Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Бишкек мэриясы жазга даярдык көрүүдө


Тазалоо иштери
Тазалоо иштери

Бишкек мэриясынын “Зеленстрой” ишканасы жазга даярдык иштерин баштады. Дарактардын ашыкча бутактары кесилип, арыктар тазаланып жатканын шаар акимчилигинин басма сөз кызматы кабарлады. Алгачкы жумуштар кол күчү менен жасалууда.

Мэрия курулуш фирмаларына, дүкөн ээлерине жана башка ишкерлерге, жашоочуларга кайрылып, тазалоо иштерин түшүнүү менен кабыл алууга, ашыкча таштандыларды арыктарга таштабоого чакырды.

Дарактарды бутоо жана суу жолдорун ачуу боюнча төмөнкү адистерге кайрылуу керек:

Жалпы номур: 185, 0554182185

Аскат Карынбаев, Ленин району — 0 557-99-79-27;

Таалайбек Акматбаев, Октябрь району — 0554-95-55-09;

Руслан Шарапов, Биринчи Май району — 0558-33-66-40;

Марат Матмусаев, Cвердлов району — 0555-44-71-54. (SE)

XS
SM
MD
LG