. Белгилүү болгондой мурунку бийлик менен “тил табышып” келген, Кыргызстан кылмыш дүйнөсүнүн “аталыгы” катары аталган Камчы Көлбаев апрель ыңкылабынан кийин жакын жан-жөкөрлөрү менен өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон.

Буга азыркы өкмөттүн кылмыш дүйнөсүнө согуш жарыялап, бир топ адамдарды камакка алуусу себеп болгон. Бирок согуш бардык криминалдык дүйнөгө эмес, алардын кайсы бир тобуна гана жарыяланган экен. Бул көп өтпөй “Водолаз” аттуу каймана аты бар Максат Абакировдун абактан чыгарылып, ал өзүн Кыргызстандын жаңы “кожоюуну” катары сезе башташы менен айкын болду.
Бул албетте, Камчы Көлбаевдин жообун жараткандай. Жооп Көлбаевдин Кыргызстанга кайтуусу болчудай. Аны адвокат Икрамидин Айткулов жарыя кылды:

- Бул жакта аны камакка алуу туурасында соттун санкциясы бар болгонуна карабастан учуп келе жатат. Көлбаев Эмиратка кеткенден кийин ага уюшкан кылмыштуу топ түзгөн деген шек менен сыртынан айыбы угузулуп, кармалса камакка алуу чечими чыгарылган болчу. Ал өзү жок учурда бул жакта ага карата козголгон кылмыш иши боюнча суроолорго жооп берүүгө даяр экендигин мага телефон аркылуу айтты.

Милиция өз кезегинде Камчы Көлбаев Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын талабы боюнча экстрадицияланып келатканын билдирүүдө.

Камчы Көлбаев менен Максат Абакировдун ортосундагы “так талашуу” кылмыш дүйнөсүндө кандуу тирешүүлөр менен коштолушу мүмкүн.

Максат Абакиров

Максат Абакиров

Акаевдин мезгилинде көп жыл абакта отуруу менен кылмыш дүйнөсүнүн “сырын” билип калган белгилүү саясатчы Топчубек Тургуналиев Көлбаев менен Абакировдун тобунун ортосунда тирешүү болуш мүмкүндүгүн четке какпайт:

- Тирешүү болушу мүмкүн. Ооба, андай болушу мүмкүн. Булар кээде ооз экиден куралга өтүшөт да.

Ошентип, Кыргызстан президенттик шайлоонун алында бардык күчтөр кыймылга келип, кошуна мамлекеттер кайрадан чочуркай карай баштады. Маселен, Казакстан Кыргызстандагы шайлоо алдында кайрадан чек арасын жабарын соодагерлер айтып, эмитен эле камтама болушууда.


Жаңы демилге - жаңы таймашуу


3-октябрда орус өкмөт башчысы Владимир Путин Евразия экономикалык биримдигин түзүү демилгесин көтөрүп чыкты. Путиндин жардамчыларынын айтымында, келерки жылы март айында ал кайрадан орус президенти болуп шайланып калса, жаңы мөөнөттөгү анын негизги максаттарынын бири Евразия экономикалык биримдигин түзүү болуп калмакчы. Путиндин айтымында, бул биримдикти адегенде Беларус, Орусия жана Казакстан түзөт. Андан кийин Кыргызстан жана Тажикстан кошулат. Евразия экономикалык биримдиги Европа Биримдигинин үлгүсүндө түзүлүп, келечекте бирдиктүү валютага ээ болуп, Азия чөлкөмү менен Европа биримдигинин ортсоунда өзүнүн ордуна ээ болуш керек.

Кыргызстан өкмөтү Бажы биримдигине кирүү ниети менен келечекте Евразия экономикалык биримдигине кирүүгө макулдугун берип турган чагы. Бирок Владимир Путиндин демилгеси канчалык турмушка ашууга мүмкүнчүлүгү бар? Ага канча убакыт керек деген суроого талдоочу Турат Акимов мындай жооп берди:

- Азыр эрте. Буга бери дегенде беш-алты жыл керек. Анткени бүт
мамлекеттер ревизия жүргүзүп, келишим түзүлүш керек. Кайсы мамлекет кандай формада иштешет? Бажы биримдигине киреби-кирбейби? Анан биз ар кандай экономикалык форматта иштеп жатабыз. Бир мамлекет Дүйнөлүк соода уюмунда иштеп жатат, бир мамлекет Бажы биримдигинде иштеп жатат. Мунун баары диверсификацияланып, саналып бүткүчө жок дегенде 5 жыл өтөт. Мунун баары тышкы иштер министрлигинен сырткары бүт экономисттердин баары эсептеп, премьер-министрлер деңгээлинде министрлер кеңеши түзүлүш керек. Ошондуктан бул азыр саясий билдирүү түрүндө гана. Анткени бир да институту түзүлө элек.

Турат Акимовдун пикиринде, Кытайдын экономикалык жана бардык тараптан күчтөнүшү Орусияны өз кызыкчылыгындагы аймактарды кучагына бекемирээк тартууга мажбур кылууда.

Кошмо Штаттар да жөн жаткан жок

Орусия өкмөт башчысынын сунушуна тушташ Кошмо Штаттар да Борбор Азия регионуна кызматташуу концепциясын сунуш кылды. Ал “Жаңы жибек жолу” деп аталат. АКШнын мамлекеттик департаментинин Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүлү Марк Гроссман бейшемби күнү Бишкекте болуп, мына ушул концепцияны президент Роза Отунбаевага сунуштаган. Концепция президент Отунбаеванын колдоосуна ээ болгонун Гроссман билдирди:

- “Жаңы жибек жолу” концепциясы келечек үчүн жасалган нерсе. Аны кыргыз президенти колдоого алганы үчүн мен абдан ыраазы болдум. Жаңы концепцияга ылайык ишкерлер кең региондо иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алат. Бул концепцияны аткаруу үчүн коопсуздук камсыздалыш керек. Аны менен ишкерлерге мыкты шарт түзүлөт.

