Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:52

24-февралга аба ырайы


Жумгал районунан тартылган сүрөт.
Жумгал районунан тартылган сүрөт.

Жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучу жогору. Жолдорго кар күрткүсү топтолуп, муз тоңот. Мындай абал апта соңуна чейин сакталат. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керек.

24-февралда жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундуна 1-6 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз +8...+13,

Талас жергесинде түнкүсүн -3...-8, күндүз +7...+12,

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз +6...+11,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4...-9, күндүз +1...+6,

Нарын облусунда түнкүсүн -21...-26, күндүз -8...-13.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Жолдорго муз тоңот. Түнкүсүн -1…-3, күндүз +10…+12 градус жылуу.

XS
SM
MD
LG