Кошмо Штаттардын бул концепцияны турмушка ашырууга мүмкүнчүлүгү кеңири. Ал үчүн ноябрда Стамбулда, декабрда Германияда эл аралык конференциялар уюштурулат. Ал конференцияларда жаңы концепция менен катар 2014-жылдан тарта АКШ аскерлери Ооганстандан чыгарыла баштагандан кийинки кырдаал, Вашингтон менен Кабулдун кызматташуусунун жаңы статусу талкууланмакчы.

АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушууда. Нью-Йорк, 2011-жылдын 19-сентябры.

АКШ Мамкатчысы Хиллари Клинтон Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушууда. Нью-Йорк, 2011-жылдын 19-сентябры.

Ошентип, Кошмо Штаттар да Борбор Азия регионунда Ооганстанды кошуу менен транспорттук, экономикалык кызматташуу алкагын түзүүгө киришүүдө.

Орусия жана Кошмо Штаттардын долбоорлору региондогу кызматташууларды эриш-аркак өнүктүрүүгө салым кошобу, же атаандашты пайда кылабы аны мезгил көрсөтөт. Бирок азыркы мезгилде эле бул долбоорлорду аткарууда Орто Азиядагы кошуна өлкөлөр эки багытта кетээри айкын болууда. Анткени Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан Бажы биримдигине кирүү менен Евразия экономикалык биримдигине карай кадам таштаса, Өзбекстан, Түркмөнстан өзгөчө пикирде калууда. Ал эмес Ташкен менен Вашингтондун акыркы мезгилде жакындашып баратканына баары күбө болууда.


Бюджет бүтүнбү?

Бул жумада Жогорку Кеңеш келерки жылдын бюджет долбоорун карай баштады. Адегенде парламенттеги бюджет жана финансы комитети маселени караса, 5-октябрда бюджет боюнча парламенттик угуулар өткөрүлдү. Ага жарандык коомдун өкүлдөрү, көз карандысыз экономисттер катышты. Анда келерки жылдын бюджетине карата олуттуу сындар айтылды. Ал сындардын негизгиси келерки жылдын бюджети да мурунку жылдардын бюджеттеринин көчүрмөсү катары аталышы болду. Дагы бир сын бюджеттин олуттуу бөлүгү аткаминерлерди каржылоого кетишине байланыштуу болду.

Депутаттардын айтымында, кирешеси 71.6 млрд. сом деп белгиленип жаткан республикалык бюджеттин 23 млрд. сомдон ашууну чиновниктерге бурулуп жатат. Парламенттин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Айнуру Алтыбаева буларды айтат:

- Өзгөчөлүгү эч кандай деле жок. Кайра эле мамлекеттик кызматка
аябай көп акча бөлүнгөн. Жалпысынан 23.5 млрд. сом каралган. Бул 2011-жылга салыштырмалуу өскөн. Жалпы чыгашанын 29.7% түздү. Бул абдан чоң параметрлер. Кыскача айтканда, бүт бюджет түшкөн акчанын 30% мамлекеттик чиновниктерге кетип жатканын билдирет.

Өз кезегинде каржы министрлиги Ички дүң продукты келерки жылы 2011-жылга салыштырмалуу 50 млрд. сомго, салык 10 млрд. сомго көбөйөрүн айтууда. Каржы министрлигинин бюджет башкармалыгынын жетекчилеринин бири Алмаз Бакетаев:

- Таза салыктан түшкөн кирешелерди ала турган болсок, быйыл 51 млрд. сом болсо, келерки жылы 61 млрд. сом болуп жатат. Салык 10 млрд. сомго өсүп жатат.

Келерки жылдын бюджети тууралуу каржы министринин орун басары Арзыбек Кожошев маалымат берди. Анын негизги өзгөчөлүгү катары келерки жылдан баштап бир катар салыктар жеригликтүү бюджетке түшүүсүн атады. Маселен, кен байлыктарды иштетүүдөн түшкөн салыктан 50% , киреше салыгы жана патенттен алына турган каражат жергиликтүү бюджетте калат. Келерки жылдын бюджет параметрлери тууралуу Кожошев буларды айтты:

-2012-жылдын бюджетинин негизги параметрлерин карап көрсөк, Республикалык бюджеттин кирешеси 71 млрд. 600 млн. сом деп каралууда. Чыгашалар 89 млрд. 600 млн. сом деп эсептелүүдө. Тартыштык 18 млрд. сом болот. Бул ИДПга карата 5.9% түзөт. Макулдашылган саясаттын негизинде инфляция 9% тегерегинде болот.

Каржы министрлиги парламентке жөнөткөн долбоор ушундай болууда. Бул параметрлер жана беренелер боюнча бөлүнгөн каражаттардын көлөмү Жогорку Кеңеште талкуулар учурунда көп эмес өзгөрүүлөргө дуушар болушу мүмкүн.

Өкмөт келерки жылы эконмикада өсүш болоорун болжоп жатат. Эл аралык каржы уюмдары да Кыргызстан экономикасы 5.5% тегерегинде өсөөрүн күтүп жатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG